1 Падышалар 7:1—51

7  Өзүнүн үйүн+ болсо Сулайман он үч жылда куруп бүттү+.  Ал узундугу 100, туурасы 50, бийиктиги 30 чыканак болгон Лебанон токою деп аталган үйдү+ курду. Ал үй төрт катар кылып орнотулган бал карагай мамылардын үстүнө жаткырылган төрт кырдуу бал карагай устундарынын+ үстүнө курулду.  Анын ичин, кырк беш мамынын үстүнө коюлган төрт кырдуу устундардын өйдө жагын, бал карагай тактайы менен каптады+; бир катарда он беш болчу.  Бири-бирине тушташ үч катар терезе коюлду+.  Кире бериштери, эшиктердин кашектеринин+ баары, ошондой эле бири-бирине тушташ үч катар терезелердин сырт жагы да төрт бурчтуу болду.  Андан сырткары, ал түркүктөрү бар узундугу 50, туурасы 30 чыканак болгон сере* курду. Анын түркүктөрүнүн алды жагына түркүктөрү бар дагы башка сере менен чатырча курду.  Ошондой эле ал сот жүргүзө турган+ жай куруп, аны Такты+ жайы деп атады. Анын ичин жеринен шыбындагы төрт кырдуу устундарына чейин бал карагай менен каптады+.  Сулайман өзү жашай турган үйдү да ошондой кылып курду, бирок аны Такты жайы турган короодон+ башка короого курду. Ал аялынын, фараондун кызынын+, үйүн да Такты жайына окшоштуруп курду.  Алардын баары, пайдубалынан чатырынын астындагы чыгып турган кырбуусуна* чейин, сырт жагынан чоң короого+ чейин, эки бети тең арааланган, жылмаланган, бирдей көлөмдөгү кымбат баалуу таштардан курулду+. 10  Пайдубалы болсо айрымдары 10 чыканак, айрымдары 8 чыканак болгон кымбат баалуу чоң таштардан тургузулду. 11  Үстүнө бирдей көлөмдөгү жылмаланган кымбат баалуу таштар менен бал карагай устундары коюлду. 12  Чоң короону, Жахабанын үйүнүн+ ички короосу+ менен мунарасын+ курчаган сыяктуу эле, үч катар+ жылмаланган таштар жана бир катар төрт кырдуу бал карагай устундары менен курчады. 13  Сулайман падыша Тирге кишилерин жиберип, Хирамды+ алдырды. 14  Ал Напталы уруусундагы жесир аялдын уулу эле, атасы тирдик+ жез уста болчу+. Акылмандыкка, түшүнүккө, билимге ээ болгондуктан+ Хирам жезден ар кандай буюмдарды жасачу. Ал Сулайман падышага келип, өзүнө тапшырылган иштерди аткара баштады. 15  Ал жезден ар биринин бийиктиги 18 чыканак болгон эки жез мамы куйду+. Аларды жип менен айланта ченегенде, ар биринин жоондугу 12 чыканак болду. 16  Ал мамылардын+ үстүнө коюш үчүн жезден ар биринин бийиктиги 5 чыканак болгон эки таажы куйду. 17  Таажылардын ар бирин өрүлгөн чынжырлардан+ жасалган жети тор менен кооздоду. 18  Анан таажыларды кооздош үчүн ар бир торго айландыра эки катардан анар жасады. Эки таажыны тең ушундай кылып кооздоду+. 19  Мунаранын алдына орнотула турган ал мамылардын үстүнө коюлган таажылардын ар бири бийиктиги 4 чыканак болгон лилия гүлүнө окшоштурулуп жасалды+. 20  Таажылар мамылардын тор менен кооздолгон жоонураак жерине орнотулду. Ар бир таажыга тегерете катар-катар кылып 200 анар жасалды+. 21  Ал мамыларды ибадаткананын мунарасынын+ алдына орнотту+. Бирин оң жагына орнотуп, Жахин* деп атады, ал эми экинчисин сол жагына орнотуп, Бууз* деп атады. 22  Алардын үстүнө коюлган таажылар лилия гүлүнө окшоштурулуп жасалды. Ошентип, ал мамыларды толугу менен жасап бүттү. 23  Андан кийин жезден бир четинен экинчи четине чейин 10 чыканак, ал эми бийиктиги 5 чыканак болгон чоң казан* куйду+. Аны жип менен айланта ченегенде, 30 чыканак болду+. 24  Казандын кырынын ылдый жагына тегерете эки катар жапайы дарбыздардын сүрөтү түшүрүлдү+, бир чыканак жерге он дарбыздын сүрөтү түшүрүлдү. Ал дарбыздарды казанды куюп жатканда кошо куйду+. 25  Ал казанды он эки өгүздүн+ үстүнө орнотту. Өгүздөрдүн үчөө түндүктү, үчөө батышты, үчөө түштүктү, үчөө чыгышты карап турду. Ал эми алардын арт жагы казандын астына кирип турду+. 26  Казандын калыңдыгы алакандын эниндей эле+. Анын жээгин болсо табактын жээгине окшош кылып жасады, ал лилия гүлүнө окшош эле+. Ага 2 000 бат*+ суу батчу+. 27  Анан ар биринин узундугу 4 чыканак, туурасы 4 чыканак, бийиктиги 3 чыканак болгон он жез араба+ жасады. 28  Аларды мындай кылып жасады: капталдарын жасап, аларды торго окшоштурулуп жасалган кашектерге бекитти. 