Элчилер 1:1—26

1  Теопил+, биринчи билдирүүмдө мен Исанын эмнелерди кылып, эмнелер тууралуу окутканын+,  өзү тандап алган элчилерине ыйык рух аркылуу көрсөтмөлөрдү берип+, асманга көтөрүлгөн+ күнгө чейин кылган бардык иштерин баяндап жазгам.  Азап чегип өлгөндөн кийин Иса аларга кырк күн бою көрүнүп+, өзүнүн тирүү экенин көптөгөн ишеничтүү далилдер менен көрсөткөн жана Кудайдын Падышалыгы жөнүндө айтып берген+.  Элчилерине жолукканда ал мындай буйрук берген: «Иерусалимден кетпей+, Атам убада кылганды күткүлө+. Силер ал жөнүндө менден уккансыңар.  Жакан сууга чөмүлдүргөн, силер болсо бир нече күндөн кийин ыйык рухка чөмүлтүлөсүңөр»+.  Алар дагы бир жолу чогулганда Исадан: «Мырзам, Ысрайыл падышалыгын+ азыр калыбына келтиресиңби?» — деп сурашты.  Ал: «Атам белгилеген*+ убакыт-мөөнөттөрдү билүүнүн силерге зарылдыгы жок+.  Бирок үстүңөргө ыйык рух түшкөндө+, күч аласыңар да, Иерусалимде+, бүт Жүйүт жеринде, Самарияда+, ошондой эле жердин учу-кыйырына чейин+ менин күбөлөрүм болосуңар»,— деди+.  Ушуларды айткандан кийин алардын көзүнчө жогору көтөрүлдү да+, булут каптап, көрүнбөй калды+. 10  Ал көтөрүлүп баратканда+, элчилер асманды карап турушту. Күтүлбөгөн жерден алардын жанына ак кийимчен эки киши пайда болуп+: 11  «Галилеялык эркектер, эмнеге асманды карап турасыңар? Асманга алынып кеткен бул Иса, силердин көзүңөрчө асманга кандай көтөрүлүп кетсе, ошондой жол менен келет»,— дешти+. 12  Андан кийин элчилер Зайтун тоосунан Иерусалимге кайтып келишти+. Ал тоо Иерусалимден бир чакырымдай эле алыстыкта жайгашкан болчу*+. 13  Алар келип, өздөрү токтогон үйдүн үстүнкү бөлмөсүнө чыгышты+. Ал элчилер — Петир, Жакан, Жакып, Андрес, Филип, Томас, Барталамей, Матай, Алпейдин уулу Жакып, ынталуу дешкен Симон жана Жакыптын уулу Жүйүт+. 14  Алар Исанын бир туугандары менен+, энеси Мариям жана башка аялдар+ менен биримдикте тиленип жүрүштү+. 15  Ошол күндөрдүн биринде, баары биригип 120дай шакирт чогулганда, Петир ортого туруп, мындай деди: 16  «Бир туугандар, Исаны кармап кеткендерге жол көрсөтүп келген+ Жүйүт тууралуу+ ыйык рухтун+ Дөөтү аркылуу алдын ала айткандары аткарылышы керек болчу+. 17  Анткени Жүйүт биздин катарыбызда болуп+, биз менен бирге кызмат кылган+. 18  Бирок ал арам жол менен тапкан+ акчасына талаа сатып алган+ жана башы менен ылдый кулаганда+, курсагы тарс жарылып, ичеги-карыны чубалып калган. 19  Бул тууралуу Иерусалимде жашагандардын баары угуп, ал талааны өздөрүнүн тилинде Акелдама, башкача айтканда, Кандуу-Талаа деп атап коюшкан. 20  Забур китебинде: „Үй-жайы ээн калсын, анда эч ким жашабасын“+, „Көзөмөлчүлүк кызматы башкага берилсин“,— деп жазылган+. 21  Ошондуктан анын ордун Мырзабыз Иса арабызда жүргөн убакта дайыма биз менен чогуу жүргөндөрдүн бири ээлеши керек+. 22  Ал киши Исанын Жаканга келип чөмүлтүлгөнүнөн+ асманга көтөрүлүп кеткенине чейин+ биз менен бирге жүргөндөрдөн жана Анын тирилгенине биз менен чогуу күбө болгондордон болушу керек»+. 23  Ошондо экөөнү: Барзаба деп да, Жуст деп да коюшкан Жусупту жана Матийди сунуш кылышты. 24  Анан Кудайдан тиленип: «Оо, Жахаба, сен ар бир адамдын жүрөгүн билесиң+. Ошондуктан бул эки кишинин кимисин тандаганыңды, 25  Жүйүт өз жолу менен кетиш үчүн таштап кеткен элчилик кызматка+ кимиси дайындалышы керектигин көрсөтө көр»,— дешти. 26  Андан кийин өкчөмө таш* ыргытышты+. Өкчөмө таш Матийге түшүп, ал он бир элчинин+ катарына кошулду.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «өз бийлигине калтырган».
Сөзмө-сөз: «бир ишемби күндүк жол эле». Жүйүттөр ишембиде ушунча эле аралык жол жүрүшчү.
1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.