Жакан 16:1—33

16  Бул сөздөрдү силерге ишенимден тайбашыңар үчүн айттым+.  Силерди синагогалардан чыгарышат+. Ал тургай, силерди өлтүрүп жаткандардын ар бири „Кудайга ыйык кызмат кылып жатам“ деп ойлой турган убак келет+.  Алар Атамды да, мени да таанып-билбегендиктен ошентишет+.  Ошол убак келгенде, айткан сөздөрүмдү эстешиңер үчүн, ушунун баарын алдын ала айтып жатам+. Араңарда жүргөндүктөн буларды башында айткан эмесмин.  Азыр болсо мени жибергенге баратам+. Эч кимиңер менден: „Каякка баратасың?“ — деп сураган жоксуңар.  Бирок айткан сөздөрүмдөн улам жүрөгүңөрдү кайгы басты+.  Силерге чындыкты айтып жатам: менин кеткеним силер үчүн жакшы. Анткени кетпесем, жардамчы+ келбейт. Ал эми кетсем, аны силерге жиберем.  Ал келгенде дүйнөгө күнөө, адилдик, сот+ деген эмне экенин айкын көрсөтөт.  Адегенде күнөө деген эмне экенин көрсөтөт+, анткени адамдар мага ишенбей жатышат+. 10  Анан адилдик деген эмне экенин көрсөтөт+, анткени мен Атама баратам. Мени мындан ары көрбөйсүңөр. 11  Андан кийин болсо сот деген эмне экенин көрсөтөт+, анткени бул дүйнөнүн башкаруучусуна өкүм чыгарылды+. 12  Силерге дагы көп нерсе айткым келет, бирок азыр анын баарын түшүнө албайсыңар+. 13  Ал эми жардамчы — чындык руху — келгенде+, чындыкты толук түшүнүшүңөр үчүн, ал силерди жетектейт. Себеби ал өз атынан сүйлөбөйт, эмнени укса, ошону гана айтат жана алдыда эмне болорун билдирет+. 14  Ал мени даңктайт+, анткени менден алганын силерге билдирет+. 15  Атам өзү билген нерселердин баарын мага айткан+. Ошондуктан: „Менден алганын силерге билдирет“,— деп айттым. 16  Бир аздан кийин мени көрбөйсүңөр+, анан дагы бир аздан кийин кайра көрөсүңөр». 17  Ошондо кээ бир шакирттери: «Анын: „Бир аздан кийин мени көрбөйсүңөр, анан дагы бир аздан кийин кайра көрөсүңөр“, „Анткени мен Атама баратам“,— деген сөздөрүн кандай түшүнсө болот?» — деп өз ара сүйлөшө башташты. 18  Алар: «„Бир аздан кийин“ дегени эмнеси? Эмне жөнүндө айтып жатканын түшүнгөн жокпуз»,— деп жатышты. 19  Иса алардын суроо бергиси келип жатканын билип+, мындай деди: «„Бир аздан кийин мени көрбөйсүңөр, анан дагы бир аздан кийин кайра көрөсүңөр“,— деген сөздөрүмдү түшүнбөй, бири-бириңерден сурап жатасыңарбы? 20  Силерге чындыкты айтып коёюн, силер боздоп ыйлайсыңар+, дүйнө болсо кубанат. Кайгырасыңар, бирок кайгыңар кубанычка айланат+. 21  Ай-күнү жетип, төрөп жатканда аял кыйналат+. Бирок төрөгөндөн кийин дүйнөгө адам келгенине кубанып, кыйналганын унутуп коёт. 22  Силер да азыр кайгырып жатасыңар, бирок мен силерди кайрадан көргөндө, жүрөгүңөр кубанычка толот+ жана ал кубанычыңарды эч ким тартып ала албайт. 23  Ошол күнү+ менден эч нерсе тууралуу сурабайсыңар. Силерге чындыкты айтып коёюн, Атамдан менин атымдан эмне сурабагыла+, ал берет+. 24  Ушу кезге чейин менин атымдан эч нерсе сураган эмессиңер. Сурагыла — аласыңар. Ошондо кубанычыңар толук болот+. 25  Буларды силерге салыштыруулардын жардамы менен айтып жатам+. Бирок салыштырууларды колдонбой, Атам жөнүндө ачык айтып бере турган убак келатат. 26  Ошол күнү Атамдан менин атымдан сурайсыңар. Мен силер үчүн суранарымды айтып жаткан жокмун. 27  Себеби мени жакшы көрүп+, Атамдан келгениме ишенгениңер үчүн+, Атам да силерди жакшы көрөт. 28  Мен дүйнөгө Атамдан келгем. Азыр болсо дүйнөнү калтырып, Атама баратам»+. 29  Ошондо шакирттери: «Эми салыштырууларды колдонбой, ачык сүйлөп жатасың. 30  Азыр биз сенин баарын билериңди+, сага суроо берүүнүн зарылдыгы жок экенин билдик+. Ошондуктан Кудайдан келгениңе ишенебиз»,— дешти+. 31  Иса аларга мындай деди: «Азыр ишенип жатасыңарбы? 32  Мына, ар кимиңер өз үйүңөргө качып+, мени жалгыз калтырып кете турган убак келатат, атүгүл келип да калды. Бирок мен жалгыз эмесмин, анткени Атам мени менен+. 33  Мунун баарын мен аркылуу тынчтыкка ээ болушуңар үчүн айттым+. Дүйнөдө азап чегесиңер, бирок кайраттуу болгула! Мен дүйнөнү жеңдим»+.

Шилтемелер