кыргыз
2026-жылы боло турган «Түбөлүккө бактылуу жашайбыз!» деп аталган жыйынга келип кеткиле.
https://cms-imgp.jw-cdn.org/img/p/1102026198/univ/art/1102026198_univ_sqr_xl.jpg

Кош келиңиздер!

Түбөлүккө бактылуу жашайбыз!

Жахабанын Күбөлөрүнүн региондук жыйыны, 2026

Жакын жерде өткөрүлгөн жыйын

Кирүү акысыз Эч кандай акча чогултулбайт

Эмнелер болот?

Жума. Кудай жана анын уулу Иса пайгамбар силердин бактылуу болушуңарды каалайт. Буга Ыйык Жазмада кандай далилдер бар?

Ишемби. Иса пайгамбардын тоодо айткан насаатында түбөлүккө бактылуу өмүр сүргөнгө жардам берген сонун кеңештер бар. Ошол тууралуу билгиңер келеби?

Жекшемби. Ыйык Китептеги чындыкты тапкан миллиондогон адамдар бактылуу жашап жатышат. Силер да алардын катарына кошула аласыңар. Кантип? Бул суроого «Катылган кенчти таптыңарбы?» деп аталган баяндамада жооп берилет.

Драма

«Исанын жашоосунда болгон окуялар» (4—6-сериялар)

Иса пайгамбар калың элди окуткан, оорулууларды айыктырган, өлгөндөрдү тирилткен. Жыйындын ар бир күнүндө жүрөктү козгогон ушул драмадан бирден серия көрсөтүлөт.

Толук программаны жана төмөнкү видеолорду көрүш үчүн jw.org сайтына киргиле.

«Жыйындарыбыз кантип өткөрүлөт?»

Жахабанын Күбөлөрүнүн региондук жыйыны кандай болорун көргүлө.

Быйылкы региондук жыйында эмнелер болорун көргүлө.

Иса пайгамбар Кудай берген жөндөмүн башкалар үчүн кантип колдонгон?

Мурунку жыйындарда көрсөтүлгөн серияларын да көрүп көргүлө.