Элчилер 14:1—28

14  Иконияда+ Пабыл менен Барнаба жүйүттөрдүн синагогасына кирип+, сөз сүйлөштү. Алардын сөзү ушунчалык таасирдүү болгондуктан, көптөгөн жүйүттөр менен гректер+ Исанын жолун жолдой башташты.  Бирок ишенбей койгон жүйүттөр башка улуттагыларды үгүттөп+, бир туугандарга каршы тукурушту+.  Пабыл менен Барнаба ал жакта бир топ убакыт болуп, Жахаба күч бергендиктен, тайманбай кабар айтып жүрүштү. Кудай өзүнүн ырайымы жөнүндө айтылган кабарды ырасташ үчүн алар аркылуу керемет-жышаандарды көрсөтүп жатты+.  Ошондо шаар калкы экиге бөлүнүп, бир тобу жүйүттөр тарапта, экинчи тобу элчилер тарапта болду.  Башка улуттагылар, ошондой эле жүйүттөр өздөрүнүн башчылары менен биригип алып, Пабыл менен Барнабаны кордоп, таш бараңга алмакчы болушту+.  Бирок экөө бул жөнүндө билип калып, Лукония аймагындагы Листра жана Дербе шаарларына, алардын чет-жакаларына качып барып+,  ошол жерлерде жакшы кабар таратып жүрүштү+.  Листрада буту шал, төрөлгөнүнөн тартып баспаган бир киши бар эле+.  Ал Пабылдын сөзүн угуп отурган. Пабыл аны тигиле карап, айыгыш үчүн ишеними бар экенин көргөндө+ 10  үнүн бийик чыгарып: «Ордуңан тур»,— деди. Ал ыргып туруп, баса баштады+. 11  Пабылдын аны айыктырганын көргөндө эл лукония тилинде: «Бизге кудайлар+ адам кейпин кийип түшүп келиптир!» — деп кыйкыра баштады. 12  Алар Барнабаны Зевс, Пабылды болсо Гермес деп атап коюшту, анткени көбүнчө Пабыл сүйлөп жаткан эле. 13  Зевстин ибадатканасы шаарга жакын жайгашкандыктан, Зевстин дин кызматчысы эл менен бирге курмандык чалмакчы болуп, шаар дарбазасынын алдына өгүздөрдү, жалбырактан жасалган таажыларды алып келди+. 14  Бирок элчилер, Барнаба менен Пабыл, бул жөнүндө укканда, сырт кийимдерин айрып, элдин ортосуна чуркап кирип, мындай деп кыйкырышты: 15  «Эмнеге минтип жатасыңар? Биз силерге окшогон эле+ пендебиз+. Ушундай пайдасыз нерселерди четке кагып+, асман-жерди, деңизди жана алардагынын баарын жараткан+ тирүү Кудайга кайрылышыңар үчүн+, силерге жакшы кабар жарыялап жатабыз. 16  Кудай мурун бардык элдерге өздөрү каалагандай жүрүүгө жол берип келген+. 17  Ошол эле учурда кылган жакшылыктары менен өзү жөнүндө күбөлөндүрө берген+: ал силерге асмандан жамгыр жаадырып+, берекелүү мезгилдерди тартуулап, тамак-ашты мол берип, жүрөгүңөрдү кубанычка толтуруп келген»+. 18  Ушуларды айтып, алар элди курмандык чалбаганга араңдан зорго көндүрүштү. 19  Ошол убакта Антиохия менен Икониядан жүйүттөр келип, элди тукуруп коюшкандыктан+, алар Пабылды таш бараңга алышты. Анан аны өлдү деп ойлоп, шаардын сыртына сүйрөп чыгарып салышты+. 20  Тегерегине шакирттер чогулганда, Пабыл ордунан туруп, шаарга кирди. Эртеси күнү болсо Барнаба экөө Дербеге жөнөп кетишти+. 21  Ал жерде жакшы кабар жарыялап, бир топ шакирт даярдагандан кийин+ артка жол тартып, кайрадан Листрага, Иконияга жана Антиохияга жөнөштү. 22  Ал шаарлардагы шакирттерге: «Кудайдын Падышалыгына биз көптөгөн кыйынчылыктар аркылуу киришибиз керек»+ — деп, аларды ишенимин бекем сактоого үндөп, кайраттандырышты+. 23  Андан тышкары, ар бир жыйналышка аксакалдарды дайындашты+. Анан тиленип, орозо туткандан кийин+ ал аксакалдарды өздөрү ишенип калган Жахабага тапшырышты+. 24  Анан Писидияны аралап өтүп, Памфилияга келишти+. 25  Пергеде Кудайдын сөзүн жарыялагандан кийин Аталияга барышты. 26  Ал жерден Антиохияга+ сүзүп кетишти. Ошол шаарда мурун аларга Кудайдын ырайымы көрсөтүлүп+, анын иши тапшырылган болчу. Алар ошол ишти аткарып бүтүп, кайтып келатышкан эле. 27  Антиохияга келишкенде алар жыйналышты чогултуп, Кудайдын өздөрү аркылуу эмнелерди кылганын жана башка элдерге ишенимди кабыл алууга жол* ачканын+ айтып беришти+. 28  Ошентип, шакирттер менен бир топ убакыт болушту.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «ишеним эшигин».