Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иса Машаяктан үлгү алып, кайраттуу, кыраакы болгула

Иса Машаяктан үлгү алып, кайраттуу, кыраакы болгула

«Машаякты эч качан көрбөсөңөр да, силер аны жакшы көрөсүңөр. Азыр да көрбөгөнүңөргө карабай, ага ишенип... жатасыңар» (1 ПЕТ. 1:8).

1, 2. а) Куткарылууга алып бара турган жолго качан түшкөнбүз? б) Ал жолдон чыкпаш үчүн эмне кылышыбыз керек?

БИЗ Иса Машаяктын жолдоочусу болгонубузда узак сапарга чыкканбыз. Ал сапардын соңунда өмүргө жетебиз: айрымдарыбыз асманда, башкаларыбыз жерде түбөлүк жашайбыз. Иса: «Акырына [өмүрүнүн же бул дүйнөнүн аягына] чейин чыдаган адам куткарылат»,— деп айткан (Мт. 24:13). Ооба, ишенимдүү болуп, туура жолдон чыкпасак, куткарылабыз. Бирок ал жолдо баратканыбызда алаксып же башка жолго түшүп кетүүдөн сак болушубуз керек (1 Жкн. 2:15—17). Куткарылууга алып бара турган жолдон чыкпоого эмне жардам берет?

2 Эң сонун үлгү калтырган Иса Машаяк бизге ал жолдо кантип жүрүшүбүз керектигин көрсөткөн. Ыйык Китептен Иса жөнүндөгү билдирүүлөрдү изилдөөнүн аркасында анын кандай адам болгонун билебиз. Ошондой эле аны жакшы көрүп, ага болгон ишенимибиз артат. (Оку: 1 Петир 1:8, 9.) Элчи Петир Иса Машаяктын, «анын изи менен так жүрүшүбүз» үчүн, бизге үлгү калтырганын айткан (1 Пет. 2:21). Эгерде аны тууроого колубуздан келишинче аракет кылсак, максатыбызга жетебиз, башкача айтканда, куткарылабыз *. Өткөн макалада канткенде Исага окшоп момун, боорукер боло аларыбызды талкуулаганбыз. Эми болсо, канткенде ага окшоп кайраттуу жана кыраакы боло аларыбызды карап чыгалы.

ИСА АБДАН КАЙРАТТУУ

3. Кайраттуулук деген эмне жана канткенде кайраттуу боло алабыз?

3 Кайраттуулук — адамга дем-күч берип, кубаттап, өзүн ишенимдүү сезүүгө жардам берген сапат. Ал өз ичине «кыйынчылыктарга багынбоону», «туура нерсе үчүн күрөшүүнү», «башка түшкөн мүшкүлдү ишеним менен жана татыктуу түрдө көтөрүүнү» камтыйт. Кайраттуулук ошондой эле коркуу, үмүт жана сүйүү менен тыгыз байланышта. Кандайча? Кудайдан коркуу адамдардан коркпогонго күч берет (1 Шем. 11:7; Накыл 29:25). Үмүт болсо кабылып жаткан кыйынчылыктарыбызга көңүл топтой бербегенге жана келечекке ишенимдүү караганга көмөк кылат (Заб. 27:14). Ал эми сүйүү атүгүл өмүрүбүзгө коркунуч туулганда да кайраттуу болууга түрткү берет (Жкн. 15:13). Кудайга таянып, анын Уулунун изи менен жүрсөк, кайраттуу болобуз (Заб. 28:7).

4. Исанын кайраттуу экени мыйзам билермандары менен сүйлөшкөндө кандайча көрүнгөн? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

4 Иса 12 жашында эле туура нерсени кайраттуулук менен жактаган. Ал ибадатканада «окутуучулардын айткандарын угуп» отурганда, эмне болгонуна көңүл бурсаңар. (Оку: Лука 2:41—47.) Ал окутуучулар Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамды эле эмес, анын баркын кетирген, адамдар ойлоп тапкан эрежелерди да жакшы билишкен. Ошентсе да Иса коркуп унчукпай отура бербестен, аларга көптөгөн суроолорду берген. Ал ар нерсеге кызыга берген кичинекей баланыкындай эмес, мыйзам билермандарын таң калтырып, ойлондура турган суроолорду берген. Мыйзам билермандары, балким, Исаны баласынтып, чаташтырыш үчүн талаш туудура турган суроолорду беришкендир. Бирок алардын аракетинен эч кандай майнап чыкпаса керек. Анткени угуп отургандардын баары, анын ичинде мыйзам окутуучулар да «анын акылына, берген жоопторуна» — Кудайдын Сөзүндө жазылгандардын чындык экенин бышыктаган жоопторуна — «абдан таң калышкан».

