Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Силер Кудайды кубандыра аласыңар

Силер Кудайды кубандыра аласыңар

Силер Кудайды кубандыра аласыңар

КУДАЙДЫН сезимдерине кандайдыр бир таасир эте алабызбы? Кудай кубана алабы? Бир сөздүктө Кудайга карата «дүйнөнү жараткан материалдык эмес кудуреттүү күч» деген аныктама берилет. Эгер Кудай касиет-сапаттары жок жөн эле күч болсо, анда ал кубана алабы? Албетте, жок. Бирок Кудай жөнүндө Ыйык Китепте эмнелер айтыларына көңүл бурсаңар.

Ыйса Машайак: «Кудай — Рух»,— деген (Жакан 4:24). Рух — адамдын жашоосунан айырмаланган жашоонун түрү. Рух көзгө көрүнбөсө да анын «рухий денеси» бар (1 Корунттуктарга 15:44; Жакан 1:18). Ыйык Китепке ылайык, Кудайдын, каймана мааниде айтканда, көзү, кулагы, колу жана ушу сыяктуу башка мүчөлөрү бар *. Анын ысмы да бар, Кудайдын ысмы — Жахаба (Забур 82:19). Ошондой эле Ыйык Китепте Кудайдын касиет-сапаттары жана рухий денеси бар экени айтылат (Эврейлерге 9:24). «Ал тирүү Кудай жана түбөлүк Падыша» (Жеремия 10:10).

Жахаба рухий денеси бар жана касиет-сапаттарга ээ Кудай болгондуктан ойлонууга, иш-аракет кылууга жөндөмдүү. Анын касиет-сапаттары менен бирге сезимдери да бар, ага жаккан да жакпаган да нерселер болот. Ыйык Китепте аны эмнелер кубантып, эмнелер капалантары тууралуу көп айтылат. Адамдар жасаган кудайлар менен буркандар аларды жасагандардын гана сапаттарын чагылдырса, Кудурети Күчтүү Жахаба Кудай адамдарга берген сезимдерди өзү жараткан (Башталыш 1:27; Ышайа 44:7—11).

Жахабанын «бактылуу Кудай» экени талашсыз (1 Тиметейге 1:11, «ЖД»). Ал жараткан нерселеринен эле эмес, ой-ниеттерин ишке ашыруудан да ыракат алат. Ышайа пайгамбар аркылуу Жахаба: «Мен эмнени кааласам, ошону жасайм... Мен эмнени айтсам, ошону орундатам. Эмнени алдын ала белгилесем, ошону жасайм»,— деп жарыялайт (Ышайа 46:9—11). Забурчу: «Теңир Өзүнүн иштерине кубансын!» — деп ырдаган (Забур 103:31). Кудайды кубандырган дагы бир нерсе бар. Кудай: «Уулум, акылдуу бол, менин жүрөгүмдү кубант»,— дейт (Накыл сөздөр 27:11). Элестетсеңер — биз Кудайды кубанта алабыз!

Кудайдын жүрөгүн кантип кубанта алабыз?

Жахабанын жүрөгүн кубанткан үй-бүлө башчыны, Нухту, мисалга алып көрөлү. Нух «Теңирдин алдында ырайым тапкан», анткени ал «замандаштарынын ичинен... кемчиликсиз» болгон. Ал өзүнүн ыймансыз замандаштарынан абдан айырмаланып турган. Нухтун ишеними менен тил алчаактыгы Кудайды ушунчалык кубандыргандыктан, «Нух Кудайдын алдында түз жүргөн» деп айтууга мүмкүн болгон (Башталыш 6:6, 8, 9, 22). «Ишеними аркылуу Нух... өз үй-бүлөсүнүн куткарылышы үчүн, Кудайдан коркуу менен кеме курган» (Эврейлерге 11:7). Жахаба Нухка ыраазы болгондуктан үй-бүлөсүнө батасын берип, адамзат тарыхынын ошондогу коогалаң мезгилинде аларды сактап калган.

