Жакан 15:1—27
15 Мен чыныгы жүзүм сабагымын+, Атам болсо багбан+.
2 Мендеги жемиш бербеген ар бир бутакты ал кыйып салат+, ал эми жемиш бергенин, дагы көбүрөөк жемиш бериши үчүн+, тазалап, бутайт+.
3 Силер мен айткан сөз аркылуу тазаландыңар+.
4 Мени менен биримдикте болгула, ошондо мен да силер менен биримдикте болом+. Бутак өз алдынча жемиш бере албагандай эле, силер да мени менен биримдикте болбосоңор, жемиш бере албайсыңар+.
5 Мен жүзүм сабагымын, силер болсо бутактарсыңар. Ким мени менен биримдикте болсо жана мен да аны менен биримдикте болсом, ал көп жемиш берет+. Ал эми менсиз эч нерсе кыла албайсыңар.
6 Ким мени менен биримдикте болбосо, ал кыйылып ташталган, куурап калган бутакка окшош. Андай бутактар чогултулуп, отко ыргытылат+.
7 Эгер мени менен биримдикте болсоңор жана сөздөрүмдү жүрөгүңөрдө сактасаңар, каалаганыңарды сурагыла — орундалат+.
8 Силер көп жемиш берип, шакирттерим экениңерди далилдеп жатканыңардан улам Атам даңкталып жатат+.
9 Атам мени сүйгөндөй эле+, мен да силерди сүйөм. Менин сүйүүмдөн айрылбагыла.
10 Мен Атамдын осуяттарын аткарып+, анын сүйүүсүнөн айрылбаганымдай эле, силер да менин осуяттарымды аткарсаңар+, сүйүүмдөн айрылбайсыңар.
11 Муну силерге менин кубанычымды толук сезишиңер үчүн айтып жатам+.
12 Менин осуятым бул: бири-бириңерди мен силерди сүйгөндөй сүйгүлө+.
13 Ким достору үчүн өз жанын берсе, аныкынан өткөн сүйүү жок+.
14 Эгер силерге буйругандарымды аткарсаңар, менин досторумсуңар+.
15 Эми силерди кул деп атабайм, анткени кул кожоюнунун эмне кылып жатканын билбейт. Мен силерди досторум деп атадым+, себеби силерге Атамдан уккандарымдын баарын ачып бердим+.
16 Силер мени эмес, мен силерди тандадым жана дайыма көп жемиш беришиңер үчүн+, жемишиңер түбөлүккө сакталышы үчүн дайындадым. Ошондуктан Атамдан менин атымдан эмне сурабагыла, ал силерге берет+.
17 Буларды силерге бири-бириңерди сүйүшүңөр үчүн айтып жатам+.
18 Эгерде дүйнө силерди жек көрсө, силерден мурун мени жек көргөнүн билгиле+.
19 Эгер бул дүйнөгө таандык болсоңор, дүйнө өзүнүкүн сүймөк+. Бирок силер бул дүйнөгө таандык болбогондуктан+ жана мен силерди дүйнөдөн тандап алгандыктан, дүйнө силерди жек көрөт+.
20 Силерге айткан сөзүм эсиңерде болсун: кул кожоюнунан жогору эмес. Эгер мени куугунтукташса, силерди да куугунтукташат+. Эгер менин сөзүмдү сакташса, силердин да сөзүңөрдү сакташат.
21 Мунун баарын силерге менин шакирттерим болгонуңар үчүн кылышат, анткени мени жибергенди билишпейт+.
22 Эгер келбесем жана эч нерсе айтпасам, алар күнөөкөр болушмак эмес+. Азыр болсо аларда күнөөсүн актоого эч негиз жок+.
23 Ким мени жек көрсө, ал Атамды да жек көрөт+.
24 Эгерде менден башка эч ким көрсөтпөгөн кереметтерди алардын арасында көрсөтпөсөм+, күнөөкөр болушмак эмес+. Бирок кереметтеримди көрүшкөнүнө карабай алар мени да, Атамды да жек көрүшөт+.
25 Бул алардын Мыйзамындагы: „Мени себепсиз эле жек көрүштү“+,— деген сөздүн аткарылышы үчүн болду.
26 Мен силерге Атамдан жардамчы жиберем+. Атамдан келе турган ал чындык руху мен жөнүндө күбөлөндүрөт+.
27 Силер да мен жөнүндө күбөлөндүрөсүңөр+, анткени башынан эле мени менен болдуңар.