5. Иса жерде кызмат кылып жүргөндө кайраттуу экенин кантип көрсөткөн?

5 Иса жерде кызмат кылып жүргөндө кайраттуу экенин көп жолу көрсөткөн. Алсак, жалган нерселерди окутуп, элди адаштырган диний жетекчилерди тайманбастык менен ашкерелеген (Мт. 23:13—36). Дүйнөнүн зыяндуу таасирине алдырбаганга чечкиндүү болгон (Жкн. 16:33). Каршылаштарынын куугунтугуна карабай, кабар айтканын уланта берген (Жкн. 5:15—18; 7:14). Ибадаткананы соодагерлердин жайына айландырып, аны арамдагандарды ал жактан эки жолу кууп чыккан (Мт. 21:12, 13; Жкн. 2:14—17).

6. Иса кайраттуу экенин өмүрүнүн акыркы күнүндө кантип көрсөткөн?

6 Исанын азап тартып жатканда да кайраттуу болгонун билүү ишенимибизди бекемдейт. Ал кайраттуу экенин өмүрүнүн акыркы күнүндө кантип көрсөткөнүнө токтололу. Иса шакирттеринин бири аны сатып кетерин жана ошондон кийин кандай окуялар болорун билген. Ошентсе да Пасах майрамы өтүп жаткан түнү Жүйүткө: «Кылып жаткан ишиңди батыраак кыл»,— деген (Жкн. 13:21—27). Ал эми Гетсемани багында аны кармаганы келген сакчыларга алар издеп жүргөн киши өзү экенин кайраттуулук менен айткан. Өмүрү кылдын учунда турганына карабай, шакирттерин коргош үчүн ошенткен (Жкн. 18:1—8). Ошондой эле Синедриондо суракка алынып жатканда, башкы дин кызматчы аны өлүм жазасына тартууга шылтоо издеп жатканын түшүнүп турса да, эр жүрөктүк менен өзүнүн Машаяк жана Кудайдын Уулу экенин айткан (Мр. 14:60—65). Иса жаза устунуна кадалып өлгөнгө чейин кынтыксыз бойдон калган. Ал акыркы демин чыгарарда жеңишке жеткенине кубанып: «Аткарылды!» — деген (Жкн. 19:28—30).

ИСАГА ОКШОП, КАЙРАТТУУ БОЛГУЛА

7. Жаштар, Жахабанын ысмын алып жүргөнүңөргө карата кандай көз караштасыңар жана кайраттуу экениңерди кантип далилдей аласыңар?

7 Биз канткенде Исага окшоп кайраттуу боло алабыз? Мектепте. Жаштар, силер, классташтарыңардын жана башкалардын шылдыңдаганына карабай, Жахабанын Күбөсү экениңерди ачык айтканыңарда кайраттуу экениңерди далилдейсиңер. Бул Жахабанын ысмын алып жүрүүнү сыймык катары эсептээриңерди көрсөтүп турат. (Оку: Забур 86:12.) Балким, силерге эволюция теориясын факт катары кабыл алууга кысым көрсөтүлүп жаткандыр. Бирок бардыгын Кудай жаратканына такыр шектенбесеңер болот, себеби буга төгүндөлгүс далилдер бар. «Үмүтүңөр жөнүндө сурагандарга» ынанымдуу жооп бере алыш үчүн «Тиричилик өзүнөн өзү пайда болгонбу?» же «Тиричиликтин пайда болушуна байланышкан беш суроо» (ор.) деген китепчелерди колдонсоңор болот (1 Пет. 3:15). Ошентсеңер, Кудайдын Сөзүндөгү чындыкты коргоп жатканыңарга абдан кубанасыңар.

