Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ынталуулугуңан жазбай кызмат кыла бер

Ынталуулугуңан жазбай кызмат кыла бер

ЖАКШЫ КАБАРДЫ жарыялоо — дүйнө жүзүндө аткарылып жаткан эң маанилүү иш. Жахабанын кызматчысы болгондуктан сен ал ишти сыймык катары эсептээриң күмөнсүз. Бирок пионерлер менен жарчыларга ар кандай кыйынчылыктардан улам кээде баштагыдай ынталуу кызмат кылуу кыйынга турарына кошулат чыгарсың.

Ынталуу кызмат кыла берүүгө эмне жардам берет?

Айрым аймактарда көптөр үйүндө болбогондуктан, жарчылар үймө-үй кабар айтып жүргөндө чанда эле кимдир бирөөгө жолугуп, маек кура алат. Үй ээсине кезиккен күндө да, ал Падышалык жөнүндөгү кабарга кызыкпашы, атүгүл каршы болушу мүмкүн. Башка бир туугандар болсо, тескерисинче, аябай чоң, жемиштүү аймакта кызмат кылгандыктан ал жактагы ар бир кишиге кабар айтып жетише албайм деп бушайман болушат. Ал эми көптөгөн жылдар бою кызмат кылып келаткан ишенимдештерибиздин кээ бири бул дүйнөнүн акыры дагы деле келбей жатканын ойлоп, көңүл кайттыкка учурашат.

Ар түрдүү себептерден улам кээде ынтабыз басаңдай түшкөнү таң калыштуу эмес. Биз жакшы кабарды «Шайтандын бийлиги астындагы» дүйнөдө жарыялап жаткандыктан, ал тапшырманы аткаруу оңой-олтоң иштерден болот деп күтпөйбүз (1 Жкн. 5:19).

Кабар айтып жатканда кандай кыйынчылыкка туш болбо, Жахабанын аны көтөрүп кетүүгө жардам берерине эч шектенбе. Кызматка мындан да ынталуу катышуу үчүн эмне кылсаң болот? Кел анда, буга байланыштуу айрым кеңештерди карап көрөлү.

ТАЖРЫЙБАСЫ АЗДАРГА ЖАРДАМ БЕР

Жыл сайын миңдегендер чөмүлүп, Жахабанын кызматчыларынын катарына кошулууда. Эгер сен да жакында эле өмүрүңдү Кудайга арнап, чөмүлгөн болсоң, тажрыйбалуу жарчылардан көп нерселерге үйрөнө аласың. Бирок сен жакшы кабарды бир канча жылдан бери айтып келатсаңчы? Жаңыларга жардам бергиң келеби? Аларга жардам берсең, зор кубаныч аласың.

Шакирттери мыкты окутуучу болушу үчүн, Иса Машаяк аларды үйрөтүү керек экенин түшүнгөн. Ошондуктан аларга кантип кабар айтыш керектигин көрсөткөн (Лк. 8:1). Бүгүнкү күндө да тажрыйбасы аз жарчылар жакшы кызматчы боло алышы үчүн, аларга жардам беришибиз кажет.

Жаңы жарчылар кабар айтуу ишине катышып отуруп эле мыкты окутуучу болуп кетет деп ойлобошубуз керек. Алар тажрыйбалуу жарчылардын жумшактык, боорукердик менен берген кеңештерине муктаж. Тажрыйбалуу бир туугандар жаңыларды 1) сунуштоо даярдап, аны колдонууга, 2) үй ээси менен же кабарда кезиккен адам менен маектешүүгө, 3) адабияттарды колдонууга, 4) кызыккандарга кайра барууга жана 5) изилдөө баштоого үйрөтүшү зарыл. Жаңы жарчы тажрыйбалуу бир туугандын колдонгон ыкмаларын байкап, андан үлгү алганда, жыйынтыгы жакшы болот (Лк. 6:40). Эгер ал шеригинин керектүү учурда жардам берүүгө даяр экенин билсе, өзүн ишенимдүүрөөк сезет. Андай бир туугандарды мактап, зарыл кеңештерди айтып турганыбыздын да пайдасы зор (Нас. 4:9, 10).

