Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне үчүн Кудайдын рухуна жетектелишибиз керек?

Эмне үчүн Кудайдын рухуна жетектелишибиз керек?

Эмне үчүн Кудайдын рухуна жетектелишибиз керек?

«Сен менин Кудайымсың. Сенин рухуң жакшы, ал мени... жетектеп жүрсүн» (ЗАБ. 143:10).

1. Көзгө көрүнбөгөн күчтүн адамга жол көрсөтөрүн мисал менен түшүндүр.

ТУУРА жолду табуу үчүн компасты колдонуп көрдүң беле? Компас — жылып туруучу магнит жебеси дайыма түндүктү көрсөтүп турган жөнөкөй шайман. Магнетизм деп белгилүү болгон көзгө көрүнбөгөн күчтүн таасири менен компастын жебеси жерди курчап турган магнит талаасына туураланат. Кылымдар бою жер-сууну кыдырган изилдөөчүлөр менен саякатчылар жол табуу үчүн компасты колдонуп келишкен.

2, 3. а) Тээ алмустакта Жахаба кайсы кубаттуу күчтү колдонгон? б) Кудайдын көзгө көрүнбөгөн күчүнүн бүгүнкү күндө жашообузга таасир этерин кайдан билебиз?

2 Бирок туура жол табышыбыз үчүн андан да маанилүү болгон дагы бир көзгө көрүнбөгөн күч бар. Ал эмне болгон күч? Ал жөнүндө Ыйык Китептин алгачкы аяттарында сөз жүрөт. Тээ алмустакта Жахабанын эмнелерди кылганы тууралуу Башталыш китебинде: «Башында Кудай асман менен жерди жаратты»,— делет. Ан үчүн ал кубаттуу күчтү колдонгон, анткени жаратуу жөнүндөгү ал билдирүүдө: «Кудайдын иш-аракет кылуучу күчү суунун үстүнөн жылып жүргөн»,— деп жазылат (Башт. 1:1, 2). Мындан көрүнүп тургандай, Кудай бардыгын жаратууда ыйык рухту — өзүнүн иш-аракет кылуучу күчүн — колдонгон. Ыйык руху аркылуу ааламды жаратканы жана бизге өмүр бергени үчүн Жахабага кандай гана ыраазыбыз! (Аюп 33:4; Заб. 104:30).

3 Ырас, Жахаба бизди жаратуу үчүн өзүнүн иш-аракет кылуучу күчүн колдонгон. Ал ошол күчүн биздин жашообузга таасир этүү үчүн да колдонобу? Ооба, анткени Кудайдын Уулу Иса шакирттерине: «[Ыйык рух] чындыкты толук түшүнүшүңөр үчүн,.. силерди жетектейт»,— деген (Жкн. 16:13). Анда ыйык рух деген эмне жана эмне себептен ага жетектелишибиз керек?

Ыйык рух деген эмне?

4, 5. а) Троицага ишенгендер ыйык рух жөнүндө кандай жаңылыш ойдо? б) Ыйык рух деген эмне экенин кантип түшүндүрүп берет элең?

4 Балким, кабар айтып жүргөндө Троицага ишенгендерди жолуктургандырсың. Алар ыйык рухту Кудайга тең рухий инсан деп жаңылыш ойлошот (1 Кор. 8:6). Ошондуктан Ыйык Китепти которгон көптөгөн котормочулар «ыйык рух» деген сөз айкашын баш тамга менен беришкен. Бирок, белгилей кетчү нерсе, айрым котормочулар Ыйык Жазмада колдонулган бул сөз айкашынын инсанды билдирбей турганын билгендиктен аны кичинекей тамга менен эле жазышкан *.

