Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Экинчи Жылнаама китебиндеги урунттуу ойлор

Экинчи Жылнаама китебиндеги урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Экинчи Жылнаама китебиндеги урунттуу ойлор

ЫЙЫК ЖАЗМАНЫН Экинчи Жылнаама китеби Сулаймандын Ысрайылда падыша болуп бийлик жүргүзгөнү тууралуу билдирүү менен башталат. Ал эми аягы Персия падышасы Корештин Бабылда туткунда жүргөн жүйүттөргө: «[Жахаба] Жүйүт аймагындагы Иерусалимге Теңирдин үйүн курууну мага буйрук кылды. Араңарда Анын элинен ким калса, ал ошол жакка бет алсын, Кудай аны менен болот»,— деген сөздөрү менен бүтөт (2 Жылнаама 36:23). Б.з.ч. 460-жылы ыйык кызмат кылуучу Эзра тарабынан жазылып бүткөн бул китепте 500 жылдын ичинде, тактап айтканда, б.з.ч. 1037-жылдан б.з.ч. 537-жылга чейин болуп өткөн окуялар баяндалат.

Корештин буйругу менен жүйүттөр Иерусалимге кайтып барууга жана Жахабага болгон сыйынууну калыбына келтирүүгө уруксат алышат. Көп жылдар бою Бабылда туткунда жүрүү элге терс таасирин тийгизбей койбойт. Мекенине кайтып баргандар өз элинин тарыхын унутуп коюшкан эле. Экинчи Жылнаама китебиндеги маалыматтар аларга Дөөттүн тукумунан чыккан падышалар бийлик кылган убакта кандай окуялар болуп өткөнүн билүүгө жардам берген. Бул китептеги билдирүүлөр бизди да кызыктырат, себеби алар чыныгы Кудайга тил алуу кандай баталарды алып келерин, ал эми тил албоо кесепеттүү экенин көрсөтүп турат.

ПАДЫША ЖАХАБАГА АРНАП ҮЙ КУРАТ

(2 Жылнаама 1:1—9:31)

Жахаба Сулайман падышага ал чын жүрөгүнөн сураган акылмандык менен билимди жана аларга кошуп байлык менен атак-даңкты берет. Падыша Иерусалимде Жахаба үчүн эң бир кооз үй курат жана ага байланыштуу салтанатка катышкан элдин «жүрөктөрү кубанычка, шаттыкка бөлөнөт» (2 Жылнаама 7:10). Сулайман «байлыгы, акылмандыгы жагынан жер жүзүндөгү бардык падышалардан ашып түшөт» (2 Жылнаама 9:22).

Ысрайыл элин 40 жыл башкаргандан кийин «Сулайман көз жумуп, ата-бабаларына кошулат... Анын ордуна уулу Рехабам падыша болот» (2 Жылнаама 9:31). Эзра Сулаймандын чыныгы сыйынуудан четтеп кеткени тууралуу эч нерсе жазбайт. Анын туура эмес иштеринин ичинен ал Мисирден көп аттарды алдырганын жана фараондун кызына үйлөнгөнүн гана айтып өтөт. Ошентип, Эзра билдирүүсүн оң маанайда жазат.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

2 Жылнаама 2:14 — Эмне себептен чебер устанын келип чыккан уруусу жөнүндөгү бул билдирүү 1 Падышалар 7:14төгүдөн айырмаланат? Биринчи Падышалар китебинде чебер устанын энеси «Напталы уруусундагы жесир аял» болгону айтылат, себеби ал ошол уруудагы кишиге турмушка чыккан. Бирок аял өзү Дан уруусунан болчу. Күйөөсү өлгөндөн кийин, ал тирлик бир кишиге турмушка чыгып, кеп кылынган уста ошол никеден төрөлгөн.

2 Жылнаама 2:18; 8:10 — Эмне үчүн бул аяттарда жумушчулардын үстүнөн коюлган көзөмөлчүлөр менен башкы көзөмөлчүлөрдүн саны 3 600 жана 250 деп айтылса, 1 Падышалар 5:16да жана 9:23тө алардын саны 3 300 жана 550 делет? Кыязы, бул алардын ээлеген абалына байланыштуу болгон көрүнөт. Балким, 2 Жылнаама китебинде жумушчулардын 3 600ү ысрайылдык болбогону, ал эми 250сү ысрайылдык болгону тууралуу айтылса, 1 Падышалар китебинде 3300 жумушчу жана 550 көзөмөлчү болгону көрсөтүлүп жатат. Кандай болбосун, эки билдирүүдө тең кызмат кылгандардын жалпы саны 3 850 адамды түзөт.