29  Капталдарына да, алар бекитилген кашектерге да арстандардын+, букалардын+, керуптардын+ сүрөттөрү түшүрүлдү. Ал эми арстандар менен букалардын үстү жагы менен асты жагына илинип турган өрүлгөн гүлдөрдүн+ сүрөтү түшүрүлдү. 30  Ар бир арабага жез огу бар төрт жез дөңгөлөк жасалды. Алар төрт бурчунан төрт тирөөч менен карматылды. Өрүлгөн гүлдөр тирөөчтөрдү бириктирип турду. Казанды өрүлгөн гүлдөр менен кошо куюлган ошол тирөөчтөр кармап турду. 31  Казандын оозу, казандын түбүнөн тирөөчтөргө жана кырына чейин ченегенде, ...* чыканак болду. Арабанын жогору жагы бир жарым чыканак келген тегерек түпкүч сыяктуу эле. Казан турган ал түпкүчтүн бетине да сүрөттөр түшүрүлдү. Капталдары болсо тегерек эмес, төрт бурчтуу эле. 32  Арабанын төрт дөңгөлөгү капталдарынын асты жагына, аларды кармап турган бекиткичтер болсо арабанын түп жагына жайгаштырылды. Ар бир дөңгөлөктүн бийиктиги бир жарым чыканак болду. 33  Анын дөңгөлөктөрү кадимки арабалардын дөңгөлөктөрүнө+ окшоштурулуп жасалды. Алардын бекиткичтери, алкактары, чабактары, күпчөктөрү — баары куюлуп жасалды. 34  Ар бир арабанын төрт бурчунда төрт тирөөчү бар эле. Алардын баары араба менен бирге куюлган болчу. 35  Арабанын жогору жагына жарым чыканак келген тегерек түпкүч жасалды. Арабанын капталдары менен анын жогору жагындагы түпкүчтүн капталдары да араба менен бирге куюлду. 36  Анын капталдарынын бетине, бир да жерин бош калтырбай, керуптардын, арстандардын, курма дарактарынын сүрөттөрүн, ошондой эле тегерете өрүлгөн гүлдөрдүн сүрөтүн түшүрдү+. 37  Ал он арабанын+ баарын ушундай кылып куйду. Алардын көлөмү да, көрүнүшү да бирдей эле+. 38  Анан жезден ар бири 4 чыканак болгон жана ар бирине 40 бат суу баткан он казан куйду+. Он арабанын ар биринин үстүнө ошондой казандан бирден койду. 39  Беш арабаны үйдүн оң жагына, бешөөнү сол жагына койду+. Ал эми чоң казанды үйдүн оң жагына, түштүк-чыгыш тарабына койду+. 40  Убакыттын өтүшү менен Хирам+ чараларды+, калактарды+, табактарды+ да жасады. Ошентип, ал Жахабанын үйүнө байланышкан иштердин баарын, Сулайман падыша тапшырган иштердин баарын, бүтүрдү+. Ал буларды: 41  эки мамыны+, алардын үстүнө орнотулган табакка окшош эки тегерек таажыны+, аларды кооздогон эки торду+, 42  мамылардын үстүндөгү табакка окшош эки таажыны кооздош үчүн жасалган ал эки тордун ар бирине эки катардан жасалган төрт жүз анарды+, 43  он арабаны+, алардын үстүндөгү он казанды+, 44  чоң казанды+, анын астындагы он эки өгүздү+, 45  күл салгычтарды, калактарды жана Жахабанын үйүндө колдонулчу, Сулайман падыша айткан башка буюмдарды жасады+. Хирам алардын баарын жалтырата жылмаланган жезден жасады. 46  Падыша аларды Иордан өрөөнүндө*+, Сукот+ менен Саретандын+ ортосунда, чопо калыптарга куюп жасады. 47  Сулайман ал буюмдарды+ таразага тарткан жок, анткени алар абдан көп болчу+. Аларга канча жез кеткенин эсептешкен жок+. 48  Убакыттын өтүшү менен Сулайман Жахабанын үйүндө колдонулчу буюмдардын баарын жасады. Ал алтын жыпарзат түтөткүчтү+, тартуу катары алынып келген нандар коюлчу алтын үстөлдү+, 49  бешөө ички бөлмөнүн оң тарабында, бешөө сол тарабында турган алтын+ чыракпаяларды+, алтын гүлдөрдү+, чырактарды+, биликтин күйүгүн алууга колдонулчу алтын кычкачтарды+, 50  таза алтындан жасалган чараларды, билик өчүргүчтөрдү+, табактарды+, чөйчөктөрдү+, чок салгычтарды+, үйдүн ички бөлмөсүнүн, башкача айтканда, Ыйыктын ыйыгынын жана ибадаткананын+ эшиктеринин+ алтын топсолорун жасады. 51  Ошентип, Сулайман падыша Жахабанын үйүнө байланышкан иштердин баарын бүтүрдү+. Ал атасы Дөөтү ыйыктаган алтын-күмүштүн+ жана башка буюмдардын баарын алып келип, Жахабанын үйүнүн казынасына өткөрдү+.

Шилтемелер

Түркүктөргө орнотулган үстү гана жабылып, капталдары ачык жай.
Кырбуу — бир нерсенин кыр болуп чыгып турган бөлүгү, жээги, кыры.
Мааниси: «ал бекемдейт».
Сыягы, «күчү менен» дегенди билдирген жана Жахин деген мамынын аталышы окулгандан кийин окулган.
Сөзмө-сөз: «куйма деңиз».
Болж. м-н 44 000 л.
Еврей тилиндеги текстте саны жок.
Иордан өрөөнүнүн төмөнүрөөк келген жери.