5 Анда ыйык рух деген эмне? Башталыш 1:2деги руах деген еврей сөзү көбүнчө «рух» деп которулат. Бирок аны «шамал» деп же иш-аракеттеги күчтү билдирген башка сөздөр менен да которууга болот. (Салыштыр: Башталыш 3:8; 8:1.) Шамал көзгө көрүнбөсө да, анын күчүн сезе алганыбыздай эле, ыйык рух көзгө көрүнбөсө да, анын тийгизген таасирин айкын көрө алабыз. Ыйык рух инсан эмес. Ал — Кудайдын эрки аткарылышы үчүн, адамдарга же башка нерселерге таасир эткен күч. Кудуреттүү Кудайдын ошондой кереметтүү күчкө ээ экенине ишенүү кыйынбы? Албетте, кыйын эмес! (Оку: Ышая 40:12, 13.)

6. Дөөтү Жахабадан эмнени өтүнгөн?

6 Жахаба бизди өмүр жолунда жетектеш үчүн ыйык рухун колдонобу? Ал забурчу Дөөтүгө: «Сага түшүнүк берем, сени жүрүшүң керек болгон жолго салам»,— деп сөз берген (Заб. 32:8). Дөөтү Жахаба Кудайдын аны руху аркылуу жетектешин каалады беле? Ооба, анткени ал андан: «Мага эркиңди аткарууну үйрөт, анткени сен менин Кудайымсың. Сенин рухуң жакшы, ал мени... жетектеп жүрсүн»,— деп өтүнгөн (Заб. 143:10). Биз да Кудайдын рухуна жетектелүүгө ынтызар болушубуз керек. Эмне үчүн? Мунун төрт себебин карап көрөлү.

Өз кадамыбызды багыттай албайбыз

7, 8. а) Эмне үчүн биз өз кадамыбызды багыттай албайбыз? б) Бул каардуу дүйнөдө Кудайдын жардамысыз туура жолду таба албай турганыбызды мисал менен түшүндүр.

7 Биринчиден, биз өзүбүздү жетектөөгө жөндөмсүзбүз. Ошондуктан Кудайдын рухуна жетектелүүгө дилгир болушубуз керек. «Жетектөө» деген «багыттоо же жол көрсөтүү» дегенди билдирет. Жахаба бизди өзүбүздү өзүбүз жетектегидей кылып жараткан эмес. Андан сырткары, биз жеткилең эмеспиз. Андыктан кайсы жол менен жүрүүнү өзүбүз аныктай турган болсок, көп жаңылыштык кетирерибиз турган иш. Жеремия пайгамбар: «Оо, Жахаба, мен пенденин жолу өз эркинде эмес экенин билем. Басып бараткан адам өз кадамын багыттай албайт»,— деп жазган (Жер. 10:23). Адам баласы эмне үчүн өз кадамын багыттай албайт? Жахаба Жеремияга мунун себебин түшүндүрүп, биздин жүрөгүбүз жөнүндө: «Жүрөк эң эле митаам, өтө бузулган. Аны ким биле алат?» — деген (Жер. 17:9; Мт. 15:19).

8 Өмүрүндө узак жолго аттанып көрбөгөн кишинин чытырман токой же как эткен карга, кук эткен кузгун жок чөл аркылуу сапар тартканы жатканын элестетсең. Анын жолду билген бирөөнү, жок эле дегенде, компас сыяктуу шаймандарды албай жолго чыкканы акылдуулукка жатат беле? Анын бир да киши жашабаган ээн жердин катаал шарттарына кантип чыдаш керектигин, көздөгөн жерине аман-эсен жетүүнүн жолдорун иликтебей туруп жолго чыкканы жанын кылга байлаганга тете болмок. Ошол сыңары, бул каардуу дүйнөдө Кудайдын жардамысыз эле туура жолду таап алам деп ойлогон адам өмүрүн тобокелге салат. Андыктан биз, Дөөтүдөй болуп, Жахабага: «Сенин жолдоруңда кадамдарым бекем болсун, ал жолдордо бутум мүдүрүлбөйт»,— деп тиленишибиз керек. Бул — азыркы дүйнө түзүлүшүн аман-эсен басып өтүүнүн бирден бир жолу (Заб. 17:5; 23:3). Анда Жахаба бизди жетектеши үчүн, эмне кылышыбыз абзел?

