Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Жыныстык мамиле жөнүндө ойлоно бербеш үчүн эмне кылсам болот?

Жыныстык мамиле жөнүндө ойлоно бербеш үчүн эмне кылсам болот?

«Туруп туруп эле жыныстык мамиле жөнүндөгү ойлор келе берет. Анан жалаң эле ошол тууралуу ойлонуп калам. Андай учурда кимдир бирөө ойлорумду башкарып алгандай сезилет» (Вера).

«Жыныстык мамиле жөнүндөгү ойлорду башкарганга караганда, колумду жайып, учуп кеткеним оңойдой көрүнөт» (Жон).

Сен да Вераныкындай же Жондукундай сезимде болосуңбу? Ошондой болсо, бул макалада жазылгандар сага жардам берет.

 Эмне үчүн жыныстык мамиле жөнүндө ойлоно бербеш керек?

«Таякем эгер Кудай жыныстык каалообузду канааттандырышыбызды каалабаса, бизге андай каалоону бермек эместигин айткан»,— дейт Алекс деген жигит.

Алекстин таякесинин айткандары бир чети туура. Кудай бизди жыныстык каалоо менен жараткан. Мунун себеби бар. Эгер адамга тукум улоо жөндөмү берилбесе, адамзат болмок эмес. Анда эмне үчүн жыныстык мамиле жөнүндө ойлоно бербешиң керек? Мунун төмөнкүдөй эки себеби бар:

  • Ыйык Китепте, Кудайдын ой-ниетине ылайык, никеде турган эркек менен аял гана жыныстык мамиледе боло алары айтылат (Башталыш 1:28; 2:24).

    Эгер Кудайдын ушул нормасын бааласаң жана бойдок болсоң, жыныстык мамиле жөнүндө эле ойлоно берүү көңүлүңдү чөгөргөндөн башка пайда алып келбейт. Атүгүл жыныстык катнашка барууга азгырылышың мүмкүн. Андай жаман иш кылгандардын көбү бармагын тиштеп, өкүнүп калганын айтышат.

  • Жыныстык мамиле жөнүндөгү ойлорду башкарганды үйрөнгөнүң, өзүн-өзү кармоо сапатын өрчүткөнгө жардам берет (1 Корунттуктар 9:25).

Бул азыр да, үй-бүлө курганыңда да бактылуу болушуңа шарт түзөт. Бир изилдөө көрсөткөндөй, өзүн кармай билген балдар эр жеткенде ден соолукка, акча-каражатка жана мыйзамдарга баш ийүүгө байланыштуу көйгөйлөргө азыраак кабылат *.

 Бул эмне үчүн кыйынга турат?

Айланабыздагы адамдар жыныстык мамиле жөнүндө көп сүйлөшөт. Ошондой эле жаш куракта гормоналдык өзгөрүүлөр болот. Булар акылыңды таза сактоого тоскоолдук кылат.

«Телеберүүлөрдө, кинолордо никеге чейинки жыныстык мамиленин зыяны жоктой, атүгүл жагымдуу нерседей болуп көрсөтүлөт. Никеде турбагандардын жыныстык мамиледе болушу кесепеттүү эместей болуп көрсөтүлгөндүктөн, адеп-ахлаксыз, жаман ойлорго оңой эле алдырып коёсуң» (Рут).

«Жумушумдагылар жыныстык мамиле жөнүндө көп сүйлөшкөндүктөн, бара-бара мен да кызыга баштадым. Жыныстык адеп-ахлаксыздык боло жүргөн нерседей сезилип калгандыктан, аны туура эмес нерсе катары көрүү кыйынга тура баштады» (Николь).

«Социалдык тармактардан сүрөттөрдү көрүп жатканда сак болбой каласың. Ыпылас сүрөттөр акылыңда ташка тамга баскандай калып калат» (Мария).

Ушундай нерселерден улам сен да элчи Пабылдыкындай сезимде болушуң мүмкүн. Ал: «Туура нерсени кылгым келгенде, жанымда жаман нерсе турат»,— деп жазган (Римдиктер 7:21).