2 Жылнаама 4:2—4 — Эмне үчүн жезден жасалган чаранын астына өгүздөр орнотулган? Ыйык Китепте өгүз же бука күчтү символдоштурат (Жезекиел 1:10; Аян 4:6, 7). Өгүздөрдүн тандалганы эң эле орундуу болгон, себеби жезден жасалган 12 өгүз көтөрүп турган чаранын салмагы 30 тоннага жеткен. Ошондуктан өгүздөрдүн ал жерге орнотулганы экинчи осуятты бузган эмес. Ал осуятта сыйынуу үчүн эч кандай буюм жасабоо талап кылынган болчу (Чыгуу 20:4, 5).

2 Жылнаама 4:5 — Жез чаранын жалпы сыйымдуулугу канча болгон? Ал чарага үч миң бат, башкача айтканда, болжол менен 66000 литр суу батчу. Бирок, адатта, ага чаранын жалпы сыйымдуулугунун үчтөн эки бөлүгүнө барабар гана суу куюлчу көрүнөт. 1 Падышалар 7:26да: «[Чаранын] сыйымдуулугу эки миң бат [44 000 литр] эле»,— деп айтылат.

2 Жылнаама 5:4, 5, 10 — Сулайман орноткон ийбадатканага Муса тургузган жыйын чатырындагы кайсы буюмдар коюлган? Сулайман орноткон ийбадатканада Муса тургузган жыйын чатырындагы буюмдардын ичинен келишим сандыгы эле сакталган. Ийбадаткана курулуп бүткөндөн кийин, Гибондо жайгашкан жыйын чатыры Иерусалимге алынып келген жана кыязы, ошол жерде калган (2 Жылнаама 1:3, 4).

Биз алчу сабактар:

2 Жылнаама 1:11, 12. Сулайман падыша бул өтүнүчү менен Жахабага акылмандык менен билимге ээ болууну абдан каалаарын көрсөткөн. Чынында эле, тиленүүлөрүбүз жүрөгүбүздөгү каалоолорубузду көрсөтүп турат. Ошондуктан алардын мазмуну тууралуу ойлонгонубуз акылдуулукка жатат.

2 Жылнаама 6:4. Жахабанын ырайымы менен жакшылыкчылдыгы үчүн чын жүрөктөн ыраазы болсок, ага алкыш айтууга, башкача айтканда, аны жылуу сезимдер жана ыраазычылык менен даңктап-мактоого түрткү алабыз.

2 Жылнаама 6:18—21. Имараттардын бардыгы Кудай үчүн тардык кылса да, Сулайман курган ийбадаткана Жахабага сыйынуунун борбору болуп кызмат кылган. Бүгүн Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залдары чыныгы сыйынуунун борбору болуп кызмат кылат.

2 Жылнаама 6:19, 22, 32. Жахабага бүт баары: падышадан тартып санда жок эсептелген адамга чейин, ал турсун, бөтөн жерлик адам да чын жүрөктөн кайрыла алчу * (Забур 64:3).

ДӨӨТТҮН ТУКУМУНАН ЧЫККАН ПАДЫШАЛАР

(2 Жылнаама 10:1—36:23)

Башында бирдиктүү болгон Ысрайыл падышалыгы экиге: он уруудан турган түндүк падышалыгына жана эки уруудан, тактап айтканда, Жүйүт менен Бенжемин урууларынан турган түштүк падышалыгына бөлүнөт. Ысрайылдагы бардык ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер улутчулдукка алдырбай, Дөөт менен түзүлгөн Падышалык келишимине болгон берилгендигин сактап, Сулаймандын баласы Рехабамдын тарабына өтүшөт. Ийбадаткананын тургузулганынан 30 жылдан бир аз ашканда, андагы буюмдардын баары тонолот.

Рехабамдан кийин бийлик кылган 19 падышанын бешөө Кудайга ишенимдүү болгон, үчөө башында берилгендик менен кызмат кылып, бирок аягында ишенимсиз болуп кеткен, ал эми бирөө өзүнүн жаман жолунан кайткан. Калгандары Жахабага жакпаган иштерди кылышкан *. 2 Жылнаама китебинде Жахабага таянган беш падышанын иш-аракеттери тууралуу кенен баяндалат. Хискиянын ийбадатканадагы кызматты кайрадан күчүнө киргизгендиги жана Жошиянын улуу Пасах майрамын өткөрүүгө кам көргөнү жөнүндөгү билдирүүлөр Иерусалимде Жахабага сыйынууну калыбына келтирүүнү каалаган жүйүттөрдү абдан бекемдесе керек.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

2 Жылнаама 13:5 — «Туз келишими» деген сөз айкашы кандай маанини туюнтат? Бир нерсени бузулуп кетүүдөн сактоо касиетинен улам туз туруктуулук менен өзгөрүлбөстүктүн символу болуп калган. Ошондуктан «туз келишими» өзгөрүлгүс келишимди билдирет.

