1 Корунттуктар 3:1—23

3  Бир туугандар, силер менен Кудайдын рухуна жетектелген адамдар+ менен сүйлөшкөндөй сүйлөшө албай, өз каалоолоруна жетеленген адамдар менен, Машаяк жолундагы наристелер менен сүйлөшкөндөй сүйлөшкөм+.  Силерди катуу тамак менен эмес, сүт менен азыктандыргам+, анткени катуу тамакты сиңире алмак эмессиңер. Азыр деле сиңире албайсыңар+,  себеби азыр да өз каалоолоруңарга жетеленип жашап жатасыңар+. Ортоңордо көрө албастык, чыр-чатак бар болсо+, анда өз каалоолоруңарга жетеленип, дүйнөдөгүлөрдөй эле жашап жаткан жоксуңарбы?+  Бириңер: «Мен Пабылдын шакиртимин»,— десеңер, дагы бириңер: «Мен Аполостукумун»,— деп жатсаңар+, башкалардан эмне айырмаңар бар?  Аполос ким?+ Пабыл ким? Алар — Мырзабыз тапшырган ишти аткарып, силерге ишенимге ээ болууга жардам берген кызматчылар+.  Мен тиккем+, Аполос сугарган+, бирок Кудай өстүргөн+.  Ошондуктан тиккен да+, сугарган да эмес, өстүргөн Кудай даңкталышы керек+.  Тиккен менен сугаргандын эмгеги бирдей+, бирок ар бири өз эмгегине жараша сыйлык алат+.  Биз Кудайдын кызматташтарыбыз+, силер болсо Кудайдын эгин талаасысыңар+, Кудайдын имаратысыңар+. 10  Кудайдын мага көрсөткөн ырайымынын негизинде+ мен курулуш ишинин акылман жетекчиси катары пайдубал салдым+, ал эми башка бирөө анын үстүнө куруп жатат. Бирок ар бир адам кандай куруп жатканына көңүл бурсун+. 11  Себеби эч ким салынган пайдубалдан бөлөк пайдубал+ сала албайт. Ал пайдубал — Иса Машаяк+. 12  Ошол пайдубалдын үстүнө бирөө алтындан, күмүштөн, баалуу таштардан курса, башка бирөө жыгачтан, чөптөн, самандан курат. 13  Сыноо күнү келгенде, ар биринин иши айкын болот, анткени от аркылуу ачыкка чыгып+, кимдин иши кандай экени сыналат. 14  Кимдин ошол пайдубалдын үстүнө курган иши отко туруштук берсе+, ал сыйлык алат+. 15  Ал эми кимдин иши күйүп кетсе, өзү куткарылганы менен, жоготууга учурайт+. Куткарылган күндө да оттон чыккандай болуп куткарылат+. 16  Кудайдын ибадатканасы экениңерди+ жана силерде Кудайдын руху бар экенин билбейсиңерби?+ 17  Ким Кудайдын ибадатканасын кыйратса, аны Кудай кыйратат+, анткени Кудайдын ибадатканасы ыйык+. Ошол ибадаткана+ силерсиңер+. 18  Эч ким өзүн өзү алдабасын: араңардан ким бул дүйнө түзүлүшүндө өзүн акылман көрсө+, акылсыз болсун. Ошондо ал акылман болот+. 19  Анткени бул дүйнөнүн акылмандыгы — Кудайдын көз алдында акылсыздык+. Себеби Ыйык Жазмада: «Ал акылмандарды өздөрүнүн эле айла-амалы менен кармайт»,— деп жазылган+. 20  «Жахаба акылмандардын ойлору курулай убаракерчилик экенин билет»,— деп да жазылган+. 21  Ошондуктан эч ким адам баласы менен мактанбасын, анткени баары силерге таандык+. 22  Пабыл да, Аполос да+, Кейфа да, дүйнө да, өмүр да, өлүм да, азыркы нерселер да, келечектеги нерселер да+ — баары силерге таандык. 23  Силер болсо Машаякка+, ал эми Машаяк Кудайга таандык+.

Шилтемелер