1 Корунттуктар 2:1—16
2 Бир туугандар, мен силерге барганда Кудайдын ыйык сырын+ жарыялап, сөзүм же акылмандыгым менен силерди таасирлентиш үчүн барган эмесмин+.
2 Анткени араңарда жүргөнүмдө устунга кадалган Иса Машаяктан башка эч нерсе тууралуу айтпоону чечкем+.
3 Мен силерге алсыз болуп, коркуп, калтырап-титиреп баргам+.
4 Сүйлөгөн сөздөрүм, айткан кабарым акылмандык менен айтылган өтүмдүү сөздөргө эмес, Кудайдын руху менен күчүнө негизделген+.
5 Анткени ишенимиңердин адамдардын акылмандыгына эмес+, Кудайдын күчүнө негизделишин каалагам+.
6 Акылмандык жөнүндө биз рухий жактан жетилгендердин+ арасында айтабыз, бирок бул азыркы дүйнө түзүлүшүнө же анын жок болуп кете турган+ башчыларына мүнөздүү+ акылмандык эмес+.
7 Биз Кудайдын ыйык сырда+ камтылган жашыруун акылмандыгы жөнүндө айтабыз. Даңкталышыбыз үчүн, Кудай аны дүйнө түзүлүштөрүнөн мурун эле+ алдын ала белгилеп койгон.
8 Бул акылмандыкты дүйнө түзүлүшүнүн башчыларынын+ бири да таанып-билген жок+. Эгер таанып-билишсе, даңкталууга татыктуу Мырзабызды устунга кадап өлтүрүшмөк эмес+.
9 Ыйык Жазмада: «Кудай Өзүн сүйгөндөр үчүн эмнелерди даярдап койгонун көз көргөн эмес, кулак уккан эмес, адамдын оюна да келген эмес»,— деп жазылган+.
10 Бизге болсо Кудай аларды өзүнүн руху+ менен ачып берди+. Анткени рух+ баарын, атүгүл Кудайдын терең сырларын да изилдейт+.
11 Адамдын ойлорун анын өзүнөн*+ башка ким билет? Анын сыңарындай, Кудайдын ойлорун Кудайдын рухунан башка эч ким билбейт+.
12 Кудайдын бизге тартуулаган нерселерин билиш үчүн+ биз дүйнөнүн рухун эмес+, Кудайдан келген рухту алганбыз+.
13 Биз алар жөнүндө адамдардын акылмандыгы эмес+, рух үйрөткөн сөздөр менен айтып+, рухий маселелерди рухий сөздөр менен түшүндүрөбүз+.
14 Өз каалоолоруна жетектелген киши Кудайдын руху ачып берген нерселерди кабыл албайт, анткени аларды акылсыздык деп эсептейт. Ошондой эле аларды таанып-биле албайт+, анткени аларга рухий көз караш менен баа бериш керек.
15 Кудайдын рухуна жетектелген+ киши болсо бардык нерсеге туура баа берет, ал эми анын өзүнө эч бир адам туура баа бере албайт+.
16 «Жахабаны үйрөткүдөй+, анын акылын ким таанып-билген?»+ Биз болсо Машаяктын акылына ээбиз+.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «рухунан».