8. Кайраттуулук менен кабар айта беришибизге кандай себептер бар?

8 Кызматта. Биз Машаяктын чыныгы жолдоочулары катары, «Жахаба күч бергендиктен, тайманбай кабар айта» беришибиз керек (Элч. 14:3). Кайраттуулук менен кабар айта беришибизге кандай себептер бар? Биз айткан кабар чындык экенин билебиз, анткени ал Ыйык Китепке негизделет (Жкн. 17:17). Андан тышкары, «Кудайдын кызматташтары» экенибизди түшүнөбүз жана анын бизди ыйык руху менен колдооруна ишенебиз (1 Кор. 3:9; Элч. 4:31). Ынталуу кабар айтуу менен Жахаба Кудайга берилгендигибизди жана жакындарыбызды сүйөрүбүздү да далилдейбиз (Мт. 22:37—39). Кайраттуу болсок, адамдардын акылын сокур кылып жаткан диний окуулардын жалган экенин тайманбай айтууга чечкиндүү болобуз (2 Кор. 4:4). Ошондой эле жакшы кабарды башкалардын кош көңүлдүгүнө, шылдыңына жана каршылыгына карабай, туруктуулук менен жарыялай беребиз (1 Тес. 2:1, 2).

9. Башка мүшкүл түшкөндө, кайраттуу экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

9 Башка мүшкүл түшкөндө. Кудайга таянсак, кыйынчылыктарды көтөрүп кете алышыбыз үчүн, ал ишенимибизди бекемдеп, күч-кайрат берет. Жакын адамыбыздан айрылганда күйүт тартсак да, үмүтүбүздү үзбөйбүз. Анткени «ар кандай жагдайда сооротуучу Кудайдын» кубаттап-колдооруна эч шектенбейбиз (2 Кор. 1:3, 4; 1 Тес. 4:13). Эгерде катуу ооруга чалдыксак же кандайдыр бир кырсыкка кабылып, жаракат алсак, жаныбыз кейип кыйналарыбыз күмөнсүз, бирок ошондо да туура эмес иш кылып алуудан качабыз. Алсак, Ыйык Китептеги принциптерге каршы келген дарылоо ыкмаларынан баш тартабыз (Элч. 15:28, 29). Көңүлүбүз чөккөндө «жүрөгүбүз бизди» «айыпташы» мүмкүн, ошентсе да «Жахаба жүрөгү жаралангандарга жакын» экенин билгендиктен, кайгыга моюн сунуп бербейбиз * (1 Жкн. 3:19, 20; Заб. 34:18).

ИСА АБДАН КЫРААКЫ

10. Кыраакылык деген эмне жана кыраакы кишинин сүйлөгөн сөзү, кылган иши кандай болот?

10 Кыраакылык — туураны туура эместен ажырата билип, туурасын тандоого көмөк кылган сапат (Евр. 5:14). Кудайдан корккон кыраакы киши аны менен болгон мамилесин бекемдегенге жардам бере турган чечимдерди чыгарат жана ага жага тургандай сүйлөп, ага жага тургандай иш кылууга аракет кылат. Андай адам башкаларды тили менен жабыркатпай, кубаттай турган сөздөрдү айтат (Накыл 11:12, 13). Ал «ачууланууга шашпайт» (Накыл 14:29). Дайыма туура чечимдерди чыгарып, «түз жүрөт» (Накыл 15:21). Биз канткенде кыраакы боло алабыз? Ан үчүн Кудайдын Сөзүн изилдеп, билгендерибизди жашообузда колдонушубуз керек (Накыл 2:1—5, 10, 11). Ошондой эле тарыхтагы эң кыраакы адам, Иса, тууралуу окуп-билип, андан үлгү алышыбыз зарыл.

11. Исанын кыраакы экени сүйлөгөн сөзүнөн кандайча көрүнгөн?

