Башталыш 6:1—22
6 Жер бетинде адамдар көбөйүп, алардан кыздар төрөлгөндө+,
2 чыныгы Кудайдын уулдары*+ ал кыздарга, алардын сулуу экенине көңүл бура башташты+. Анан тандагандарын аялдыкка алышты.
3 Ошондо Жахаба: «Менин рухум+ адамдарга түбөлүккө чыдай бербейт+, анткени алар, болгону, пенде*+. Ошондуктан алардын 120 жылы гана калды»,— деди+.
4 Чыныгы Кудайдын уулдары адамдардын кыздарына жакындап, алардан балдар төрөлгөндүктөн, ошол кезде, андан кийин да жерде нефилимдер* жашашкан. Алар байыркы убактагы күчтүү, атагы чыккан кишилер болушкан.
5 Жахаба жер бетиндеги адамдардын көп жаман иштерди кылып жатканын, алардын жүрөгүндөгү ойлору ар дайым жаман+ экенин көрдү.
6 Ошондо Жахаба жараткан адамдары үчүн кайгырып*+, жүрөгү ооруду+.
7 Анан Жахаба: «Жараткан адамдарымды+ жер бетинен жок кылам, адамдарга кошуп үй айбанаттары менен башка жан-жаныбарларды, асманда учкан канаттууларды+ да жок кылам, анткени өзүмдүн жараткандарым үчүн өкүнүп жатам»,— деди+.
8 Нух болсо Жахабанын көз алдында ырайым тапты.
9 Нухтун жашоосу жөнүндөгү билдирүү:
Нух адил киши болгон+. Замандаштарынан айырмаланып, ал кынтыксыз болгон жана чыныгы Кудайдын жолунда* жүргөн+.
10 Анын Шем, Хам, Жапет+ деген үч уулу болгон.
11 Жер бети зордук-зомбулукка толуп+, чыныгы Кудайдын көз алдында жийиркеничтүү болуп калды+.
12 Кудай жерге көз чаптырып, анын жийиркеничтүү болуп калганын көрдү+, анткени бүт адамзат жаман жолго түшүп кеткен эле+.
13 Ошондо ал Нухка мындай деди: «Мен бүт адамзатты жок кылууну чечтим+, анткени алардын айынан жер зордук-зомбулукка толуп кетти. Эми аларды жок кылып, жерди ээн калтырам+.
14 Өзүңө гофер* жыгачынан кеме жасап+, ичин бөлүктөргө бөл да, ичи-тышын чайыр+ менен капта.
15 Анын узундугу 300 чыканак+, туурасы 50, бийиктиги 30 чыканак* болсун.
16 Кеменин үстү жагынан бир чыканак калтырып, жарык кирип турушу үчүн терезе* жаса. Эшигин капталынан чыгар+. Кемени үч кабат кылып кур.
17 Мен болсо асман астындагы адамдар менен жан-жаныбарлардын*+ баарын жок кылыш үчүн жер бетине топон суу каптатам+. Жер бетиндегинин бардыгы өмүрүнөн ажырайт+.
18 Ал эми сени менен келишим түзөм. Кемеге сени менен кошо уулдарың, аялың, келиндериң кирсин+.
19 Сени менен бирге тирүү калышы үчүн+, кемеге жан-жаныбарлардын бардык түрүнөн+ түгөй-түгөйү менен, эркек-ургаачы кылып киргиз.
20 Тирүү калышы үчүн+, канаттуулардын, үй айбанаттарынын жана башка жан-жаныбарлардын ар бир түрүнөн+ түгөй-түгөйү менен киргиз.
21 Андан тышкары, тамак-аштын бардык түрүнөн камдап ал+. Ал сага жана жан-жаныбарларга азык болот»+.
22 Нух баарын Кудай айткандай жасады. Ал так ошондой кылды+.
Шилтемелер
^ Же, Септуагинтанын айрым кол жазмаларына ылайык, «периштелер».
^ Сөзмө-сөз: «дене».
^ Мааниси: «башкаларды кулаткандар».
^ Же: «өкүнүп».
^ Сөзмө-сөз: «чыныгы Кудай менен».
^ Чайырлуу дарак, балким, кипарис.
^ 1 чыканак = 44,5 см.
^ Евр. цохар (чатыр же терезе).
^ Сөзмө-сөз: «өмүр күчү бар денелердин».