1 Петир 1:1—25
1 Иса Машаяктын элчиси+ Петирден Понт, Галатия, Кападокия+, Азия* жана Битиния аймактарына чачырап кетип+, ал жерлерде убактылуу жашап жаткан+ тандалгандарга+,
2 тил алчаак болуп, Иса Машаяктын каны+ үстүнө чачыратылышы үчүн+, Кудай Атабыздын алдын ала билгени боюнча+ тандалып, рух менен ыйыкталгандарга+:
Кудайдын ырайымына, тынчтыгына мындан ары да ээ боло бергиле+.
3 Мырзабыз Иса Машаяктын Кудайы жана Атасы даңкталсын+. Ал улуу ырайымынан улам Иса Машаяктын тирилиши аркылуу+ жаңыдан төрөлүшүбүзгө жол ачып+, бизди тирүү үмүткө+,
4 чирибес, таза, соолгус мураска ээ кылды+. Ал мурас силер үчүн асманда сакталып турат+.
5 Силер болсо акыркы убакта+ ачыла турган+ куткарылууга ээ болушуңар үчүн+, ишенимиңердин негизинде Кудайдын күчү менен+ корголуп турасыңар.
6 Ошондуктан азыр силерге ар кандай сыноолордон улам бир аз убакытка кайгырууга туура келсе да+, абдан кубанып жатасыңар.
7 Анткени от менен сыналса да+, жок болуп кете турган алтындан алда канча баалуу сыналган ишенимиңер+ Иса Машаяктын ачылышында+ силерди мактоого, даңкка, урмат-сыйга ээ кылат.
8 Машаякты эч качан көрбөсөңөр да, силер аны жакшы көрөсүңөр+. Азыр да көрбөгөнүңөргө карабай, ага ишенип, сөз менен жеткире алгыс зор кубанычка бөлөнүп жатасыңар.
9 Себеби ишенимиңердин аркасында жаныңардын куткарыларын билесиңер+.
10 Силерге көрсөтүлө турган ырайым+ жөнүндө алдын ала айткан пайгамбарлар+ ошол куткарылуу тууралуу кылдат изилдеп+, ынтызарлык менен изденишкен.
11 Алар өздөрүндөгү рухтун, Машаяктын кандай азаптарды тартары+ жана андан кийин кандай даңкка бөлөнөрү жөнүндө+ алдын ала күбөлөндүргөн ыйык рухтун+, Машаякка байланыштуу+ кайсы убакты+ же кайсы мезгилди көрсөткөнүн изилдеп келишкен.
12 Кудай ал пайгамбарларга азыр силерге жарыяланган нерселерди+ билдирип жатышканда өздөрүнө эмес+, силерге кызмат кылышканын ачып берген. Силерге болсо аларды асмандан жиберилген ыйык рухтун жардамы менен+ жакшы кабар тараткандар жарыялашкан. Ал нерселерди түшүнүүнү периштелер да абдан каалашат+.
13 Ошондуктан акылыңар иш-аракетке даяр болсун*+, бардык жагынан сергек* болгула+. Иса Машаяктын ачылышында+ өзүңөргө көрсөтүлө турган ырайымга+ үмүттөнгүлө.
14 Тил алчаак балдардай болуп, мындан ары билбестиктен аткарып келген мурунку каалоолоруңарга жетеленбегиле+.
15 Силерди чакырган Кудай ыйык болгондой эле, силер да бардык жагынан ыйык болгула+.
16 Себеби Ыйык Жазмада: «Ыйык болгула, анткени мен ыйыкмын»+,— деп жазылган.
17 Эч кимге бет карамалык кылбай, ар бир адамды иштерине жараша соттогон Атаңарга+ кайрылып жатсаңар, анда бул дүйнөдө келгин катары жашап жаткан убагыңарды+ Андан коркуу менен өткөргүлө+.
18 Анткени силер ата-бабаларыңардан өткөн маңызсыз жашоодон күмүш же алтын сыяктуу чирип жок боло турган нерселер менен эмес+,
19 Машаяктын+ кемтиги жок, таза козунун+ канындай болгон баа жеткис каны+ менен куткарылганыңарды билесиңер+.
20 Ооба, Кудай аны дүйнө негизделгенге чейин+ эле тандап алган болчу. Бирок ал силер үчүн ушул акыркы убакта келди+.
21 Силер ал аркылуу Кудайга ишенип калдыңар+. Кудайга ишенип, андан үмүттөнүшүңөр+ үчүн, ал Машаякты тирилтип+, даңкка бөлөдү+.
22 Чындыкка баш ийгендиктен силер тазарып*+, чыныгы бир туугандык сүйүүгө ээ болдуңар+. Андыктан бири-бириңерди жан-дилиңер менен, чын жүрөктөн сүйгүлө+.
23 Силер чирий турган эмес+, чирибей турган+ уруктан+, тирүү жана түбөлүк Кудайдын+ сөзү+ аркылуу жаңыдан төрөлдүңөр+.
24 Анткени «адамдардын баары чөп сыяктуу, алардын бардык даңкы чөп гүлүндөй+. Чөп куурап, гүл соолуйт+,
25 ал эми Жахабанын сөзү түбөлүккө калат»+. Мына ошол «сөз»+ силерге жакшы кабар катары жарыяланды+.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «акылыңардын белин буугула».
^ Же: «тең салмактуу».
^ Сөзмө-сөз: «жаныңарды тазартып».