2 Жылнаама 14:2—5; 15:17 — Аса падыша «дөбөлөрдүн» («Мукаддас») баарын жок кылганбы? Жок, анткен эмес окшойт. Ал, сыягы, эл Жахабага сыйынган дөбөлөрдү калтырып, жалган кудайларга сыйынуу менен байланышкандарын гана жок кылган. Бирок Асанын бийлигинин акыркы жылдарында андай дөбөлөр кайрадан курулган көрүнөт. Аларды анын баласы Жошапат жок кылган. Анткен менен Жошапаттын тушунда да дөбөлөр толугу менен жок кылынган эмес окшойт (2 Жылнаама 17:5, 6; 20:31—33).

2 Жылнаама 15:9; 34:6 — Ысрайыл падышалыгы бөлүнгөндө, Шымон уруусу каякка караган? Шымон уруусуна жер үлүшү Жүйүт аймагынан берилгендиктен, ал уруу географиялык жактан Жүйүт жана Бенжемин уруусу түзгөн падышалыкка кирген (Жашыя 19:1). Бирок диний жана саясый жактан бул уруу өзүн түндүк падышалыкка таандык деп эсептечү (1 Падышалар 11:30—33; 12:20—24). Ошондуктан Шымон уруусу он уруудан турган падышалыкка таандык уруу болуп эсептелчү.

2 Жылнаама 35:3 — Жошия ийбадатканага келишим сандыгын кайсы жерден алып келген? Ыйык Китепте келишим сандыгын ишенимсиз падышалардын бири башка жерге алып кеткени же ийбадатканада чоң оңдоо иштери жүргүзүлгөндө, Жошия аны сактоо үчүн башка жерге коюп койгону тууралуу эч нерсе айтылбайт. Сулаймандын күндөрүнөн кийин келишим сандыгы тууралуу Жошия аны ийбадатканага алып келгендиги жөнүндө айтылганда гана сөз жүрөт.

Биз алчу сабактар:

2 Жылнаама 13:13—18; 14:11, 12; 32:9—23. Бул билдирүүлөрдө Жахабага таянуу канчалык маанилүү экенин көрсөткөн баалуу сабак камтылат!

2 Жылнаама 16:1—5, 7; 18:1—3, 28—32; 21:4—6; 22:10—12; 28:16—22. Бөтөн жерликтер, башкача айтканда, ишенимдеш болбогон адамдар менен келишим түзүү кесепеттүү. Дүйнө менен тыгыз байланышта болуудан качканыбыз акылдуулукка жатат (Жакан 17:14, 16; Жакып 4:4).

2 Жылнаама 16:7—12; 26:16—21; 32:25, 26. Менменсинип кеткендиктен Аса падыша өмүрүнүн акыркы жылдарында өзүн туура эмес алып жүргөн. Текебердик Узиянын «кулашына» алып келген. Хиския Бабылдан келген элчилерге казынасын көрсөтүү менен орунсуз мактанып, акылсыздык кылган (Ышайа 39:1—7). Ыйык Китеп: «Кыйроонун алдында текебердик келет, кулаардын алдында менменсингендик келет»,— деп эскертет (Накыл сөздөр 16:18).

2 Жылнаама 16:9. Жахаба жүрөгү ага толук берилгендерди колдойт жана аларга жардам берүү үчүн күчүн колдонууга даяр.

2 Жылнаама 18:12, 13, 23, 24, 27. Башкаларга Жахаба жана анын ой-ниети тууралуу айтууда Михейдей эржүрөк болушубуз керек.

2 Жылнаама 19:1—3. Жахаба биз аны каарданткан учурларда да жакшы жактарыбызга көңүл бурат.

2 Жылнаама 20:1—28. Момундук менен жетекчилик сурап кайрылгандарга Жахаба жардам берерине шектенбесек болот (Накыл сөздөр 15:29).

