Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Канткенде көнүгүү жасоого түрткү алам?

Канткенде көнүгүү жасоого түрткү алам?

 Эмне үчүн көнүгүү жасашым керек?

Айрым жерлерде жаштар аз кыймылдашат. Бул алардын ден соолугуна терс таасир этүүдө. Ыйык Китепте «денени машыктыруунун пайдасы» бар экени жазылганы жөндүү (1 Тиметей 4:8). Төмөндө жазылгандарга токтололу:

  • Көнүгүү өзүңдү жакшы сезгенге жардам берет. Дене тарбия көнүгүүлөрү эндорфиндердин — кубандырган, тынчтандырган сезимди пайда кылуучу мээдеги химиялык заттардын — бөлүнүп чыгышын шарттайт. Айрымдар көнүгүүнү табигый антидепрессант деп аташат.

    «Эртең менен чуркаганымда, ошол күнү көп иш бүтүрөм, кубанычтуу да жүрөм. Чуркаганда көңүлүм көтөрүлүп калат» (Регина).

  • Көнүгүү жасоо келбетиңди жакшыртат. Көнүгүү жасап турсаң, күчтүүрөөк болосуң, келбетиң да жакшырат жана өзүңдү ишенимдүүрөөк сезесиң.

    «Турникке он жолу тартынып калганыма аябай сүйүнөм, бир жыл мурун бирди да тартына алчу эмесмин! Баарынан маанилүүсү, мен ден соолугума кам көрүп жатам» (Оливиа).

  • Көнүгүү жасоо өмүрүңдү узартат. Көп кыймылдоо жүрөк менен дем алуу органдарынын жакшы иштешине өбөлгө түзөт. Аэробика көнүгүүлөрү эркектер менен аялдардын өлүмүнүн негизги себеби болгон коронардык артерия оорусунун алдын алат.

    «Көнүгүү жасоону адат кылып алсак, Жаратканыбыз берген өмүрдү баалаарыбызды көрсөтөбүз» (Жессика).

Жыйынтык. Көнүгүүлөрдү кылып туруу келечекте да, азыр да зор пайдасын тийгизет. «Силер: „Сейилдеп басканыма же чуркаганыма өкүнүп жатам“,— деп эч качан айтпайсыңар. Ар кайсы нерсени шылтоолобой, көнүгүү жасагандан кийин ырас эле жасаптырмын деп сүйүнүп калам»,— дейт Тоня деген жаш кыз.

Эгер машинеңди карабасаң, акыры бузулат. Ошо сыяктуу эле, көнүгүү жасабасаң, ден соолугуң бузулат

 Мага эмне тоскоолдук кылып жатат?

Көнүгүү жасоого булар тоскоолдук кылышы мүмкүн:

  • Түрткү берүүчү себептин жоктугу. «Жаш кезиңде такыр зыян тартпачудай сезилет. Бир күнү ооруп каларың оюңа да келбейт. Оорунун азабын карылар гана тартат деп ойлойсуң» (София).

  • Убакыттын жоктугу. «Убактым тартыш болгондуктан жакшы тамактанганга, жетиштүү уктаганга араң убакыт табам. Көнүгүү жасаганга убакыт табуу андан бетер кыйын» (Кларисса).

  • Машыгуу залына барууга шарттын жоктугу. «Келишимдүү, сымбаттуу болгуң келсе, акча төлөп машыгуу залына барышың керек» (Жина).

Ойлонуп көр:

Көнүгүү жасаганга сага эмне тоскоолдук кылууда? Ал кыйынчылыкты жеңиш үчүн көп күч-аракет жумшашың керек болот, бирок сөзсүз акыбети кайтат.

 Ден соолугумду чыңдай турган көнүгүүлөрдү канткенде кыла алам?

Бул кеңештерди колдонуп көр:

  • Ден соолугуңду чыңдоо жоопкерчилигин ал (Галатиялыктар 6:5).

  • Шылтоо таба берүүдөн кач (Насаатчы 11:4). Мисалы, көнүгүү жасаш үчүн сөзсүз эле машыгуу залына баруунун зарылдыгы жок. Залга барбай эле машыксаң боло турган спорттун түрү көп. Андыктан сага жаккан түрүн тандап алып, ошону менен машыксаң болот.

  • Башкалар менен кеңешип, кантип көнүгүү жасашарын сурап көр (Накыл сөздөр 20:18).

  • График түзүп ал. Максат кой жана түрткү алып туруш үчүн кандай ийгиликтерге жеткениңди жазып тур (Накыл сөздөр 21:5).

  • Чогуу көнүгүү жасаганга бирөөнү таап алсаң болот. Эгер жакшы шеригиң бар болсо, ал сени кубаттап, графигиңе кармана бергенге жардам берет (Насаатчы 4:9, 10).

  • Кээде графигиңе кармана албай калган учурлар болот. Андай тоскоолдукка туш болгондо багынба (Накыл сөздөр 24:10).

 Тең салмактуу бол

Ыйык Китепте эркектердин да, аялдардын да «бардык нерсенин чегин билиши» керектиги айтылат (1 Тиметей 3:2, 11). Ошондуктан көнүгүү жасоодо да тең салмактуу бол. Спорт менен машыгууда аша чаап кетүү акылсыздыкка жатып калат. Жулия деген кыз: «Булчуңдуу, бирок эси жок балдар такыр жакпайт»,— дейт.

Спорт менен керектүүдөн ашыкча машыгууга үндөгөн кеңештерден сак бол. Андай кеңештер ден соолугуңа зыян келтирет жана маанилүү нерселерди баамдабай калышыңа алып келет (Филипиликтер 1:10).

Спорт менен өтө көп машыгууга үндөгөн кеңештер түрткү бербей эле, көңүлүңдү чөгөрөт. Вера деген кыз: «Кыздардын көбү өзү окшошкусу келген адамдардын сүрөттөрүн чогултуп жүрүшөт. Түрткү алыш үчүн ошол сүрөттөрдү карап турушат. Бирок өзүн аларга салыштыра бергендиктен, көңүлү чөгүп калат. Келбетиңди жакшыртууну эмес, ден соолугуңду чыңдоону максат кылганың жакшы»,— дейт.