9. 17-беттеги сүрөттө көрсөтүлгөндөй, Кудайдын руху бизди кантип жетектейт?

9 Эгер момун болуп, бүт жүрөгүбүз менен Жахабага таянсак, ал ыйык руху менен кадамыбызды багыттайт. Кудайдын иш-аракет кылуучу күчү бизге кантип жардам берет? Иса шакирттерине: «Кийин Атам менин атыман жибере турган жардамчы, ыйык рух, силерге баарын үйрөтүп, айткандарымдын бардыгын эсиңерге салат»,— деген (Жкн. 14:26). Кудайдын Сөзүн, анын ичинде Иса Машаяктын акыл-насааттарын үзгүлтүксүз жана тиленүү менен изилдесек, ыйык рух Жахабанын теңдешсиз акылмандыгын тереңирээк түшүнүүгө жардам берет. Мунун аркасында анын эркин тагыраак аткара алабыз (1 Кор. 2:10). Мындан тышкары, жашоодо күтүлбөгөн жерден тогуз жолдун тоомуна туш болгонубузда, ыйык рух бизди туура жолго салат. Ал мурун окуп-билген ыйык китептик принциптерди эсибизге түшүрүп, туура кадам шилтөө үчүн аларды кандайча колдонуу керектигин түшүнүүгө көмөк кылат.

Иса Кудайдын рухуна жетектелген

10, 11. Кудайдын жалгыз Уулу ыйык рухка байланыштуу эмнени билген жана ыйык рух ага кандай жол менен жардам берген?

10 Эмне үчүн ыйык рухка жетектелишибиз керектигинин экинчи себеби — Кудай ал аркылуу өзүнүн Уулун жетектеген. Жерге келгенге чейин Кудайдын жалгыз Уулу: «Ага Жахабанын руху, акылмандык менен түшүнүк руху, кеңеш менен кудурет руху, билим менен Жахабадан коркуу руху түшөт»,— деген пайгамбарлыкты билген (Ыш. 11:2). Исанын жердеги жашоосу оңой болгон эмес. Андыктан анын Кудайдын рухунун жардамына канчалык муктаж болгонун элестетсең.

11 Жахабанын жогорудагы сөздөрү аткарылган. Инжилде Иса чөмүлтүлгөндөн кийин эле эмне болгону жөнүндө: «Иса ыйык рухка толуп, Иордан дарыясынан кайтып келгенден кийин, рухтун жетеги менен ээн талаага барды»,— деп жазылат (Лк. 4:1). Ал жактан ал орозо кармап, тиленип, ой жүгүрткөн. Ошондо Жахаба ага көрсөтмөлөрдү берип, аны алдыда эмне күтүп турганын ачып берсе керек. Кудайдын иш-аракет кылуучу күчү Исанын жүрөгүнө жана акылына таасир этип, ага туура ой жүгүртүүгө, туура чечим чыгарууга жардам берген. Ошондуктан Иса ар бир жагдайда эмне кылыш керектигин билген жана дайыма Кудайга жакканды кылган.

12. Эмне үчүн Кудайдан ыйык руху аркылуу жетектешин сурашыбыз керек?

12 Иса өзүнүн жашоосунда Кудайдын рухунун ролу чоң экенин билгендиктен шакирттерине ыйык рух сурап тиленүү жана анын жетегине баш ийүү абдан маанилүү экенин айткан. (Оку: Лука 11:9—13.) Биз эмне үчүн Кудайдан ыйык руху аркылуу жетектешин сурашыбыз керек? Анткени анын руху ой жүгүртүүбүздү өзгөртүп, «Машаяктын акылына» ээ болууга жардам берет (Рим. 12:2; 1 Кор. 2:16). Кудайдын рухуна жетектелүү менен биз Машаяктай ой жүгүртүп, аны туурай алабыз (1 Пет. 2:21).

Дүйнөнүн руху ак жолдон адаштырышы мүмкүн

13. Дүйнөнүн руху деген эмне жана ал эмне кылууга түрткү берет?