Патриарх Ыбрайым да Жахабанын сезимин жакшы түшүнгөн жана анын ой жүгүртүүсүн эң сонун билген. Бул Жахабанын Ыбрайымга Содом жана Амор шаарлары бузуктуктары үчүн кыйратыларын айткандагы окуядан көрүнүп турат. Ыбрайым Жахабаны абдан жакшы билгендиктен Кудайдын адил адамды ыймансыз менен бирге эч качан жок кылбаарын түшүнгөн (Башталыш 18:17—33). Бир канча жылдан кийин Ыбрайым Кудайдын буйругу менен «Ыскакты Кудайга курмандык катары алып» келүүгө даярдыгын көрсөткөн, анткени «ал „өлгөндөрдү тирилтүүгө Кудайдын кудурети жетет“,— деп ойлогон» (Эврейлерге 11:17—19; Башталыш 22:1—18). Ыбрайым Кудайдын сезимин ушунчалык жакшы билгендиктен жана абдан зор ишеним менен толук тил алчаактык көрсөткөндүктөн «Кудайдын досу» деп аталып калган (Жакып 2:23).

Байыркы Ысрайылдын падышасы Дөөт да Кудайдын жүрөгүн кубандырууга аракет кылгандардын бири болгон. Жахаба ал тууралуу: «„Мен Өзүмдүн жүрөгүмө жаккан адамды — Жышай уулу Дөөттү таптым, ал Менин бүт каалоомду аткарат“»,— деген (Элчилер 13:22). Алп Голийат менен беттешерде Дөөт толугу менен Кудайга таянып, Ысрайылдын падышасы Шабулга: «Арстан менен аюудан куткарган Теңир мени бул пелиштиликтин да колунан куткарат»,— деп айткан. Жахаба Дөөткө Ага таянгандыгы үчүн батасын берип Голийатты жеңүүгө көмөк кылган (1 Шемуел 17:37, 45—54). Дөөт Жахабага иштери эле эмес, а «оозунан чыккан сөздөрү... жүрөгүндөгү ойлору... жаккыдай» болушун каалаган (Забур 18:15).

Биз тууралуу эмне айтууга болот? Канткенде Жахабанын жактыруусуна ээ боло алабыз? Кудайдын сезимдерин канчалык жакшы түшүнсөк, анын жүрөгүн кантип кубанта аларыбызды аныктоо ошончолук оңой болот. Андыктан Ыйык Китепти окуп жатканда «Анын каалоосун акылмандуулук жана рухий түшүнүк менен толук» таанып билип «Ага бардык жагынан жагуу» үчүн Анын сезимдери тууралуу көбүрөөк билүүгө аракет кылуу маанилүү (Колостуктарга 1:9, 10). Билим өз кезегинде ишенимди бекемдегенге жардам берет, а бул абдан маанилүү, себеби «Кудайга ишенимсиз жагууга мүмкүн эмес» (Эврейлерге 11:6). Ишенимди бекемдөө жана Жахабанын эркине ылайык жашоого аракет кылуу менен анын жүрөгүн кубантабыз. Ошол эле учурда Жахабанын жүрөгүн оорутуп албаш үчүн этият болушубуз керек.

Кудайды капалантпагыла

Нухтун күндөрү тууралуу билдирүү адамдар Жахабанын жүрөгүн кандайча оорутушканын көрсөтүп турат. Ал кезде жер бети «жаман иштерге толуп кеткен» эле. «Кудай жерге көз жиберип караса, жер абдан бузулуптур: жердеги ар бир жан бузулуптур». Адамдардын канчалык бузулганын жана кандай гана жаман иштерди кылып жатышканын көргөндө Кудай кандай сезимде болгон? Ыйык Китепте: «Теңир жер бетине адамды жаратканына өкүнүп, Өз ичинен өтө кайгырды»,— деп айтылат (Башталыш 6:5, 6, 11, 12). Кудай адамдардын бузулуп кетишкенине кайгырган. Кудайдын Топон сууга чейин жашаган жаман адамдарга карата мамилеси өзгөргөн. Мурун адамдарга Жараткан катары мамиле кылып келген Кудай эми аларды жаман жүрүм-турумдары үчүн жок кылууну чечкен.