ШЕРИГИҢ МЕНЕН ПИКИР АЛЫШ

Кээде канча аракет кылбайлы, аймакта эч ким менен маек кура албашыбыз мүмкүн. Бирок биз шеригибиз менен маектеше алабыз. Иса шакирттерин кабарга «эки-экиден жөнөткөнүн» эстесең (Лк. 10:1). Чогуу кызматташуунун аркасында алар бири-бирин кубаттап, дем-шык бере алышмак. Андыктан ишенимдешибиз менен кызматта жүргөндө, «бири-бирибизди бекемдөөгө» сонун мүмкүнчүлүк түзүлөт (Рим. 1:12).

Шеригиң менен эмнелер жөнүндө сүйлөшсөң болот? Балким, бири-бириңерге кызматта болгон окуяларды, өздүк же үй-бүлөлүк изилдөө учурунда тапкан кызыктуу маалыматтарды, же жыйналыштан уккан бекемдээрлик ойлорду айтып береттирсиңер. Кээде көп кызматташа элек ишенимдешиң менен кабарга чыгып калышың мүмкүн. Андайда анын чындык жолуна кантип түшкөнүн, биздин уюм чын эле Жахабанын уюму экенине эмнеден улам ынанганын, кандай баталарды алганын жана кандай кызыктуу окуяларга туш болгонун сурасаң болот. Кызматта жүргөндө адамдар кабарыбызга кандай жооп кайтарышпасын, шеригибиз менен кызматташуу бири-бирибизди «кубаттандырып, бекемдөөгө» шарт түзөт (1 Тес. 5:11).

ӨЗДҮК ИЗИЛДӨӨҢДҮН САПАТЫН ЖАКШЫРТ

Кызматта ынталуулугубуздан жазбашыбыз үчүн өздүк изилдөөбүздүн сапатын жакшыртканыбыз да маанилүү. Ишенимдүү жана акылдуу кул ар кандай темадагы макалаларды чыгарып келет (Мт. 24:45). Андыктан изилдесең боло турган макалалар арбын. Мисалы: «Падышалык тууралуу кабар айтуу эмне себептен абдан маанилүү?» — деген суроону карап чыгаттырсың. «Эмне үчүн ынталуулугуңан жазбашың керек?» деген кутучада кабар айтуу ишинин маанилүүлүгүнүн айрым себептери келтирилген.

Кутучада саналып өткөндөрдү талдап чыгуу сага мындан ары да жигердүү кабар айтууга түрткү берет. Ал жерде жазылбаган себептерди табыш үчүн, балким, дагы тереңирээк изилдеп көрөттүрсүң. Анан ошол себептер жана аларды бышыктаган аяттар тууралуу ой жүгүрт. Ушундай кылсаң, мындан ары да кызматка ынталуу катыша берүүгө чечкиндүү болоруң шексиз.

ЖАҢЫ ЫКМАЛАРДЫ КОЛДОНУУГА ДИЛГИР БОЛ

Жахабанын уюму кызматыбызды жакшыртуу үчүн кандай ыкмаларды колдонсок болорун мезгил-мезгили менен сунуш кылып турат. Мисалы, үймө-үй кабар айтуудан тышкары, расмий эмес түрдө күбөлөндүрсөк, ошондой эле кат, телефон аркылуу же көчөдө, коомдук жайларда, ишкер аймакта кабар айтсак болот. Андан сырткары, сейрек иштетилген аймакта да кабар айтууга аракет кылганыбыз абзел.

Сен кызматтын ушундай түрлөрүнө катышууга умтуласыңбы? Алардын кайсынысына катышып көрдүң? Көптөр кызматтын ар кандай түрлөрүнө катышып, жакшы натыйжага жетишкен. Эмесе, үч бир туугандын мисалын карап көрөлү.

