кыргыз
Эмне үчүн чет тилди үйрөнгөн жакшы?
https://cms-imgp.jw-cdn.org/img/p/502017106/univ/art/502017106_univ_sqr_xl.jpg
ijwyp 62-макала

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Эмне үчүн чет тилди үйрөнгөн жакшы?

Эмне үчүн чет тилди үйрөнгөн жакшы?

 Чет тилди үйрөнүп жатканда момундугуң, эркиң канчалык күчтүү экени сыналат. Тил үйрөнүүгө күч жумшаганыңдын пайдасы барбы? Көп жаштар буга ооба деп жооп беришет. Бул макалада алардын эмне үчүн башка тилди үйрөнүп жатканы талкууланат.

 Эмне үчүн чет тилди үйрөнүшөт?

 Көптөр башка тилди мектепте талап кылынганы үчүн үйрөнүшөт. Башкалар кайсы бир нерсе түрткү бергендиктен үйрөнүшөт. Мисалы:

  •   Австралиялык Анна деген кыз апасынын эне тилин, латыш тилин, үйрөнүүнү чечкен. «Үй-бүлөбүз менен Латвияга барайын деп жатабыз. Ал жактан туугандарым менен сүйлөшө алышым үчүн латыш тилин үйрөнөйүн дедим»,— дейт Анна.

  •   Жина — Жахабанын Күбөсү. Ал америка жаңдоо тилин үйрөнгөн жана көбүрөөк кабар айтыш үчүн Кошмо Штаттардан Белизге көчүп барган. Ал мындай дейт: «Бири-бири менен пикирлеше ала турган кулагы укпаган адамдар аябай эле аз. Аларга Ыйык Китептеги чындыкты айтыш үчүн атайын жаңдоо тилин үйрөнгөнүмдү айтканда, абдан ыраазы болушат».

 Билесиңерби? Ыйык Китепте Падышалык жөнүндөгү жакшы кабардын «бардык улуттарга, урууларга, тилдерге жана элдерге» таратылары айтылган (Аян 14:6). Жахабанын Күбөлөрү болгон көптөгөн жаштар өз өлкөсүндө же башка өлкөдө көбүрөөк кабар айтыш үчүн башка тилдерди үйрөнүп, бул пайгамбарлык сөздүн аткарылышына зор салым кошуп жатышат.

 Кандай кыйынчылыктары бар?

 Башка тилди үйрөнүү оңой эмес. «Мен жөн эле жаңы сөздөрдү үйрөнөм деп ойлогом. Көрсө, тил үйрөнүү ошол элдин маданиятын, ой жүгүртүүсүн да үйрөнүүнү камтыйт экен. Буга көп убакыт керек»,— дейт Коррина.

 Чет тилди үйрөнүш үчүн момун болуу да зарыл. Испан тилин үйрөнүп жаткан Жеймс мындай дейт: «Толтура ката кетиресиң. Андайда күлүп коюп, андан ары уланта беришиң керек. Бул деле тил үйрөнүүнүн бир бөлүгү болуп эсептелет».

 Жыйынтык. Тил үйрөнүп жатканда кабылган кыйынчылыктарга багынбай кете берсең, ийгиликке жетесиң.

 Кеңеш. Башкалар сенден тезирээк үйрөнүп жатышса, көңүлүңдү чөгөрбө. Ыйык Китепте: «Ар ким өзүнүн иштерин текшерсин, ошондо ал өзүн башкаларга салыштырбай, өз иштерине кубанат»,— деп айтылат (Галатиялыктар 6:4).

 Кандай пайдасы бар?

 Башка тилди үйрөнүүнүн көп пайдасы бар. Мисалы, Оливия деген өспүрүм кыз мындай дейт: «Чет тилди үйрөнүп жатканда жүрөгүңдү кенен ачып, көп досторду табасың».

 Ал эми Мэри деген өспүрүм кыз башка тил үйрөнүп жатканда эркинин күчтүү экенин көрүп сүйүнгөн. Ал: «Негизи, өзүмдүн кылгандарым өзүмө көп деле жакпайт. Бирок улам жаңы сөз жаттаган сайын сүйүнө берем. Мунун аркасында кылган ишиме кубанып, канааттанып калам»,— дейт.

 Жогоруда сөз кылынган Жина Ыйык Китептеги кабарды башкаларга жаңдоо тилинде айтканда кызматынан көбүрөөк кубаныч алганын байкаган. Ал: «Кулагы укпагандар менен сүйлөшүп, кабарды алардын эне тилинде айтканда жүздөрүнөн нур жана түшөт. Ошондо аябай сүйүнөм»,— дейт.

 Жыйынтык. Чет тилди үйрөнүүнүн аркасында жаңы досторду табасың, эркиңдин күчтүү экенин көрүп сүйүнөсүң жана кызматыңан канааттануу аласың. Башка тилдерди үйрөнүү — «ар бир элден, уруудан, улуттан чыккан, ар кандай тилдерде сүйлөгөн... адамдарга» жакшы кабарды жеткирүүнүн маанилүү жолу (Аян 7:9).