Башталыш 8:1—22
8 Андан кийин Кудай Нухту, аны менен кемеге кирген жапайы жаныбарларды, үй айбанаттарын+ эстеп+, жер бетине шамал жиберди. Ошондо суу тартыла баштады+.
2 Суу туңгуюктарынын* булактары+ менен асмандагы суу дарбазалары+ жабылып, нөшөрлөп төккөн жаан басылды.
3 Суу акырындап жер бетинен кайта баштады да, 150 күндөн кийин бир топ азайып калды+.
4 Жетинчи айдын он жетинчи күнү кеме+ Арарат тоолоруна+ барып токтоду.
5 Суу онунчу айга чейин акырындап азая берди. Онунчу айдын биринчи күнү тоолордун чокулары көрүндү+.
6 Кырк күндөн кийин Нух кеменин терезесин+ ачып,
7 кузгунду+ учурду. Жердеги суу кургагыча, ал учуп кетип, кайра учуп келип турду.
8 Анан Нух жер бетинен суунун тартылган-тартылбаганын билиш үчүн көгүчкөндү учурду+.
9 Бирок бүт жер жүзүн дагы эле суу каптап тургандыктан+, көгүчкөн конорго жер таппай, кайра кемеге учуп келди. Нух колун сунуп, көгүчкөндү кемеге киргизип алды.
10 Анан дагы жети күн коё туруп, аны кайрадан учурду.
11 Көгүчкөн Нухка кечке маал кайтып келди. Ал зайтун дарагынын жаңы үзүлгөн жалбырагын+ тиштеп келиптир. Ошондо Нух жер бетиндеги суунун тартылып калганын+ билди.
12 Ал дагы жети күн коё туруп, көгүчкөндү кайра учурду. Бирок ал кайрылып келген жок+.
13 Нухтун өмүр сүргөнүнө 601 жыл болгондо+, биринчи айдын биринчи күнү жер бетиндеги суу тартылды. Нух кеменин чатырын ачып караса, жердин бети кургап калыптыр+.
14 Экинчи айдын жыйырма жетинчи күнү жер толугу менен кургап калды+.
15 Ошондо Кудай Нухка:
16 «Аялың, уулдарың, келиндериң менен кемеден чык+.
17 Укумдап-тукумдап, көбөйүп, жер бетин толтурушу үчүн+, өзүң менен кошо тирүү жандыктардын баарын+: канаттууларды+, үй айбанаттарын+, жер бетинде жашоочу башка жаныбарлардын бардыгын+ алып чык»,— деди.
18 Нух уулдары+, аялы жана келиндери менен кемеден чыкты.
19 Бардык жаныбарлар, майда жан-жаныбарлар менен канаттуулар — жер бетинде кыбыр эткендин баары түр-түрү менен кемеден чыкты+.
20 Нух Жахабага арнап курмандык жайын* куруп+, адал жаныбарлар+ менен канаттуулардын+ бардык түрүнөн бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды* чалды+.
21 Ошондо Жахаба жагымдуу жытты искеди+. Анан Жахаба жүрөгүндө мындай деди+: «Мындан ары адам баласы үчүн жерди эч качан каргабайм+, анткени адамдын жүрөгү+ жаштайынан эле жамандыкка жакын+. Мындан кийин эч качан тирүү жандардын баарын жок кылбайм+.
22 Жер бар болуп турганда, себүү менен оруп-жыюу, суук менен ысык, жай менен кыш, күн менен түн дайыма болот»+.