Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Эмне үчүн чынчыл болуш керек?

Эмне үчүн чынчыл болуш керек?

 Эмне үчүн айрымдар чынчыл эмес?

 Азыркы заманда чынчыл болуунун пайдасы жоктой сезилиши мүмкүн. Айрымдар мындай деп ойлошот:

  •   «Ата-энеме чынын айтып койсом, айрым нерселерге тыюу салып коюшу мүмкүн».

  •   «Бирөөнөн көчүрүп албасам, экзаменден өтпөй калам».

  •   «Бул буюмду уурдап албасам, аны алыш үчүн акча чогултуш керек болуп калат».

 Көптөр: «Алдагандын эч жаман жери жок, азыр баары эле алдайт да»,— деши ыктымал.

 Бирок бул — жаңылыш ой. Көп адамдар, анын ичинде жаштардын көбү чынчыл болуунун пайдасы бар экенине кошулушат. Чынчыл болуу чынында эле пайдалуу. Ыйык Китепте: «Адам эмнени сепсе, ошону орот»,— деп жазылган (Галатиялыктар 6:7). Башкача айтканда, эмне кылбайлы, анын пайдасын көрөбүз же кесепетин тартабыз.

 Анда эмесе, калп айтуунун кесепети кандай болорун көрсөткөн айрым мисалдарга токтололу.

  «Мен бир бала менен сүйлөшүп атканымды жашырып апама калп айтып койгом. Жалган айтып жатканым айдан ачык эле көрүнүп турган. Бирок үчүнчү жолу алдагандан кийин, апам ачууланып, телефон менен сүйлөшкөнгө эки жумага, телевизор көргөнгө бир айга тыюу салып койгон. Ошондон кийин калп айткыс болгом!» (Анита).

 Ойлонуп көр: Анитага апасы кайрадан ишеним арта башташы үчүн, эмне себептен убакыт талап кылынышы мүмкүн?

 Ыйык Китепте мындай делет: «Жалгандыктан баш тарткан соң, мындан ары ар бириңер жакыныңарга чындыкты айткыла» (Эфестиктер 4:25).

  «Бир жолу ата-энеме калп айтып, кылган ишим билинбей калат деп ойлогом, бирок кийин калпым чыгып калган. Баарын оюмдан чыгарып айтып койгондуктан кийин мурда эмне деп айткандарымды унутуп койгом. Башынан чындыкты айтканда, мындай болмок эмес!» (Энтони).

 Ойлонуп көр: Энтони ушундай жагдайдан кантип кача алмак?

 Ыйык Китепте мындай делет: «Жалган сүйлөгөн ооз Жахаба үчүн жийиркеничтүү, ал эми ишенимдүүлүк менен иш кылгандар ага жагат» (Накыл сөздөр 12:22).

  «Менин ойдон чыгарып эле калп айта берген бир курбум бар. Ал көбүртүп-жабыртып жок нерселерди эле айта берет. Мен аны жакшы көрөм, айткандарына деле көп маани бере бербейм. Бирок ага ишеним артыш оңой эмес» (Ивон).

 Ойлонуп көр: Көбүртүп-жабыртып сүйлөгөнү жана калп айтканы Ивондун досунун аброюна кандай таасир этиши мүмкүн?

 Ыйык Китепте мындай делет: «Биз... бардык жагынан чынчыл болууну каалайбыз» (Еврейлер 13:18).

Пайдубалдагы жарака бүт имаратка коркунуч туудургандай эле, чынчыл болбогонуң аброюңа доо кетирет

 Чынчыл болуунун пайдасы

 Эми чынчыл болуунун кандай пайдасы бар экенин карап көрөлү.

  «Бир жолу алдымда бара жаткан аял акчасын түшүрүп алды. Аны токтотуп, акчасын берсем, ал аябай ыраазы болуп: „Чоң рахмат! Азыр сендей чынчыл адамдарды чанда эле кезиктиресиң“,— деди. Ошондо туура иш кылганыма аябай сүйүндүм!» (Вивиан).

 Ойлонуп көр: Эмне үчүн ал аял Вивиандын чынчылдыгына аябай таң калган? Ал эми Вивиан чынчылдыктын аркасында кандай пайда алган?

 Ыйык Китепте мындай делет: «Ар дайым адил иш кылгандар бактылуу» (Забур 106:3).

  «Биз үй-бүлөбүз менен кеңселерди жууп-тазалап иштейбиз. Жерде тыйын жатканын көрүп калсак, ошол жердеги үстөлгө коюп коёбуз. Кеңседе иштеген бир жумушчу биздин ошенткенибизди анча жактыра бербей: „Бул эми жөн эле тыйын да“,— деп айтып калчу. Бирок ошентсе да, бизге ишеним артчу» (Жулиа).

 Ойлонуп көр: Жулиа башка жумушка орношуу үчүн жумуш берүүчүсүнөн мүнөздөмө жазып беришин суранса, анын чынчылдыгынын пайдасы тиеби?

 Ыйык Китепте мындай делет: «Кудайга жаккан,.. аткарган иши үчүн уялбай турган жумушчу болууга колуңан келишинче аракет кыл» (2 Тиметей 2:15).

  «Мага бир жолу 64 сааттык жумуштун маянасынын ордуна 80 сааттык жумуштун маянасын берип коюшуптур. Унчукпай койсом, эч ким деле билбей калмак, бирок анте алган жокмун. Ашык акчаны айлык берген аялга алып барып бергенимде, ал аябай ыраазы болду. Мен иштеген ишкананын иши жакшы жүрөт, бирок ал акчаны кайтарып бербесем, уурдап алган болмокмун» (Бетани).

 Ойлонуп көр: Бирөөнүкүн уурдасаң болбойт, ал эми ишкананыкын уурдасаң, эч нерсе деле болбойт деп ойлоо туурабы?

 Ыйык Китепте мындай делет: «Жахаба арамзадан жийиркенет, ал эми чынчыл адамдар менен жакын мамиледе болот» (Накыл сөздөр 3:32).