Матай 23:1—39
23 Анан Иса элге жана шакирттерине+ мындай деди:
2 «Мусанын ордуна китепчилер+ менен фарисейлер отурду+.
3 Ошондуктан алардын айткандарынын баарын аткаргыла+, бирок кылгандарын кылбагыла+. Анткени алар айтарын айтышат, бирок өздөрү аткарышпайт.
4 Алар оор жүктөрдү таңып, башкалардын ийнине артып коюшат+, өздөрү болсо колунун учун тийгизип коюуну да каалашпайт+.
5 Алар бардык иштерин элге көрүнүш үчүн жасашат+. Ошондуктан тагынып жүргөн тумарларынын*+ көлөмүн чоңойтуп, кийимдеринин этегиндеги чачыларын+ узартышат.
6 Тойлордо төрдөн орун алууну+, синагогаларда алдыңкы орундарда отурганды+,
7 базар аянттарында башкалардын урмат көрсөтүп саламдашканын+ жана „Устат*“ деп атаганын жакшы көрүшөт+.
8 Бирок силер „Устат“ деп аталбагыла, анткени бир эле устатыңар бар+. Силер болсо бир туугансыңар.
9 Ошондой эле жер үстүндө эч кимди „Ата“*+ деп атабагыла, анткени бир эле Атаңар бар. Ал — асмандагы Атаңар.
10 „Жол башчы“ деп да аталбагыла+, анткени бир эле Жол башчыңар бар. Ал — Машаяк.
11 Араңарда ким чоң болсо, ал силерге кызматчы болсун+.
12 Ким өзүн көтөрсө, ал басынтылат+; ким өзүн төмөн койсо, ал көтөрүлөт+.
13 Китепчилер жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, башыңарга каран түн түшөт! Анткени башкалардын асман Падышалыгына киришине тоскоолдук кылып жатасыңар+. Өзүңөр да кирбей, кирүүнү каалагандарды да киргизбей жатасыңар+.
14 * ——
15 Китепчилер жана фарисейлер, эки жүздүүлөр+, башыңарга каран түн түшөт! Диниңерди бир киши болсо да кабыл алышы үчүн, жер-суунун баарын кыдырып чыгасыңар. Ал эми ал максатыңарга жеткенде, аны өзүңөрдөн эки эсе жаман, гээнага* таштала турган кишиге айлантасыңар.
16 Сокур жол көрсөтүүчүлөр+, башыңарга каран түн түшөт! Анткени: „Кимдир бирөө ибадаткананы оозанып ант берсе, эч нерсе эмес. Ал эми ибадаткананын алтынын оозанып ант берсе, анда антын аткарууга милдеттүү“,— дейсиңер+.
17 Акылсыздар, сокурлар! Кайсынысы маанилүү: алтынбы же аны ыйык кылган ибадатканабы?+
18 Ошондой эле силер: „Кимдир бирөө курмандык жайын оозанып ант берсе, эч нерсе эмес. Ал эми анын үстүндөгү тартууну оозанып ант берсе, анда антын аткарууга милдеттүү“,— деп айтасыңар.
19 Сокурлар! Кайсынысы маанилүү: тартуубу же аны ыйык кылган курмандык жайыбы?+
20 Курмандык жайын оозанып ант берген адам аны жана анын үстүндөгү нерселердин баарын оозанып ант берген болот.
21 Ибадаткананы оозанып ант берген адам аны жана анда жашаганды+ оозанып ант берген болот.
22 Асманды оозанып ант берген адам Кудайдын тактысын+ жана анда отурганды оозанып ант берген болот.
23 Китепчилер жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, башыңарга каран түн түшөт! Анткени жалбыздын, ашкөктүн, зиренин ондон бир бөлүгүн бересиңер+, бирок Мыйзамдагы орчундуураак нерселерге: адилеттүүлүккө+, кайрымдуулукка+, ишенимдүүлүккө+ маани бербейсиңер. Тигини да кылышыңар керек болчу, бирок башкаларын да көз жаздымында калтырбашыңар керек эле.
24 Сокур жол көрсөтүүчүлөр+, чиркейди+ чыпкалайсыңар да, төөнү+ жутасыңар!
25 Китепчилер жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, башыңарга каран түн түшөт! Анткени чөйчөк менен табактын сыртын тазалайсыңар+, бирок алардын ичи ач көздүккө+, ооздукталбаган каалоолорго толгон.
26 Сокур+ фарисей, адегенде чөйчөк менен табактын ичин тазала+, ошондо сырты да таза болот.
27 Китепчилер жана фарисейлер, эки жүздүүлөр+, башыңарга каран түн түшөт! Анткени акталган мүрзөлөргө окшошсуңар+. Алар сыртынан кооз көрүнгөнү менен, ичи өлгөндөрдүн сөөктөрүнө, ар кандай ыпыластыкка толгон.
28 Анын сыңарындай, силер да сыртыңардан адил болуп көрүнөсүңөр+, бирок ичиңер эки жүздүүлүк менен мыйзамсыздыкка толгон.
29 Китепчилер жана фарисейлер, эки жүздүүлөр+, башыңарга каран түн түшөт! Анткени пайгамбарларга күмбөз тургузуп, адил адамдардын мүрзөлөрүн кооздойсуңар да+:
30 „Ата-бабаларыбыздын күндөрүндө жашасак, аларга кошулуп пайгамбарлардын канын төкмөк эмеспиз“,— дейсиңер+.
31 Ошентип, пайгамбарларды өлтүргөндөрдүн уулдары экениңерди+ өзүңөр эле айтып жатасыңар.
32 Анда ата-бабаларыңардын кыянат иштерин уланта бергиле+.
33 Жыландар, кара чаар жыландын тукумдары+, гээнага ташталуу өкүмүнөн кантип качып кутуласыңар?+
34 Ошон үчүн мен силерге пайгамбарларды, акылман адамдарды, насаатчыларды+ жиберип жатам+. Алардын кээ бирлерин өлтүрөсүңөр+, устунга кадайсыңар, айрымдарын синагогаларыңарда уруп-сабап+, шаардан шаарга кууп, куугунтуктайсыңар.
35 Ошентип, адил Абылдан+ тартып ибадаткана менен курмандык жайынын ортосунда силер өлтүргөн Берехиянын уулу Закарыяга+ чейинки жер үстүндөгү бардык адил адамдардын төгүлгөн каны+ силердин мойнуңарда болот+.
36 Силерге айтып коёюн, бул муун ушунун бардыгы үчүн жоопко тартылат+.
37 Оо, Иерусалим, пайгамбарларды өлтүрүп+, өзүңө жиберилгендерди+ таш бараңга алган+ Иерусалим! Тоок жөжөлөрүн канатынын астына чогулткандай+, мен да сенин балдарыңды канча ирет чогулткум келди! Бирок силер каалаган жоксуңар+.
38 Мына, үйүңөр*+ кароосуз калтырылат!+
39 Силерге айтып коёюн, силер: „Жахабанын ысмы менен келатканга Анын батасы тийсин!“+ — деп айтканыңарга чейин мени көрбөйсүңөр».
Шилтемелер
^ Мусанын мыйзамынан көчүрүлгөн төрт үзүндү салынган кичинекей кутучалар. Аларды коргоо касиетине ээ деп эсептешкендиктен, жүйүт элиндеги эркектер чекесине жана сол колуна байлап жүрүшчү.
^ Сөзмө-сөз: «рабби».
^ Иса бул жерде «ата» деген сөздү диний наам катары колдонбош керектигин айткан.
^ Кара: 9-тирк.
^ Б. а. «ибадатканаңар».