Эфестиктер 6:1—24
6 Балдар, Теңирдин эркине ылайык+, ата-энеңердин тилин алгыла+, анткени бул адилдикке жатат+.
2 «Ата-энеңди сыйла»+,— деген осуят мындай убада менен берилген биринчи осуят+:
3 «Ошондо өзүңө жакшы болот, жер бетинде узак өмүр сүрөсүң»+.
4 Силер болсо, аталар, балдарыңарды кыжырдантпагыла+, тескерисинче, Жахаба үйрөткөндөй акыл айтып+, аларды анын акыл-насааты*+ менен тарбиялагыла+.
5 Кулдар, Машаякка баш ийгениңердей, жердеги кожоюндарыңарды урматтап+, аларга коркуу сезими менен чын жүрөктөн баш ийгиле+.
6 Бирок, адамдарга жагынууга аракет кылгандарга окшоп, көзгө көрүнүш үчүн эле эмес+, Кудайдын эркин жан-дилден аткарып+, Машаяктын кулдарындай баш ийгиле.
7 Адамдарга эмес, Жахабага кызмат кылгандай+, чын ниеттен кызмат кылган кулдардай болгула.
8 Анткени кул болобу, эркин болобу+, ар ким кылган жакшы ишине жараша Жахабадан тиешесин аларын билесиңер+.
9 Кожоюндар, силер да кулдарыңарга ушундай мамиле кылып, мындан ары аларды коркутуп-үркүтпөгүлө+. Анткени асманда алардын да, силердин да бир Кожоюнуңар бар экенин+ жана анын бет карамалык кылбай турганын билесиңер+.
10 Акырында айтарым, Теңирден күч алгыла+, анын кудуреттүү күчү менен кайраттангыла+.
11 Ибилистин айла-амалдарына каршы тура алышыңар үчүн+, Кудай берген бардык курал-жарактар менен куралдангыла+.
12 Анткени биз адамдар* менен эмес, асман чөйрөсүндөгү каардуу рухий күчтөр+, өкмөттөр+, бийликтер+, бул караңгылыктын дүйнө башкаруучулары+ менен күрөшүп жатабыз+.
13 Ошондуктан оор күн келгенде, каршы турушуңар үчүн жана баарын ийгиликтүү аткарып, бекем турушуңар үчүн+, Кудай берген бардык курал-жарактарды алгыла+.
14 Андыктан чындыкты+ курчанып+, адилдик соотун кийип+,
15 тынчтык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоого+ болгон даярдуулукту бут кийим катары кийип+, бекем тургула.
16 Баарынан мурун, кара өзгөйдүн* оттуу жебелерин өчүрө алышыңар үчүн+ чоң ишеним калканын алгыла+.
17 Ошондой эле куткарылуу туулгасы+ менен рухтун+ кылычын+, башкача айтканда, Кудай сөзүн алгыла+.
18 Кудайга ар кандай тиленүү+, жалынуу менен кайрылып, ар дайым рух менен тиленгиле+. Ошондуктан дайыма сергек болуп, бардык ыйыктар үчүн жалынып тиленгиле.
19 Мен үчүн да тиленгиле: сүйлөөгө жөндөмдүү болуп+, жакшы кабардын ыйык сыры+ жөнүндө эркин айта алгыдай болоюн+.
20 Жакшы кабар үчүн чынжыр менен байланып, Падышалыктын элчиси+ катары кызмат кылып жаткан мен кабарды кайраттуулук менен, кандай айтышым керек болсо, ошондой айта алгыдай болоюн+.
21 Ал-жайым, иштерим жөнүндө силерге Мырзабыздын жолундагы ишенимдүү кызматчы, сүйүктүү бир тууганыбыз Тихик+ баарын айтып берет+.
22 Аны силерге ал-жайыбызды билдирип, силерди сооротушу үчүн жиберип жатам+.
23 Кудай Атабыз менен Мырзабыз Иса Машаяк бир туугандарга ишеним, тынчтык жана сүйүү бере берсин.
24 Мырзабыз Иса Машаякты чексиз сүйүү менен сүйгөндөрдүн баарына Кудай ырайымын төгө берсин+.