2 Корунттуктар 13:1—14
13 Ушуну менен силерге үчүнчү ирет барганы жатам+. «Ар бир иш эки же үч күбөнүн сөзү менен ырасталышы керек»+.
2 Азыр силерден алыс болсом да, сөздөрүмдү араңарда экинчи жолу жүргөнүмдөй көрүп кабыл алгыла. Мурун күнөө кылгандарга да, башкаларга да кайрадан эскертем: эгер кайра бара турган болсом, аларды аябайм+.
3 Ошентип, силерге мен аркылуу Машаяк сүйлөп жатканын далилдейм+. Ал араңарда алсыздыгын эмес, күчүн көрсөтүп жатат.
4 Ооба, ал алсыз абалда+ устунга кадалган+, бирок Кудайдын күчүнүн аркасында азыр тирүү+. Машаяк алсыз болгондой эле, биз да азыр алсызбыз, бирок Кудайдын силерге көрсөткөн күчүнүн+ аркасында аны менен бирге жашайбыз+.
5 Ишеним жолунда жүргөн-жүрбөгөнүңөрдү текшерип, өзүңөрдү сынап тургула+. Же Иса Машаяктын силер менен биримдикте экенин билбейсиңерби?+ Кудайга жакпай калбасаңар эле, ал силер менен биримдикте болот.
6 Силер Кудайга жагарыбызды көрөсүңөр деп үмүттөнөм.
7 Эч кандай жаман иш кылбашыңар үчүн, Кудайдан тиленебиз+. Анткени, биз башкаларга жакпагандай көрүнсөк да, биз үчүн өзүбүздүн жакпаганыбыз эмес, силердин жакшы иш кылганыңар маанилүү.
8 Анткени биз чындыкка каршы эч нерсе кыла албайбыз, баарын чындык үчүн кылабыз+.
9 Биз алсыз, ал эми силер күчтүү болгондо+, дайыма кубанабыз жана силердин оңолушуңар үчүн тиленебиз+.
10 Мырзабыз берген бийликти колдонуп, араңарда жүргөндө катуу чара көрбөшүм үчүн+, буларды силерден алыс жүргөндө жазып жатам. Анткени ал бийлик мага кыйратуу үчүн эмес, бекемдөө үчүн берилген+.
11 Бир туугандар, дайыма кубангыла, оңолгула, башкалардын сооротуусун кабыл алгыла+, бир ойдо болгула+, тынчтыкта жашагыла+. Ошондо сүйүүнүн жана тынчтыктын Кудайы+ силер менен болот.
12 Бири-бириңер менен бир туугандарча өбүшүп учурашкыла+.
13 Ыйыктардын баары силерге салам айтып жатат.
14 Баарыңар Мырзабыз Иса Машаяктын ырайымына жана Кудайдын сүйүүсүнө ээ болуп, ыйык рухка үлүштөш болгула+.