Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Эмне үчүн дайыма туура эмес сүйлөп алам?

Эмне үчүн дайыма туура эмес сүйлөп алам?

Кээде тилимди тыйып калам, бирок айрым учурларда башым иштебей эле, тилим иштеп кетет (Жеймс).

Катуу тынчсызданганда ойлонбой сүйлөп алам. Өзүмдү эркин сезип турганда болсо көп сүйлөп калам. Иши кылып, качан болсо эле туура эмес сүйлөп басып жүрөм (Мари).

Ыйык Китепте: «Оттун кичинекей эле учкуну чоң токойду өрттөп жок кылат! Ооба, тил — бул от»,— деп жазылган (Жакып 3:5, 6). Тилиңен жаңылган учурларың көп болобу? Ошондой болсо, бул макалада жазылгандар сага чоң жардам берет.

 Эмне үчүн туура эмес сүйлөп алам?

Жеткилеңсиздик. Ыйык Китепте: «Баарыбыз тең көп жаңылабыз. Ким оозунан жаңылбаса, ал — бүт денесин башкара алган жеткилең адам»,— делет (Жакып 3:2). Жеткилеңсиз болгондуктан биз туура эмес иш кылууга эле эмес, туура эмес сүйлөөгө да жакын келебиз.

Мээм да, тилим да жеткилеңсиз болгондуктан, аларды толук башкара алам дегеним акылсыздык болуп калмак (Анна).

Өтө көп сүйлөө. Ыйык Китепте: «Көп сүйлөгөн күнөөгө батпай койбойт»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 10:19). Башкаларды укпай, өтө көп сүйлөгөн адамдар жүрөк ооруткан сөздөрдү айтып алышы мүмкүн.

Адам көп сүйлөсө эле ал сөзсүз акылдуу деп айтууга болбойт. Иса тарыхтагы эң акылдуу киши болсо да, кээде унчукчу эмес (Жулиа).

Какшык. Ыйык Китепте: «Кай бирөө ойлонбой сүйлөп, кылычтай жаралайт»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 12:18). Ойлонбой айтылган сөздөрдүн катарына какшык — бирөөнү басынтып, чымчып сүйлөгөн сөздөр — кирет. Какшыктаган киши: «Жөн эле тамашалап койдум»,— деши мүмкүн. Бирок башка бирөөнү басынтуу тамашага жатпайт. Ыйык Китепте: «Кемсинтерлик сөздөрдөн, ошондой эле бардык зыяндуу нерселерден арылгыла»,— деп жазылган (Эфестиктер 4:31).

Акылдуу, тамашакөй болгонго аракет кылып жатып көп учурда бирөөлөрдү какшыктап сүйлөп алам (Оксана).

Сыгылып калган тиш пастаны кайра идишине сала албаган сыңары, ооздон чыккан сөздү артка кайрый албайсың

 Тилди тыя билүү

Тилди тыя билүү оңойго турбашы мүмкүн, бирок бул жагынан Ыйык Китептеги принциптер жардам берет. Мисалы, төмөнкүлөрдү карап көрөлү.

«Сөзүңөрдү... ичиңерден айтып алгыла да, унчукпагыла» (Забур 4:4).

Кээде жооп кайтарбай эле койгон туура болот. Лаура деген кыз: «Ачууланып турганда башкача, баары өтүп кеткенден кийин башкача сезимде болорумду байкагам. Ачуум тараганда, жиним менен оюмдагынын баарын айтып салбаганыма сүйүнөм»,— дейт. Атүгүл бир нече эле секунд унчукпай коюу туура эмес сүйлөп алгандан сактайт.

«Сөздү айырмалаган кулак эмеспи? Тамактын даамын сезген таңдай эмеспи?» (Аюп 12:11).

Бир нерсе айтардан мурун төмөнкү суроолор жөнүндө ойлонсоң, көп көйгөйдөн алыс болосуң:

  • Бул туурабы? Боорукердикке жатабы? Зарылбы? (Римдиктер 14:19).

  • Муну мага башка бирөө айтса, кандай сезимде болот элем? (Матай 7:12).

  • Бул башка бирөөнүн көз карашын сыйлагандыкка жатабы? (Римдиктер 12:10).

  • Муну айтканым азыр ылайыктуубу? (Насаатчы 3:7).

«Момундук менен башкаларды өзүңөрдөн жогору көргүлө» (Филипиликтер 2:3).

Бул кеңеш сага башка бирөөлөр жөнүндө жакшы ойдо болууга жардам берет. Мунун аркасында тилиңди тыйып, ойлонуп сүйлөйсүң. Атүгүл кеч болуп, жаралаган сөздөрдү айтып алсаң да, момундук кечирим суроого түрткү берет. Муну, мүмкүн болсо, эртерээк кыл (Матай 5:23, 24). Андан соң тилиңди тыя билгенге бүт күчүңдү жумша.