Ыпылас ойлордун акылыңа уя салып алышына жол бербе

 Эмне кылсаң болот?

Көңүлүңдү башка нерселерге бур. Жыныстык мамиледен башка нерселерге көңүл топто. Бул өз ичине жакшы көргөн нерселериңди, спортту, көнүгүүнү жана башка алаксыта турган иштерди камтышы мүмкүн. «Ыйык Китепти окуу жардам берет,— дейт Валерия деген кыз.— Ал жакта Кудай тууралуу жазылган. Кудай жөнүндө ой жүгүрткөнүңдө башка нерселер тууралуу ойлонбой каласың».

Жыныстык мамиле жөнүндө ойлонгонуң табигый эле нерсе. Бирок андай ойлорду башкаруу өзүңдүн колуңда. Эгер аларды жакын жуутпаганга чечкиндүү болсоң, сөзсүз жеңе аласың.

«Жыныстык мамиле жөнүндө ойлор келе баштаганда, көңүлүмдү башка нерсеге топтогонго аракет кылам. Ошондой эле буга эмне себеп болуп жатканын аныктайм. Мисалы, ал өчүрүп салышым керек болгон музыка же сүрөт болушу мүмкүн» (Хелена).

Ыйык Китептеги принцип: «Эмне адил, эмне таза болсо,.. ошолор жөнүндө дайыма ой жүгүрткүлө» (Филипиликтер 4:8).

Досторду туура танда. Эгер досторуң жыныстык мамиле жөнүндө эле сүйлөшө берсе, акылыңды таза сактоо кыйын болот.

«Мага ыпылас ойлор менен күрөшүү кыйынга турчу. Буга көбүнчө досторум себеп болчу. Айланаңдагылар жаман ойлорго түрткөн адамдар болсо, оюңдун баары эле ошол болуп калат. Бул болсо сезимдериңди ого бетер күчөтөт» (Сара).

Ыйык Китептеги принцип: «Акылдуулар менен достошкон акылдуу болот, ал эми акылсыздар менен мамилелешкен зыян тартат» (Накыл сөздөр 13:20).

Көңүл ачуунун туура эмес түрлөрүнөн кач. Көңүл ачуунун дээрлик ар бир тармагы жыныстык мамилеге үндөөрү жашыруун эмес. «Мага көбүнчө музыка чоң таасир этет,— дейт Николь.— Ал каалоомду ушунчалык күчөткөндүктөн, башкарылгыс болуп кетет».

«Мен жыныстык мамиле жөнүндөгү тасмаларды, телеберүүлөрдү көрө баштагам. Анан өзүм байкабай эле жыныстык мамиле тууралуу көп ойлончу болдум. Буга эмне себеп болуп жатканын жакшы билчүмүн. Андай тасмаларды, телеберүүлөрдү көрбөй калгандан кийин жыныстык мамиле жөнүндө көп ойлонбой калдым. Көңүл ачуунун түрүн тандай билсең, ыпылас ойлор менен күрөшүү оңоюраак болот» (Жоан).

Ыйык Китептеги принцип: «Араңарда бузуктук, ар кандай ыпыластык же ач көздүк жөнүндө сөз да болбосун» (Эфестиктер 5:3).

Жыйынтык: Айрымдар жыныстык каалоолорду абдан маанилүү деп эсептегендиктен аларды башкарууга умтулбайт, атүгүл башкаруу мүмкүн эмес деп ойлошот. Бирок Ыйык Китепте биздин андай ойлорду башкара аларыбыз айтылат. Бул биздин кылгандарыбыз Кудай үчүн маанилүү экенин далилдеп турат.

Ыйык Китептеги принцип: «Акылыңарга түрткү берүүчү күч менен мындан ары да жаңылангыла» (Эфестиктер 4:23).

^ 16-абз. Бойдок кезиңде өзүн-өзү кармоо сапатын өрчүткөнүң маанилүү. Анткени үй-бүлө курганыңда да бул сапаттын кереги тиет.