Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Ыйык Китепти окуу мага кандайча жардам бериши мүмкүн? (1-бөлүк) Ыйык Китебиңе «саякат» жаса

Ыйык Китепти окуу мага кандайча жардам бериши мүмкүн? (1-бөлүк) Ыйык Китебиңе «саякат» жаса

 «Ыйык Китепти окуганга аракет кылып көргөм, бирок анын калыңдыгын көргөндө эле окугум келбей калат» (Бриана, 15 жаш).

 Сен да ушундай сезимде болосуңбу? Анда бул макаладагы кеңештер сага жардам берет.

 Ыйык Китепти эмне үчүн окуш керек?

 Ыйык Китепти окуу сага кызыксыздай сезилеби? Эгер ошондой болсо, анда сени жакшы түшүнөбүз. Балким, сен майда тамгалар менен жазылган, бир да сүрөтү жок, миңдеген беттен турган Ыйык Китепти окугандан көрө, телевизор же тасма көрүү кызыктуураак деп ойлойттурсуң.

 Бирок Ыйык Китепке башкача карап көрсөң да болот. Мисалы, кенч салынган илгерки чоң сандыкты таап алсаң, эмне кылат элең? Ичинде эмне бар болду экен деп ачып көргүң келет беле?

 Ыйык Китепти кенч салынган так ошондой сандык десек болот. Анын ичинде сага керектүү даанышман кеңештер көп. Алардын жардамы менен...

  •   Туура чечим чыгара аласың

  •   Ата-энең менен жакшы тил табышасың

  •   Жакшы досторду табасың

  •   Стрессти оңой көтөрүп кетесиң

 Байыркы убакта жазылган Ыйык Китептеги кеңештерди бүгүн да колдонсо болобу? Ооба, анткени «бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган» (2 Тиметей 3:16). Бул Ыйык Китептеги кеңештер акылмандыгы чексиз Кудайдын өзүнөн экенин билдирет.

Ыйык Китеп даанышман кеңештерге бай. Аны кенч салынган сандыкка салыштырса болот

 Ыйык Китепти кантип окушум керек?

 Ыйык Китепти окуунун биринчи жолу — аны башынан аягына чейин окуп чыгуу. Мунун аркасында Ыйык Китепти жалпы жонунан билип каласың. Ыйык Китепти окуунун жолдору көп. Кел, алардын экөөнү карап көрөлү.

  •    Ыйык Китептеги 66 китепти жайгашкан тартиби боюнча, Башталыштан Аянга чейин, окуп чыксаң болот.

  •    Ыйык Китепти хронологиялык тартипте, башкача айтканда, окуялардын өрчүгөн тартиби боюнча окусаң болот.

 Кеңеш. Иса пайгамбардын жердеги жашоосундагы маанилүү окуяларды хронологиялык тартипте берилген «Жаңы дүйнө котормосундагы» 17-тиркеме боюнча окуп көрсөң болот.

 Экинчи жолу — туш болгон кыйынчылыгыңа жараша белгилүү бир окуяны тандап алып окуу. Мисалы,..

  •   Ишеничтүү досторду тапкың келеби? Анда Дөөтү менен Жонатандын достугу жөнүндөгү билдирүүнү оку (1 Шемуел 18—20-бөлүмдөр). Анан ошол билдирүүдөн эмнелерге үйрөнсөң болорун билиш үчүн «Күзөт мунарасынын» 2011-жылдын 1-октябрындагы санына чыккан «Чыныгы досторду кантип тапса болот?» деген макаладагы тапшырманы аткар.

  •   Азгырыктарга каршы турганды үйрөнгүң келеби? Анда Жусуптун азгырыктарга кантип каршы турганы жөнүндөгү окуяны окуп көр (Башталыш 39-бөлүм). Анан ошол билдирүүдөн эмнелерге үйрөнсөң болорун билиш үчүн сайттагы «Азгырыктарга кантип туруштук берүү керек? Жусуп (1-бөлүк)» (ор.) жана «Жалаа жабылган. Жусуп (2-бөлүк)» (ор) деген иштөө барактарын аткар.

  •   Тиленүү сага кандайча жардам берерин билгиң келеби? Анда Некемия жөнүндөгү окуяны оку (Некемия 2-бөлүм). Анан ошол билдирүүдөн эмнелерге үйрөнсөң болорун билиш үчүн сайттагы «Кудай анын тиленүүсүн уккан» деген иштөө барагын аткар.

 Кеңеш. Ыйык Китепти алаксыбай, көңүл топтоп окуш үчүн тынч жерде отуруп алып оку.

 Үчүнчү жолу — кайсы бир билдирүүнү же забурду тандап алып окуп, ал жерде жазылгандарды кантип колдонсоң болору жөнүндө ой жүгүртүү. Окугандан кийин төмөнкүдөй суроолордун үстүнөн ойлонуп көр:

  •    Жахаба бул билдирүүнү Ыйык Китепке эмне үчүн жаздырып койгон?

  •    Мындан Жахабанын өзү же анын кандай жагдайда кандай иш-аракет кылары жөнүндө эмнелерди билүүгө болот?

  •    Окуп-билгендеримди жашоомдо кантип колдонсом болот?

 Кеңеш. Атайын максат кой. Ыйык Китепти окуй баштай турган күндү белгилеп, сайттагы «Ыйык Китепти окуунун графиги» деп аталган графикти колдонуп көр.