Жахабаны өзүнүн элинин, Ысрайылдын, анын сезимин дайыма эске албай, мээримдүүлүк менен берген жетегин четке какканы капаланткан. Забурчу кайгырып: «Алар чөлдө Аны канча жолу каардантышты! Эч ким жашабаган жерде Аны канча жолу ачуулантышты! Кудайды кайрадан сынашты, Ысрайылдын Ыйыгына акарат келтиришти»,— деген. Ошондой болсо да Жахаба «ырайымдуулук кылып, алардын күнөөлөрүн кечирди, аларды кырып салган жок. Көп жолу каарын кайт кылды, көп жолу Өзүнүн бүт жаалын козгогон жок» (Забур 77:38—41). Тилазар ысрайылдыктар натуура жүрүм-турумунун айынан каргашалуу кесепеттерге дуушар болушканда да, Ыйык Китепте айтылгандай, Кудай «алардын бардык азап-тозокторунда... аларга боор ооруган» (Ышайа 63:9, СК).

Кудайдын ысрайылдыктарга карата назик сезимде болгонун көрсөткөн көптөгөн далилдерге карабай алар «Кудай жиберген элчилерди шылдың кылышып, алардын сөздөрүн барк албай, Анын пайгамбарларын маскаралашты, ошондо Теңир Өз элине абдан каарданды. Аларды Теңирдин каарынан эч нерсе куткарып кала алган жок» (2 Жылнаама 36:16). Акырында тил албастыгынын айынан алар Жахабанын «Ыйык Рухун капа кылышып» анын жактыруусунан айрылышкан (Ышайа 63:10). Бул эмнеге алып барган? Кудай адилеттүүлүк көрсөтүп ысрайылдыктарды коргобой коёт, натыйжада алар кырсыкка кабылышат: бабылдыктар Жүйүт жерин басып алып, Иерусалимди кыйратып салышат (2 Жылнаама 36:17—21). Ооба, адамдар Жаратканга акарат келтирип, аны капаланткан жана күнөөгө батырган жашоо жолун тандаганда кейибей койбойсуң!

Ыйык Китеп адамдардын туура эмес жүрүм-туруму Кудайды капалантарын айкын көрсөтүп турат (Забур 77:41). Кудайга акарат келтирткен жана анын алдында жийиркеничтүү эсептелген иштерге: бой көтөргөндүк, калпычылык, киши өлтүрүү, сыйкырчылык, төлгө ачуу, арбактарга сыйынуу, адепсиз жүрүм-турум, гомосексуализм, ойноштук, жакын туугандардын ортосундагы жыныстык мамилелер жана жакырларды кысымга алуу кирет (Лебилер 18:9—29; 19:29; Мыйзам 18:9—12; Накыл сөздөр 6:16—19; Жеремия 7:5—7; Малахия 2:14—16).

Бурканга табынуучулук Жахабада кандай сезим пайда кылат? Чыгуу 20:4, 5те: «Жогорку асмандагы, төмөнкү жердеги жана жерден төмөн суудагы нерселерди сүрөттөп, жасалма кудай жасаба. Аларга табынба, кызмат кылба»,— деп айтылат. Эмне үчүн? Анткени буркан — «Кудай-Теңир» үчүн «жийиркеничтүү» (Мыйзам 7:25, 26). Элчи Жакан: «Балдарым, өзүңөрдү буркандардан сактагыла»,— деп эскерткен (1 Жакан 5:21). Элчи Пабыл болсо: «Сүйүктүүлөрүм, буркандарга кызмат кылуудан качкыла»,— деп жазган (1 Корунттуктарга 10:14).

Кудайдын жактыруусуна ээ болууга аракеттенгиле

Кудай «адил адамдар менен» жакын мамиледе болот. Ал «бузулбай жүргөндөрдү... жактырат» (Накыл сөздөр 3:32; 11:20). Ал эми Кудайдын сезимдерин эске албай, ага акарат келтиргендер жакында анын каарына калып жазаланышат (2 Тесалоникалыктарга 1:6—10). Ооба, жакын арада Кудай учурда гүлдөп жаткан жамандыктын баарын жок кылат (Забур 36:9—11; Сепания 2:2, 3).

Бирок Ыйык Китептен Жахабанын «эч кимдин өлүшүн каалабагандыктан, бардыгы Өзүнөн кечирим алышын» каалаары айкын көрүнүп турат (2 Петир 3:9). Кудай өзгөргүсү келбеген адамдарды жазалоого караганда, өзүн сүйгөн адил адамдарга жылуу сезим көрсөтүүнү алда канча жакшы көрөт. Жахаба «күнөөкөрдүн өлүмүн каалабайт», тескерисинче, «күнөөкөрдүн өз жолунан бурулуп, тирүү калышын каалайт» (Жезекиел 33:11).

