Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Тийишкендин эмнеси жаман?

Тийишкендин эмнеси жаман?

 Тийишүү деген эмне?

Айрымдар тийишүү деп жактырып калган бирөөгө сөзүң же иштериң менен ага сезимдериң бар экенин билдирүү деп эсептешет. Жактырып калган бирөөгө сезимдериңди билдиргениң жаманбы? Андай деле эмес. «Сүйлөшө баштоого даяр болсоң жана кимдир бирөөнү жактырып калсаң, сезимдериңди билдирбесең, анын да сени жактырарыңды биле албайсың»,— деп ой бөлүшөт Энн.

Бирок бул макалада сүйлөшө баштоого чындап даяр эмес болсо да, кимдир бирөөнү жактырып калгандай түр көрсөтүү жөнүндө сөз жүрөт.

«Чындап жактырып калганың үчүн өзгөчө мамиле кылганың — бул бир. Бирок жигитти аны жактырып калганыңа ишендирип, анан эч нерсе болбогонсуп, мамилеңди шарт үзүп салганың —такыр башка нерсе» (Диана).

 Айрымдар эмне үчүн тийишишет?

Айрымдар өзүн-өзү сыйлоо сезимин жогорулатыш үчүн тийишишет. «Кимдир бирөөнүн жүрөгүнө чок сала алсаң, андан ары да ошенткиң келе беришиң мүмкүн»,— дейт Хейли деген кыз.

Чындап жактырбай туруп, кыздын же жигиттин сезимдери менен ойногонуң башкалардын сезимдердин такыр сыйлабай турганыңды көрсөтөсүң. Муну атайын кылсаң, мисалы, өзүн-өзү сыйлоо сезимиңди жогорулатыш үчүн кыла турган болсоң, сенин акыл-эстүү экениңе шек туулат. Ыйык Китепте: «Акылсыз акылсыздыкка кубанат»,— делет (Накыл сөздөр 15:21).

Ушул орчундуу себептен улам Хейл: «Кимдир бирөөнүн сезимдери менен ойной баштаганыңдын эч жаман жери жоктой көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул сөзсүз кесепеттүү болот»,— деп кошумчалайт.

 Тийишкендин кандай кооптуу жактары бар?

  • Ар кимге тийише берсең, аброюң түшөт

    «Ар кимге тийише берген кыздарга ишене албайсың, алар — токтоло элек кыздар. Сени алдап жаткандай, сенден кандайдыр бир пайда көрүш үчүн мамилелешип жаткандай сезесиң» (Жереми).

    Ыйык Китепте: «Сүйүү... өз кызыкчылыгын көздөбөйт»,— деп айтылат (1 Корунттуктар 13:4, 5).

    Ойлонуп көр. Кандай сөздөрүңөн же иштериңен ар кимге тийише берген адам катары таанымал болуп калышың мүмкүн?

  • Кимдир бирөөнүн сезимдери менен ойносоң, жүрөгүн жаралайсың

    «Калжаңдаган жигитти көрсөм эле, андан жаа-бою качам. Ага менин ким экеним баары бир, иши кылса, карама-каршы жыныстагы бирөө болсо эле болду дегендей сезилет. Андайлардын чындап менин сезимдерим менен иши да жок. Көңүл ачса эле болду» (Жаклин).

    Ыйык Китепте: «Ар бир адам өзүнүн эмес, башканын пайдасын көздөсүн»,— деп айтылат (1 Корунттуктар 10:24).

    Ойлонуп көр. Кимдир бирөө баш кошууга максаты жок болсо деле, сага көңүл буруп, сени жактырып калгандай түр көрсөткөн учурлар болду беле? Андай ниети жок экенин билгенде кандай сезимде болдуң эле? Канткенде башкалардын жүрөгүн жаралоодон кача аласың?

  • Ар кимге тийише берсең, сени чындап жактырып калган кызды же жигитти качырып иесиң

    «Көрүнгөнгө тийише берген жигитке эч качан турмушка чыкпайт болчумун, атүгүл сүйлөшпөйт да болчумун. Чыныгы жүзүн жашырган жигитке кантип ишенмек элең, кантип таанып-биле алмак элең?» (Оливиа).

    Ыйы Китепте: «Өздөрүнүн ким экенин жашыргандарга кошулган эмесмин»,— деп жазылган (Забур 26:4).

    Ойлонуп көр. Кандай адамга ар кимге тийише берген жагат? Ошондой адамдын сага көңүл бурушун каалайт белең?