13 Эмне үчүн ыйык рухка жетектелишибиз керектигинин үчүнчү себеби — ага жетектелбесек, бүгүнкү күндө адамдардын көбүнүн жашоосуна таасир этип жаткан жаман рух бизди адаштырып кетет. Дүйнөнүн руху — адамдарга ыйык рухтун жетекчилигине карама-каршы иш кылууга түрткү бере турган зор күч. Ал Машаяктын акылына ээ болууга эмес, бул дүйнөнүн төрөсү Шайтандай ой жүгүртүүгө жана иш-аракет кылууга түрткү берет. (Оку: Эфестиктер 2:1—3; Тит 3:3.) Эгер адам дүйнөнүн рухуна моюн сунуп, күнөөкөр дененин иштерине иришип кетсе, мунун кесепети каргашалуу болот: ал Кудайдын Падышалыгын мурастабай калат (Гал. 5:19—21).

14, 15. Канткенде дүйнөнүн рухуна каршы тура алабыз?

14 Жахаба бизди дүйнөнүн рухунан коргонуш үчүн зарыл болгон нерселердин бардыгы менен камсыздап келет. Элчи Пабыл «оор күн келгенде, каршы турушубуз» үчүн Теңирден күч алып, «анын кудуреттүү күчү менен кайраттанууга» чакырган (Эф. 6:10, 13). Жахаба өзүнүн руху аркылуу бизге Шайтандын бизди адаштыруу үчүн жасаган аракеттеринин мизин кайтарууга күч берет (Аян 12:9). Ооба, дүйнөнүн руху күчтүү жана андан толугу менен кача албайбыз. Бирок бул ага жеңилип калабыз дегенди билдирбейт. Анткени ыйык рух андан алда канча күчтүү жана ал бизге сөзсүз жардам берет!

15 Элчи Петир 1-кылымда чындыктан четтеп кеткендер жөнүндө: «Алар түз жолдон чыгып, адашып калышты»,— деген (2 Пет. 2:15). «Дүйнөнүн рухун эмес, Кудайдан келген рухту алганыбызга» кандай гана ыраазыбыз! (1 Кор. 2:12). Ага жетектелсек жана Жахабанын түз жолдо жүрүшүбүз үчүн көргөн чараларынан толук пайда алсак, Шайтандын каардуу дүйнөсүнүн рухуна каршы тура алабыз (Гал. 5:16).

Ыйык рух жакшы жемиш өстүрөт

16. Ыйык рух жүрөгүбүздө кандай сапаттарды өстүрөт?

16 Ыйык рухтун бизге таасир этишин каалаганыбыздын төртүнчү себеби — ал ага жетектелгендерге жакшы жемиш берүүгө, башкача айтканда, жакшы сапаттарды өрчүтүүгө жардам берет. (Оку: Галатиялыктар 5:22, 23.) Кимибиздин эле сүйүүсү ашып-ташып турган, дайыма жадырап-жайнап жүргөн, тынчтыкты сүйгөн адам болгубуз келбейт? Кимибиз эле абдан чыдамкай, боорукер, жакшылыкка бай болууну каалабайбыз? Же кимибиздин эле ишеними күчтүү, мүнөзү жумшак, өзүн өзү кармай билген адам болгубуз келбейт? Кудайдын рухунун жемишине кирген андай сонун сапаттар өзүбүзгө да, биз менен чогуу жашаган жана кызмат кылган адамдарга да пайда алып келет. Ыйык рухтун жемишин канчалык деңгээлде өстүрүшүбүз керектигине жана өстүрө аларыбызга байланыштуу белгилүү бир чек жок болгондуктан, аны өстүрүү үчүн тынбай аракет кыла беришибиз зарыл.

17. Канткенде рухтун жемишине кирген сапатты көбүрөөк өстүрө алабыз?