11 Исанын кыраакы экени ар бир сөзүнөн, ар бир ишинен көрүнүп турган. Сөзү. Ал элге жакшы кабарды айтып жатканда уккандарды таң калтырган «жагымдуу сөздөрдү» сүйлөгөн (Лк. 4:22; Мт. 7:28). Айткандарын Кудайдын Сөзүнө негиздеп, көп учурда андан окуп берчү же цитата келтирчү. Ал кайсы учурда кайсы аятты айтыш керектигин жакшы билген (Мт. 4:4, 7, 10; 12:1—5; Лк. 4:16—21). Ошондой эле Ыйык Жазманы жүрөктү козгогудай кылып чечмелеп берчү. Буга ал тирилгенден кийин болгон бир окуя мисал боло алат. Иса Эмауска бараткан эки шакиртине кезигип, «бүт Ыйык Жазмада өзү жөнүндө айтылгандарды түшүндүрүп берген». Ал шакирттер кийинчерээк: «Ыйык Жазманы түшүндүрүп жатканда, жүрөгүбүз күйүп-жанбады беле»,— деп айтышкан (Лк. 24:27, 32).

12, 13. Исанын сабырдуу, акыл-эстүү болгонун кайдан билебиз?

12 Сезими жана ой жүгүртүүсү. Кыраакылык Исага «ачууланууга шашпай», өзүн кармай билүүгө жардам берген (Накыл 16:32). Анын мүнөзү жумшак болгон (Мт. 11:29). Элчилери көп ката кетирсе да, аларга чыдамдуулук менен мамиле кылган (Мр. 14:34—38; Лк. 22:24—27). Ага адилетсиз мамиле кылынган учурда да, сабырдуу болгон (1 Пет. 2:23).

13 Андан сырткары, кыраакылык Исага акыл-эстүү болууга көмөк кылган. Ал ысрайыл элине берилген Мыйзамдын маани-маңызын түшүнө билип, ошого жараша иш кылган. Мисалга Марк 5:25—34-аяттарда баяндалган окуяны алалы. (Аяттарды оку.) Кан агуудан кыйналып жүргөн бир аял көпчүлүктү аралап өтүп, Исанын артынан келип, сырт кийимине колун тийгизген да, айыгып калган. Ал, Мыйзамга ылайык, таза эмес болгондуктан эч кимге колун тийгизбеши керек болчу (Леб. 15:25—27). Бирок Иса «Мыйзамдагы орчундуураак нерселерге» кайрымдуулук, ишенимдүүлүк деген сыяктуу сапаттар да кирерин жакшы түшүнгөн, ошо себептен ал аялды айыптаган эмес (Мт. 23:23). Анын ордуна ага мээримдүүлүк менен: «Кызым, сени ишенимиң айыктырды. Тынчтык менен бара бер. Азаптуу ооруңдан айыгып, дениң сак болсун»,— деген. Ооба, кыраакылык Исага боорукер болууга түрткү бергенин бул окуя айкын көрсөтүп турат.

14. Иса өмүрүн эмнеге арнаган жана кантип ал ишти көңүлүнүн борборунда сактаган?

14 Жашоосу. Исанын туура жолду тандап, ошол багытынан жазбаганы да анын кыраакы экенин айгинелеген. Ал бүт өмүрүн жакшы кабарды жарыялоого арнаган (Лк. 4:43). Ошондой эле кызматын көңүлүнүн борборунда сактаганга жана аны ийгиликтүү аяктаганга шарт түзө тургандай чечимдерди чыгарган. Ал байлык жыйноого умтулбай, бүт убактысын, күчүн кызматка жумшаган (Лк. 9:58). Кабар айтуу иши ал өлгөндөн кийин да токтобошу үчүн, башкаларды окутуп-үйрөткөн (Лк. 10:1—12; Жкн. 14:12). Шакирттери кызматын аткара алышы үчүн, аларды «дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин» колдоп турарын убада кылган (Мт. 28:19, 20).

ИСАГА ОКШОП, КЫРААКЫ БОЛГУЛА

Адамдардын эмнеге кызыгарын баамдай билип, муктаждыгына жараша сөз тандап сүйлөгүлө (15-абзацты карагыла)

15. Кыраакы экенибиз сөзүбүздөн кандайча көрүнөт?

