Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Жөн эле доспузбу же сүйүп калдымбы? (2-бөлүк) Өзүмөн кетип жаткан жокпу?

Жөн эле доспузбу же сүйүп калдымбы? (2-бөлүк) Өзүмөн кетип жаткан жокпу?

 Досуң сүйлөшкүсү келгенде аны укканга даяр болгонуң жакшы. Акыркы маалдарда аны менен өтө эле көп сүйлөшө баштадың дейли. Эгер ал карама-каршы жыныстагы адам болсо, бул көйгөй жаратышы мүмкүн. Сен: «Биз жөн эле доспуз»,— деп айтышың ыктымал. Тиги да ошондой ойдо деп ойлойсуң. Эмнелер жөнүндө ойлонуп көргөнүң жакшы?

 Эмне болуп кетиши мүмкүн?

 Кыздар менен балдардын дос болгонунун эч жаман жери жок. Анткен менен бирөө менен жакыныраак боло баштасаң, эмне болушу мүмкүн? Ал: «Мени жакшы көрүп калган окшойт»,— деп ойлошу ыктымал.

 Сен анын ушинтип ойлоп калышын каалайсыңбы? Абайлабасаң, эмне болуп кетиши мүмкүн экенин карап көрөлү.

  •   Өтө эле көп көңүл бурасың.

     «Кимдир бирөөнүн сезимдерин ооздуктай албайсың. Ошон үчүн жөн эле доспуз да деп коюп, кайра-кайра чала бербе, көп сүйлөшпө. Бул отко май чачканга эле тете» (Сиерра).

  •   Анын көңүлүнө карап, жооп бере бересиң.

     «Бир кыздын жайнаган SMSтерине жооп бере берчүмүн, бирок өзүм биринчи жазчу эмесмин. Кийин ага жөн эле досум деп эсептеп жүргөнүмдү түшүндүрө албай эсим ооду» (Ричард).

  •   Анын көңүл бурганын жактырасың.

     «Айрымдар тийишкенди тамаша көрүшөт. Кыз-жигит болуп сүйлөшөйүн деген ою жок болсо деле, башкалардын сезимдери менен ойной беришет. Мындайды көп көрдүм. Кимдир бирөө сөзсүз жабыр тартат» (Тамара).

 Жыйынтык. Кимдир бирөөгө көңүл бурсаң, дайыма сүйлөшсөң, ал «мени жактырат окшойт» деп ойлоп калат.

 Эмне үчүн буга олуттуу маани беришиң керек?

  •   Башка бирөөнүн жүрөгүн жаралап коёсуң.

     Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Көпкө чейин ишке ашпаган үмүт жүрөк оорутат» (Накыл сөздөр 13:12). Кимдир бирөө сени жактыргандай мамиле кыла берсе, эмнеден үмүттөнө баштайсың?

     «Кайырмакка илинген балыкты же тартып албай, же коё бербей коёгондой болуп, кимдир бирөөнү кайырмакка илип алышың мүмкүн. Кыз-жигит болуп сүйлөшөйүн деген ниетиң жок эле кимдир бирөөнү кайырмакка илип алсаң, аны кыйнап коёсуң» (Жессика).

  •   Жаман атка коносуң.

     Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула» (Филипиликтер 2:4). Өзүн эле ойлогон кишиге кандай сыпаттама берет элең? Ал кандай атка конот?

     «Кыздарга тийише берген балдар такыр жакпайт. Кийин андай балдардын жубайына берилгендик сакташы күмөн. Өзүнө жагып жатканы үчүн эле башка бирөөнүн сезимдери менен ойноо өзүмчүлдүккө жатат» (Жулия).

 Жыйынтык. Кыз-жигит болуп сүйлөшөйүн деген ниети жок эле бирөөгө орунсуз көңүл бура бергендер өзүн да, аны да кыйнап коёт.

 Эмне кылсаң болот?

  •   Ыйык Китепте «жаштарды бир туугандардай», «кыз-келиндерди эже-карындаштардай» көрүп, аларга «бийик адеп-ахлактуулук менен» мамиле кылышыбыз керектиги айтылат (1 Тиметей 5:1, 2). Ушул кеңешке ылайык иш кылсаң, жаңылбайсың.

     «Күйөөм бар болсо, башка бирөөнүн жолдошуна тийишмек эмесмин. Бойдок кезде эле эркек кишиге туура мамиле кылганды үйрөнгөн жакшы деп эсептейм» (Лия).

  •   Ыйык Китепте: «Көп сүйлөгөн күнөөгө батпай койбойт»,— делет (Накыл сөздөр 10:19). Бул принципти сүйлөшкөндө эле эмес, жазышканда да эстен чыгарба. Канчалык бат-баттан жана эмне деп жазып жатканыңа да көңүл бур.

     «Кайсы бир кызга сөз айтайын деген оюң жок болсо, ага күндө эле жаза бербе» (Бриан).

  •   Ыйык Китепте: «Жогорудан келген акылмандык баарынан мурда таза»,— деп жазылат (Жакып 3:17). Кимдир бирөөнү жөн эле дос катары кучактаган менен, аны жактырып жаткандагыдай кучактагандын айырмасы бар.

     «Балдар менен сүйлөшкөндө сөздүн түз маанисинде да, каймана мааниде да аралыкты сактайм» (Мария).

 Жыйынтык. Карама-каршы жыныстагыларга кандай мамиле кыларың жөнүндө жакшылап ойлонуп көр. «Жакшы дос табыш оңой эмес. Ага туура эмес мамиле кылып алып, достук мамилеңди бузуп алгың келбейт»,— дейт Женнифер.

 Кеңеш

  •    Башкалардын эмне деп жатканына көңүл бур. Кимдир бирөөнүн: «Тиги экөөңөр сүйлөшүп жатасыңарбы?» — деп сураганы өтө эле жакын болуп кеткениңердин белгиси болушу мүмкүн.

  •    Карама-каршы жыныстагы досторуңа бирдей мамиле кыл. Бирөөнө башкалардан өзгөчө мамиле кылба.

  •   SMS жазышканда сак бол. Канчалык бат-баттан, эмне деп, кайсы маалда жазып жатканыңа көңүл бур. «Балдарга түн жарымда SMS жазган туура эмес»,— дейт Алисса.