ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ
Падышалык залындагы жолугушууларга эмне үчүн баруу керек?
Жахабанын Күбөлөрү «Падышалык залы» деп аталган сыйынуу жайларында жумасына эки жолу жолугушууларды өткөрүшөт. Жолугушуулар кандайча өткөрүлөт жана аларга катышуунун сага кандай пайдасы бар?
Падышалык залындагы жолугушуулар кантип өткөрүлөт?
Падышалык залы — Ыйык Китептин негизинде билим бериле турган жер. Ал жердеги жолугушуулардан эмнелерди билсең болот?
Кудай жөнүндөгү чындыкты билесиң.
Учурда болуп жаткан дүйнөдөгү окуялардын маанисин түшүнөсүң.
Жакшы адам болгонго үйрөнөсүң.
Жакшы досторду табасың.
Билесиңби? Жахабанын Күбөлөрүнүн жолугушуулары өткөрүлгөн жер Падышалык залы деп аталганынын себеби ал жерде негизинен Кудайдын Падышалыгы жөнүндө айтылат (Матай 6:9, 10; 24:14; Лука 4:43).
Жолугушууларга эмне үчүн баруу керек?
Пайдалуу нерселер айтылат. Жахабанын Күбөлөрүнүн жолугушуусунда талкууланган Ыйык Китептеги принциптер сага «акылмандыкка... ээ болууга» жардам берет (Накыл сөздөр 4:5). Анын аркасында жашоодо туура чечимдерди чыгарасың. Ошондой эле төмөндөгү маанилүү суроолорго жооп аласың:
Жолугушууларда төмөнкүдөй темадагы баяндамалар айтылат. Бул жерде алардын айрымдары гана келтирилди:
Эмне үчүн Ыйык Китеп боюнча жашашыбыз керек?
Кыйынчылык учурунда жардамды кайдан ала аласың?
Кудайдын Падышалыгы биз үчүн азыр эмнелерди кылып жатат?
«Бир жолу бир классташым жыйналышка келген. Ал биздин үй-бүлөбүз менен чогуу отурган. Ага китептерибизди берип, чогуу карап отурдук. Жыйналыштан кийин ал бир туугандардын суроо-жооп иретиндеги талкууга катышып жооп бергендери аябай жакканын айткан. Анын чиркөөсүндө биздикиндей китеп-журналдар жок экенин да айткан» (Бренда).
Билесиңби? Падышалык залына кирүү акысыз жана эч кандай акча чогултулбайт.
Жыйналыштагылар менен пикирлешүү сергитет. Ыйык Китепте: «Бири-бирибизди... бекемдейли»,— деп жазылган (Еврейлер 10:24, 25). Ошол себептен Кудайдын эли дайыма чогулуп турат. Азыркы өзүмчүлдүккө үндөгөн дүйнөдө Кудайды биринчи орунга коюп, башкаларга кам көргөн адамдар менен пикирлешүү кадимкидей сергитет.
«Кечинде эч нерсеге көңүлүм келбей, чарчап калам. Бирок Падышалык залына барганда ал жактагылар менен сүйлөшүп, жыргап калам. Жыйналыштан кийин канат байлап, үйгө кубанычтуу кайтам. Кийинки күнгө күч топтогондой сезем» (Элиса).
Билесиңби? Дүйнө жүзү боюнча Жахабанын Күбөлөрүнүн 120 000ден ашуун жыйналышы бар. Алар жолугушууларын 60 000ден ашуун жерде өткөрүшөт. Жолугушууларга барган сайын киши көп келип жаткандыктан, жыл сайын, орто эсеп менен, 1 500дөй Падышалык залы курулууда a.
a Жолугушуулар каякта өткөрүлөрүн билиш үчүн ушул сайттагы «Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыш жолугушуулары» деген бөлүктөн «Өзүңүзгө жакын жерди тандаңыз» дегенди баскыла.