Эйприл деген ишенимдешибиз «Падышалык кызматыбызга» чыккан макалалардын бириндеги ыйык китептик изилдөө баштоого байланыштуу кеңешти колдонуп көрүүнү чечкен. Ал жумушундагы үч аялга Ыйык Китепти изилдөөнү сунуш кылган. Кызыктуусу, үчөө тең изилдөөгө макул болуп, атүгүл жыйналыш жолугушууларына келе баштаган. Эйприл буга бир чети абдан таң калса, бир чети аябай сүйүнгөн.

Уюм бизди журналдарыбызга чыккан кайсы бир тармакка тийиштүү макалаларга кызыккан адамдарды издөөгө үндөп келет. Экинчи окуя ушуга байланыштуу болгон. Кошмо Штаттардагы бир райондук көзөмөлчү машиненин дөңгөлөктөрү жөнүндөгү макала камтылган «Ойгонгула!» журналын ошол аймактагы дөңгөлөк сатылган бардык дүкөндөрдүн жетекчилерине сунуш кылган. Андан тышкары, ал жубайы менен чогуу ал журналдын «Доктурлардын эмгегин баалагыла» деген аталыштагы санын 100дөн ашуун доктурга алып барып берген. Ал бир тууган: «Ушундай иш-аракетибиздин аркасында алар биздин уюм жана адабияттарыбыз жөнүндө маалымдар болушту. Ал жактагылар менен жакшы тааныш болуп калгандан кийин аялым экөөбүзгө аларга көбүрөөк жолугуп турууга шарт түзүлдү»,— дейт.

Эми үчүнчү окуяга токтололу. Жуди аттуу бир эже башкы башкармалыкка бир туугандарды телефон аркылуу күбөлөндүрүүгө үндөгөнү үчүн ыраазычылык билдирип, кат жазган. Ал апасынын 86да экенин жана анын ден соолугу аябай начар болгондуктан дайыма телефон аркылуу кабар айтарын, ошондой эле 92 жаштагы бир апа менен изилдөө өткөрөрүн билдирген.

Ооба, биздин адабияттарда, чынында эле, эң сонун кеңештер берилет. Ошондуктан аларды колдон. Ал кеңештер кызматтан кубаныч алып, ынталуу болгонго жардам берет.

ЖЕТЕ АЛА ТУРГАН МАКСАТТАРДЫ КОЙ

Кызматыбыздын ийгиликтүү болуп жаткан-жатпаганы канча адабият таратканыбызга, канча киши менен Ыйык Китепти изилдээрибизге же канча кишиге Жахабанын кызматчысы болууга жардам бергенибизге жараша аныкталбайт. Нух пайгамбарды эстесең. Ал өзүнүн үй-бүлөсүндөгүлөрдөн башка дагы кимге Жахабанын жолуна түшүүгө жардам берди эле? Ошентсе да ал мыкты кабарчы болгон. Андыктан, эң негизгиси, Жахабага ишенимдүү кызмат кыла беришибиз керек (1 Кор. 4:2).

Көптөгөн жарчылар кабар айтуу ишине жигердүү катышуу үчүн жете ала турган максаттарды коюшу керектигин түшүнүшкөн. Андай максаттарга эмнелер кирет? Алардын айрымдары ушул беттеги кутучада жазылган.

Жахабадан тиленип, кызматыңды жемиштүү кылуунун жолдорун изде. Максаттарыңа жеткенде жакшы кабарды айтууга колуңдан келишинче аракет кылып жатканың үчүн жүрөгүң кубанычка толот.

Ырас, жакшы кабарды жарыялоо дайыма эле оңой боло бербейт. Бирок күч-аракет жумшоонун аркасында жигердүү кызмат кыла аласың. Ушул макалада айтылгандай, шеригиң менен бекемдээрлик пикир алыш, өздүк изилдөөңдүн сапатын жакшырт, ишенимдүү кул берген кеңештерди колдон жана жете ала турган максаттарды кой. Баарынан маанилүүсү, Жахабанын сени өзүнүн Күбөсү катары тандап алып, жакшы кабар жарыялоо сыймыгын ыйгарганын унутпа! (Ыш. 43:10). Мындан ары да ынталуулугуңан жазбай кызмат кыла берсең, зор кубанычка бөлөнөсүң.