Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Бирөөлөр мени ушактаса, эмне кылганым туура?

Бирөөлөр мени ушактаса, эмне кылганым туура?

 Адамга кандай таасир этет?

 Кээ бир ушак-айың сөздөр, мисалы, атайылап сенин аброюңду түшүрүш үчүн айтылган сөздөр жаныңды кейитип, күйбөгөн жериңди күл кылышы мүмкүн. Бирок анчалыкка чейин жетпесе да, өзүң жөнүндө ушак укканда, өзгөчө, аны сен дос деп эсептеген адамың айтса, аябай жаман болосуң (Забур 55:12—14).

 «Бир жолу досум мени бирөөлөргө „ага өзү эле болсо болду, башкаларды такыр ойлобойт“ деп жамандаптыр. Муну укканда аябай жаман болдум. Эмнеге антип айтты деп ага аябай таң калдым» (Эшли).

 Факт. Ушакты ким таратпасын, жакын досуң болобу же башка бирөөбү, аябай жаман болосуң.

 Колуңан келбеген нерсе — элдин оозун тыюу

 Башкалардын сени кеп кылышына бир нече себеп болушу мүмкүн. Алардын айрымдары булар:

 Адамдардын бири-биринин жашоосуна кызыгышы. Адам баласы табиятынан эле бири-бири менен сүйлөшкөндү жакшы көрүшөт. Ошондуктан бири-бирибиз менен (жана бири-бирибиз жөнүндө) сүйлөшкөнбүз табигый нерсе. Ыйык Китеп да бизди белгилүү бир деңгээлде башкалардын жашоосуна кызыгып турууга үндөйт (Филипиликтер 2:4).

 «Кимдир бирөөнүн жашоосу — эң кызыктуу темалардын бири» (Биянка).

 «Чынын айтсам, кимдир бирөөлөр жөнүндө жаңылык угуу, ал тууралуу башкалар менен сүйлөшүү мен үчүн аябай кызыктуу. Эмне үчүн экенин билбейм, бирок аябай жагат» (Кейти).

 Зериккендик. «Бош убактысын жаңы бир нерсе жөнүндө сүйлөшүү же угуу менен гана өткөргөн» адамдар байыркы учурда эле болгон (Элчилер 17:21). Андай адамдар бүгүн деле бар!

 «Сүйлөшкөнгө кызыктуу кеп-сөз калбай калганда, кээ бирөөлөр кызыктуу „окуяларды“ өздөрү эле ойлоп чыгара башташат» (Иоанна).

 Адамдын өзү жөнүндө төмөн ойдо болушу. Ыйык Китеп бизге өзүбүздү башкалар менен салыштырбашыбыз керектигин бекеринен эскертпейт (Галатиялыктар 6:4). Өкүнүчтүүсү, кээ бирөөлөр өзүн башкалар менен салыштыра бергенинин натыйжасында өздөрүн басынта башташат. Анан ошол сезиминен арылып, өзүн өйдөрөөк сезиш үчүн башкаларды ушакташат.

 «Кимдир бирөөнүн ушак айтканынан анын кандай адам экенин билсе болот. Көп учурда бул көрө албастыктын белгиси болот. Андай адамдар өздөрүн „мен ага караганда жакшымын“ деп ишендирип, өздөрүн жакшыраак сезиш үчүн эле ушак таратышат» (Фил).

 Факт. Сага жакса да, жакпаса да, эл башкалар жөнүндө, анын ичинде сен жөнүндө да дайыма сүйлөшө берет.

 Колуңан келген нерсе — жагдайга туура кароо

 Кааласаң да, каалабасаң да башкалар сени сөз кылышы мүмкүн. Аны сен токтото албайсың. Бирок ошондой жагдайга туура карасаң болот. Анын, бери дегенде, эки жолу бар.

 1-ВАРИАНТ: Маани бербей коюу. Көп учурда өзүң жөнүндөгү ушак-айыңдарды, өзгөчө, эгер ал болбогон эле кеп болсо, кулагыңдын сыртынан кетирип койгонуң жакшы. Ушундай учурда Ыйык Китептеги: «Таарынууга шашпа»,— деген кеңешти колдон (Насаатчы 7:9).

 «Бирөөлөр мени мен өмүрү көрбөгөн бир бала менен сүйлөшүп жүрөт деп ушак чыгарышыптыр. Күлкүнү келтирген андай сөзгө маани деле берген жокмун» (Элис).

 «Ушакка каршы эң жакшы курал — өзүңдү жакшы алып жүрүү. Башкалар сен жөнүндө кандай жалган нерсе айтпасын, жүрүм-турумуң жакшы болсо, ага эч ким деле ишенбейт. Кимдин кандай экени акыры баары бир билинет» (Элисон).

 Кеңеш: Кагазга 1) башкалар сен жөнүндө эмне деп айтып жатышканын; 2) өзүңдү кандай сезип жатканыңды жазып көр. Эгер ушулар жөнүндө ойлонуп, «ичиңен айтып алсаң», ал сөздөргө маани бербей коюу оңоюраак болот (Забур 4:4).

 2-ВАРИАНТ: Ушак тараткан киши менен сүйлөшүү. Эгер кимдир бирөөнүн айтканы көз жумуп коё турган сөз эмес болсо, ал киши менен сүйлөшүп көргөнүң туура болот.

 «Ушак тараткандар менен ачык сүйлөшкөнүңдө алардын айткандары акыры сага да жетерин түшүнүшү мүмкүн. Ачык сүйлөшкөндүн дагы бир жакшы жери, ортодогу түшүнбөстүктөр жоюлуп, ал көйгөй биротоло чечилиши мүмкүн» (Элис).

 Бирок кимдир бирөө менен сүйлөшөр алдында Ыйык Китептеги бул принциптерди карап чыгып, төмөнкү суроолор жөнүндө ойлонуп көр:

  •   «Ким аягына чейин укпай туруп жооп берсе, акылсыздыгын көрсөтөт» (Накыл сөздөр 18:13). «Иштин чоо-жайын толук билемби? Мен жөнүндө ушак уккан киши туура эмес түшүнүп алган жокпу?»

  •   «Ар бир адам укканга даяр болсун, ал эми сүйлөгөнгө, ачууланганга шашпасын» (Жакып 1:19). «Ушак айткан киши менен азыр сүйлөшкөнүм ылайыктуу болобу? Азыр сүйлөшсөм, баарын туура түшүндүрүп бере аламбы? Же ачуум тарагыча кичине күтө турганым жакшы болобу?»

  •   «Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга бардык жагынан ошондой мамиле кылгыла» (Матай 7:12). «Эгер мен анын ордунда болсом, мени менен кантип сүйлөшүшүн кааламакмын? Кандай жагдайда сүйлөшүшүн каалайт элем? Кандай сөздөр, кандай мамиле мага көбүрөөк таасир этет эле?»

 Кеңеш: Ушак тараткан киши менен сүйлөшөр алдында ага эмне деп айтайын деп жатканыңды жазып ал. Анан бир-эки жума коё тур. Жазгандарыңды дагы бир жолу окуп көр. Балким, айрым жерлерин өзгөртөттүрсүң. Ал тууралуу атаң же апаң менен же улуураак бир досуң менен сүйлөшүп, кеңеш сурап көр.

 Факт. Жашоодо бизге көз каранды болбогон нерселер көп. Алардын бири — ушак. Бирок анын сенин жашооңо канчалык деңгээлде таасир этери өзүңдөн.