Аян 12:1—17
12 Асмандан улуу жышаан+ — күнгө чулганган аял+ — көрүндү. Анын бутунун астында ай, башында он эки жылдыздан жасалган таажы бар экен.
2 Аял кош бойлуу эле. Ал толгоо тартып, катуу кыйналгандыктан кыйкырып жатты+.
3 Анан асмандан башка жышаан — чоң кызыл ажыдаар+ — көрүндү. Анын жети башы, он мүйүзү, баштарында жети таажысы бар экен.
4 Ал куйругу+ менен асмандагы жылдыздардын+ үчтөн бир бөлүгүн шилеп келип, жерге кулатты+. Аял+ төрөгөндө+ баласын жутуп алыш үчүн+ ажыдаар аялдын алдында турду.
5 Аял уул төрөдү+, бардык элдерди темир таяк менен кайтара турган+ эркек бала төрөдү. Баласы ошол замат Кудайга, анын тактысына алынып кетти+.
6 Аял болсо чөлгө+, Кудай ага орун даярдап койгон жерге, качып кетти. Ал жерде ал 1 260 күн+ багылышы керек+.
7 Ошол убакта асманда согуш чыкты: Микеил+ менен анын периштелери ажыдаар менен согушушту. Ажыдаар да өзүнүн периштелери менен аларга каршы согушту,
8 бирок жеңилип калды. Андан ары аларга асмандан орун табылган жок.
9 Ошентип, бүт жер жүзүн адаштырып жүргөн+ байыркы жылан+, Ибилис+ жана Шайтан+ деп аталган чоң ажыдаар+, жерге кулатылды, аны менен кошо периштелери да кулатылды+.
10 Анан мен асмандан мындай деген катуу үндү уктум:
«Мына, Кудайыбыз куткарылуу алып келди+, анын күчү+ айкын көрүндү, Падышалыгы орноду+, анын Машаягы бийлик+ жүргүзө баштады, анткени бир туугандарыбызды Кудайыбыздын алдында күндүр-түндүр айыптаган айыптоочу+ кулатылды!
11 Алар аны Козунун каны менен+, өздөрүнүн күбөлөндүрүүсү менен+ жеңишти+. Алар өлүм алдында турганда да өз жанын аяшкан жок+.
12 Ошондуктан, асман жана анда жашагандар+, кубангыла! Ал эми жер менен деңизге+ кайгы+, анткени Ибилис убактысынын аз калганын билип+, силерге катуу каары менен түштү».
13 Жерге кулатылганын+ көргөндө ажыдаар эркек бала төрөгөн аялды+ куугунтуктай баштады.
14 Бирок аялга, чөлдөгү+ өзүнө даярдалган орунга учуп кетиши үчүн, бүркүттүн эки чоң канаты+ берилди. Жыландан+ алыс ошол жакта аял бир мезгил, эки мезгил жана жарым мезгил бою+ багылат+.
15 Ошондо жылан аялды сууга чөктүрүш үчүн+ оозун ачып, анын артынан дарыядай сууну коё берди+.
16 Бирок аялга жер жардамга келди+. Жер оозун ачып, ажыдаардын оозунан чыккан дарыяны жутуп алды.
17 Ажыдаар аялга ого бетер каарданып+, анын тукумунун калгандары менен, Кудайдын осуяттарын сактап, Иса жөнүндөгү күбөлөндүрүү ишин аткарып жаткандар менен, согушканы жөнөдү+.