Андыктан Кудайдын каарына калуунун зарылдыгы жок. Жахаба «аябай ырайымдуу» (Жакып 5:11). Кудайдын сезимдери бар экенине толук ишенүү менен түйшүктөрүбүздүн баарын Ага тапшырсак болот анткени Ал биз үчүн «кам көрөт» (1 Петир 5:7). Кудайдын жүрөгүн кубанткандар анын жактыруусуна ээ болуп, аны менен достук мамиле өрчүтө алышарына шектенбегиле. Ошондуктан «Кудайга эмне жагарын ажырата билүү» азыр болуп көрбөгөндөй маанилүү (Эфестиктерге 5:10).

Ырайымдуулук көрсөтүп Кудайдын өзүнүн укмуштуудай сапаттары жана сезимдери тууралуу ачып бергени кандай сонун! Силер да Кудайды кубанта аласыңар. Эгерде Кудайды кубандыргыңар келсе, өзүңөр жашаган жердеги Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылыңыздар. Алар Кудайды кубандыруунун иш жүзүндө колдонорлук жана ишке ашарлык кандай ыкмаларын табышканын кубаныч менен айтып беришет.

[Шилтеме]

^ 3-абз. «Кудайды сүрөттөөдө эмнеге Жазмада адамга тиешелүү түшүнүктөр колдонулат?» деген кутучаны карагыла.

[5-беттеги кутуча]

Кудайды сүрөттөөдө эмнеге Жазмада адамга тиешелүү түшүнүктөр колдонулат?

«Кудай — Рух» болгондуктан биз аны көрө албайбыз (Жакан 4:24). Ошондуктан Ыйык Китепте Кудайдын кудуретин, улуулугун жана иштерин түшүнүүбүзгө жардам иретинде тилдин ар кандай каражаттары: салыштыруу, метафора жана антропоморфизмдер колдонулат. Антропоморфизм (грек тилинен «адам» жана «форма» деген сөздөрдөн) — жансыз табияттын нерселерине жана кубулуштарына адам касиеттерин энчилөө. Ошондуктан, Кудайдын рухий денеси кандай экенин билбесек да, Ыйык Китепте анын көзү, кулагы, колу, манжалары, буту жана жүрөгү бар деп айтылат (Башталыш 8:21; Чыгуу 3:20, «Мукаддас»; Чыгуу 31:18, СК; Забур 17:10; 33:16; 1 Петир 3:12, «Мукаддас»).

Бирок каймана тилдин колдонулушу Кудайда адамдардын денесинде бар мүчөлөр бар дегенди билдирбейт. Антропоморфизмди түзмө-түз түшүнүүгө болбойт. Тилдин каймана маанини берген каражаттары адамдарга Кудайды жакшыраак түшүнүүгө жардам берет. Аларсыз Кудайды адамдар түшүнгүдөй кылып сүрөттөө абдан оор же такыр эле мүмкүн эмес болмок. Бирок бул Жахаба Кудайды адамдар өздөрү ойлоп чыгарышкан дегенди билдирбейт. Ыйык Китепте Кудай адамдын бейнеси боюнча эмес, а адам Кудайдын бейнеси боюнча жаратылгандыгы айкын айтылат (Башталыш 1:27). Ыйык Китепти адамдар «Кудайдын Рухунун жетеги менен» жазышкандыктан, алардын Кудайга карата берген сүрөттөөлөрү — чындыгында Анын өзүнүн сүрөттөөлөрү. Кудай адамдарга ар кандай өлчөмдө ыйгарган өзүнүн жеке сапаттарын өзү сыпаттаган (2 Тиметейге 3:16, 17). Андыктан бул жерде адамдын Кудайга таандык кылып сүрөттөгөн сапаттары тууралуу эмес, а Кудайдын адамга берген сапаттары тууралуу сөз жүрүүдө.

[3-беттеги сүрөт]

Нух «Теңирдин алдында ырайым тапкан».

[4-беттеги сүрөт]

Ыбрайым Кудайдын сезимдерин түшүнгөн.

[5-беттеги сүрөт]

Ыйык Китепти окуунун аркасында Кудайды кантип кубантса болорун билүүгө болот.

[6-беттеги сүрөт]

Дөөт толугу менен Жахабага таянган.

Courtesy of Anglo-Australian Observatory, photograph by David Malin