Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү
2026-жыл, 2-апрель, бейшемби
Жахабанын Күбөлөрү жылына бир жолу Иса пайгамбардын өлгөн күнүн эскеришет. Муну Иса өзү осуят кылган. Ал: «Муну мени эскериш үчүн кылгыла»,— деген (Лука 22:19).
Силерди үй-бүлөңөр менен чогуу чын жүрөктөн чакырабыз!
Көптөрдү кызыктырган суроолор
Кимдер келсе болот?
Ар бир кишиге эшик ачык. Досторуңар жана үйдөгүлөрүңөр менен келсеңер болот.
Канча убакытка созулат?
1 сааттай болот.
Кайсы жерде өткөрүлөт?
Сиз жашаган аймакта каякта өткөрүлөрүн Жахабанын Күбөлөрүнөн сурап алсаңыз болот.
Катышканым үчүн акча төлөймүнбү? Бул мени бир нерсеге милдеттендирбейби?
Жок.
Акча чогултулабы?
Жок. Биздин жолугушууларыбызда эч кандай акча чогултулбайт (Матай 10:8).
Кийимге байланыштуу кандайдыр бир талаптар барбы?
Жок. Анткен менен Жахабанын Күбөлөрү бул маанилүү аземди жогору баалаарын көрсөткүдөй кийинип келишет.
Эскерүү кечеси кандайча өткөрүлөт?
Жолугушуу ыр менен башталып, ыр менен бүтөт. Андан соң Жахабанын Күбөлөрүнүн бири Кудайга тиленүү менен кайрылат. Эскерүү кечесинде айтыла турган баяндамада Иса пайгамбардын өлүмү эмнеси менен маанилүү экени, Кудай менен Исанын кылган жакшылыгы бизге эмнеси менен пайдалуу экени баса белгиленет.
Көбүрөөк билиш үчүн «Жахабанын Күбөлөрүнүн Мырзанын кечки тамагын белгилегени эмне үчүн башка диндерден айырмаланат?» деген макаланы окуп көргүлө.
Кийинки Эскерүү кечеси качан болот?
2026. 2-апрель, бейшемби
2027. 22-март, дүйшөмбү