2 Жылнаама 20:17. Теңирдин «жиберген куткаруусун көрүү» үчүн биз Кудайдын Падышалыгын жигердүү колдошубуз керек. Жагдайды өз күчүбүз менен чечүүнүн ордуна, Жахабага толук таянып, «карап турушубуз» керек.

2 Жылнаама 24:17—19; 25:14. Бурканга табынуучулук Жааш менен анын баласы Аматсия үчүн тор болуп калган. Бүгүн да бурканга табынуучулуктун, мисалы, ачкөздүктүн же улутчулдуктун таасири ошондой эле күчтүү болушу мүмкүн (Колосалыктарга 3:5; Аян 13:4).

2 Жылнаама 32:6, 7. Биз дагы рухий согуш жүргүзүүдө «Кудайдын бардык курал-жарагын кийип», «бекем... кайраттуу болушубуз» керек (Эфестиктерге 6:11—18).

2 Жылнаама 33:2—9, 12, 13, 15, 16. Адам чындап өкүнгөнүн туура эмес жолунан бурулуп, туура нерселерди кылууга бүт күч-аракетин жумшоо менен көрсөтөт. Чындап өкүнүү менен атүгүл Менаше падышаныкындай жаман иштерди жасаган адам да Жахабанын ырайымына ээ боло алат.

2 Жылнаама 34:1—3. Балачагыбызда кандай жаман жагдай-шартта чоңойбойлу, бул бизге Жахабаны таанууга жана ага кызмат кылууга тоскоол болбошу керек. Жаш Жошияга өкүнгөн чоңатасы Менаше жакшы таасир тийгизген көрүнөт. Ага ким жакшы таасир тийгизбесин, бул акыры жакшы натыйжаларга алып келген. Биз менен да ошондой болушу мүмкүн.

2 Жылнаама 36:15—17. Жахаба боорукер жана чыдамдуу. Бирок ал бул сапаттарын чексиз эле көрсөтө бербейт. Жахаба азыркы каардуу түзүлүштү жок кылып жатканда аман калууну каалагандар учурда Падышалык тууралуу кабарды тийиштүү түрдө кабыл алышы абзел.

2 Жылнаама 36:17, 22, 23. Жахабанын айткандары дайым аткарылат (1 Падышалар 9:7, 8; Жеремия 25:9—11).

Иш-аракет кылууга түрткү берген

2 Жылнаама 34:33тө: «Жошия Ысрайыл уулдары табынган бардык жерлердеги жийиркеничтүү нерселерди алып таштады. Ысрайыл жеринде жашагандардын бардыгына өз Кудай-Теңирине кызмат кылууну буйруду»,— деп айтылат. Жошияга мындай иш-аракеттерди жасоого эмне түрткү берген? Катчы Шапан жаңы эле табылган жана Жахабанын мыйзамдары жазылган китепти Жошия падышага алып келип, үн чыгара окуп берет. Уккандары ушунчалык күчтүү таасир эткендиктен, Жошия өмүр бою таза сыйынууну жигердүүлүк менен колдогон.

Кудай Сөзүн окуу жана окугандарыбыздын үстүнөн ой жүгүртүү бизге да зор таасир этет. Дөөттүн тукумунан чыккан падышалар жөнүндөгү билдирүүлөрдүн үстүнөн ой жүгүртүү бизге Жахабага толук таянгандардан үлгү алууга, ал эми таянбагандарды туурабоого түрткү бербейби? Экинчи Жылнаама китеби бизге чыныгы Кудайга толук берилгендик сактоого жана ага ишенимдүү бойдон калууга түрткү берет. Анда камтылган кабар, чынында эле, тирүү жана таасирдүү (Эврейлерге 4:12).

[Шилтемелер]

^ 19-абз. Ийбадаткананын Кудайга арналышына байланыштуу суроолорго жооп табуу үчүн жана Сулаймандын ошол учурда айткан тиленүүсүнөн эмнеге үйрөнсөк болорун билүү үчүн, 2005-жылдын 1-июлундагы «Күзөт мунарасынын» 19—22-беттерин карагыла.

^ 23-абз. Жүйүт падышаларынын тизмеси 2005-жылдын 1-июлундагы «Күзөт мунарасынын» 12-бетинде берилген.

[8-беттеги сүрөт]

Жез чаранын астына өгүздөрдүн орнотулганы эмне үчүн орундуу болгонун билесиңби?

[11-беттеги сүрөт]

Балачагында жаман чөйрөдө чоңойсо да, Жошия кийин Жахабага ишенимдүү болгон.