15 Кыраакы болуу жагынан Исадан кандай үлгү ала аларыбызды карап көрөлү. Сөзүбүз. Ишенимдештерибиз менен пикирлешкенде аларды жаралай турган эмес, кубаттай турган сөздөрдү сүйлөйбүз (Эф. 4:29). Башкаларга Кудайдын Падышалыгы жөнүндө айтканда сөзүбүздүн «туз менен татытылгандай болушуна» аракет кылабыз (Кол. 4:6). Үй ээси эмнеге муктаж экенин жана эмнеге кызыгарын байкай билип, ошого жараша сөз тандап сүйлөгөнгө умтулабыз. Жылуу-жумшак сүйлөсөк, башкалар бизди жакшы угушу жана айткан кабарыбыз алардын жүрөгүн козгошу мүмкүн. Мындан сырткары, Ыйык Китепти туу туткандыктан, эмнеге ишенерибизди түшүндүрүп жатканда андан окуп бергенге аракеттенебиз. Канчалык сөзмөр болбойлу, айткандарыбыз таасирдүүлүгү жагынан Ыйык Китептеги кабарга тең келбей турганын түшүнөбүз (Евр. 4:12).

16, 17. а) Сабырдуу жана акыл-эстүү экенибизди кантип көрсөтөбүз? б) Канткенде кызматыбызды көңүлүбүздүн борборунда сактай алабыз?

16 Сезимибиз жана ой жүгүртүүбүз. Кыраакы болсок, «ачууланганга шашпай», сабыр кылабыз (Жкп. 1:19). Кимдир бирөө бизди капа кылганда, анын эмне үчүн ошентип айтканын же кылганын түшүнгөнгө аракет кылабыз. Ошентсек, ага ачууланбайбыз жана аны кечирүү оңой болот (Накыл 19:11). Кыраакылык ошондой эле акыл-эстүү болгонго жардам берет. Акыл-эстүү болсок, ишенимдештерибизден жеткилеңдикти күтпөйбүз. Алардын биз толук түшүнө бербеген кыйынчылыктарга кабылып жатышы мүмкүн экенин эске алабыз. Алардын оюн угууга дилгир болуп, орундуу болсо, айткандарына макул болобуз (Флп. 4:5).

17 Жашообуз. Исанын жолдоочулары болгондуктан биз жакшы кабар таратуу ишинин теңдешсиз сыймык экенин түшүнөбүз. Ошондуктан кызматыбызды дайыма көңүлүбүздүн борборунда сактаганга шарт түзө тургандай чечим чыгарганга аракет кылабыз. Жашообузда Жахаба Кудайды биринчи орунга коёбуз жана дүйнөнүн акыры келгенге чейин, жакшы кабарды жарыялоого бүт убактыбызды, күчүбүздү жумшай алышыбыз үчүн, байлык, мүлк жыйнаганга умтулбайбыз (Мт. 6:33; 24:14).

18. Канткенде куткарылууга алып бара турган жолдон чыкпайбыз жана сен эмне кылууга чечкиндүүсүң?

18 Исанын сонун сапаттарынын айрымдарын карап чыгуу баарыбызга жагымдуу болгону шексиз. Анын дагы башка сапаттары тууралуу изилдеп, андан үлгү алууга дагы көбүрөөк күч жумшасак, пайдасы канчалык зор болорун элестетсеңер. Андыктан, келгиле, анын изи менен жүргөнгө чечкиндүү бололу! Ушундай кылсак, куткарылууга алып бара турган жолдон чыкпайбыз жана Иса Машаяк жеткилең түрдө туураган Жахабага жакындай беребиз.

^ абз. 2 1 Петир 1:8, 9-аяттарда айтылгандар Машаяктын асманда жашоого үмүттөнгөн жолдоочуларына карата жазылган. Анткен менен алар жерде жашоого үмүттөнгөндөргө да тиешелүү.

^ абз. 9 Айрым ишенимдештерибиздин оор учурда кантип кайраттуу болушканы жөнүндө окуп көргүлө: «Күзөт мунарасы», 2000-ж., 1-дек., 24—28-б., ор.; «Ойгонгула!», 2003-ж., 22-апр., 18—21-б., ор.