Забур 65:1—13

Башчыга. Дөөтүнүн забуру. Ыр. 65  Оо, Кудай, Сиондогу даңк да+, үн катпастык да сенин алдыңда,Сага берилген убадалар аткарылат+.  Оо, тиленүүлөрдү Угуучу, сага ар кандай адамдар келет+.  Күнөөлөрүм мага үстөмдүк кылып жатат+.Сен кылмыштарымды кечиресиң+.  Короолоруңда жашашы үчүн+,Өзүң тандап алган, өзүңө жакындаткан адам бактылуу+.Сенин үйүңдүн жакшылыгына,Ыйык ибадатканаңдын+ баталарына моокумубуз канат+.  Сен бизге сестентерлик адил иштериң менен жооп бересиң+,Оо, куткаруучу Кудайыбыз+.Төгөрөктүн төрт бурчундагылар, алыскы деңиздегилер сага таянат+.  Ал өз күчү менен тоолорду бек орнотот+,Кудуретти курчанат+.  Деңиздердин күркүрөгөнүн+,Толкундардын күркүрөгөнүн, улуттардын дүрбөлөңүн басат+.  Алыскы жерлерде жашагандар сенин жышаандарыңан коркушат+,Сен күндүн чыгышына да, батышына да кубанычтуу үн салдырасың+.  Молчулук бериш үчүн жерге көңүлүңдү бурасың+,Аны абдан байытасың.Сен дарыяларды сууга толтурасың+,Адамга данын камдайсың+,Жерди ошентип даярдайсың+. 10  Анын айдоолору суу ичет, топурагы түздөлөт+.Жерди нөшөр менен жумшартасың, данына батаңды бересиң+. 11  Жылга жакшылыгыңды таажы кылып кийгизесиң+,Баскан изиңен май тамат+. 12  Чөлдүү жерлердеги жайыттардан май агат+,Адырлар кубаныч курчанат+. 13  Жайыттар мал менен көрктөнөт+,Өрөөндөр данга оронот+.Алар салтанаттуу үн салып, ырдашат+.

Шилтемелер