17 Сүйлөгөн сөздөрүбүз менен кылган иштерибизден ыйык рухка жетектелип, анын жемишин өстүрүп жатканыбыз көрүнүп турган-турбаганын текшерип турганыбыз акылдуулукка жатат (2 Кор. 13:5а; Гал. 5:25). Эгер рухтун жемишине кирген кайсы бир сапатты өрчүтүү жагынан жакшырышыбыз керектигин байкасак, аны көбүрөөк өрчүтүү үчүн ыйык рух менен кызматташканыбыз абзел. Ан үчүн Ыйык Китептен жана биздин адабияттардан анын жемишине кирген ар бир сапат тууралуу изилдешибиз керек. Ошондо күнүмдүк жашоодо аларды кантип чагылдыруу керектигин баамдап, дагы көбүрөөк өстүрө алабыз *. Кудайдын рухунун жетеги менен жүрүү өзүбүзгө жана ишенимдештерибизге пайда алып келип жатканын көргөнүбүздө эмне үчүн ага жетектелишибиз керектигин дагы айкыныраак түшүнөбүз.

Кудайдын рухуна жетектелип жатасыңбы?

18. Кудайдын рухуна жетектелүү жагынан Иса кандай үлгү калтырган?

18 Кудайдын «чебер устасы» катары ай-ааламды жаратууга катышкандыктан Иса багытты аныктоодо колдонулган жердин магнит талаасын беш колдой билген (Накыл 8:30; Жкн. 1:3). Анткен менен Ыйык Китептин эч жеринде Иса жерде жүргөндө туура жолду табыш үчүн жердин магнит талаасын колдонгон деп айтылбайт. Ыйык Жазмада анын жашоосуна ыйык рухтун күчтүү таасир эткени тууралуу жазылат. Арийне, Иса ыйык рухка жетектелүүгө ынтызар болгон жана ал жетектегенде, даярдуулук менен баш ийип, ошого жараша иш кылган (Мр. 1:12, 13; Лк. 4:14). Сен да ошентип жатасыңбы?

19. Ыйык рух бизди жетектеши үчүн, эмне кылсак болот?

19 Кудайдын иш-аракет кылуучу күчү баш ийүүгө ынтызар адамдарга дагы деле таасир этип, багыт берүүдө. Ыйык рух сени да жетектеши үчүн, эмне кылсаң болот? Дайыма Жахабадан ыйык рухун беришин жана анын жетегине баш ийүүгө жардам беришин сурап тилен. (Оку: Эфестиктер 3:14—16.) Анан тиленүүңө ылайык иш-аракет кыл: Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен жазылган Сөзүн, Ыйык Китепти, изилде (2 Тим. 3:16, 17). Андан соң тапкан даанышман кеңештерди колдонуп, ыйык рухтун жетегине даярдуулук менен баш ий. Ошондо Жахабанын бул каардуу дүйнөдө сени эң туура жол менен алып жүрө аларына ишенериңди көрсөтөсүң.

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Мисалы, беделдүү грек профессору Жон Ф. Мира Инжилдерди которгондо эмне себептен ал сөз айкашын кичинекей тамга менен жазганын түшүндүргөн. Котормосунун кириш сөзүндө ал мындай деген: «Экинчи жана үчүнчү кылымдарда окурмандар ал [...] рухту Атага жана Уулга көз каранды болбогон жана алардан айырмаланган инсан деп ойлогон да эмес, анткени... ал убакта Троица жөнүндөгү окуу жок болчу».

^ 17-абз. Рухтун жемишине кирген ар бир сапат «Күзөт мунарасынын» төмөнкү сандарында талкууланган: 2011-жыл, 15-апрель, 18—27-беттер; 2007-жыл, 1-август, 10—14-беттер.

Негизги ойлор эсиңдеби?

• Ыйык рух жашообузга кантип таасир этет?

• Кайсы төрт себептен улам Кудайдын рухуна жетектелүүгө дилгир болушубуз керек?

• Канткенде ыйык рухтун жетегинен толук пайда ала алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[15-беттеги сүрөт]

Кудайдын руху Исанын жашоосуна зор таасир эткен

[17-беттеги сүрөт]

Кудайдын руху акылыбыз менен жүрөгүбүзгө таасир этип, бизди жетектейт