1 Корунттуктар 15:1—58

15  Эми, бир туугандар, мен силерге жарыялаган+ жакшы кабарды+ кайрадан эсиңерге салайын. Силер аны кабыл алып, ошого ылайык жашап келатасыңар+.  Өзүңөргө жарыяланган жакшы кабарга бекем кармансаңар, ал аркылуу куткарыласыңар+. Болбосо ишенгениңердин пайдасы жок+.  Өзүм кабыл алып+, силерге билдирген маанилүү нерселердин бири бул: Ыйык Жазмага ылайык, Машаяк биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлүп+,  көргө коюлган+ жана Ыйык Жазмага ылайык+, үчүнчү күнү+ тирилген+,  анан Кейфага+, кийин он эки элчиге көрүнгөн+.  Андан соң бир эле учурда 500дөн ашык бир тууганыбызга көрүнгөн. Алардын көбү азыр деле арабызда жүрөт+, кээ бирлери өлүм уйкусуна кеткен.  Андан кийин Жакыпка+, анан элчилердин баарына көрүнгөн+.  Эң акырында болсо ара төрөлгөн балага окшогон мага да көрүнгөн+.  Мен элчилердин эң кичинесимин+, атүгүл элчи деп аталууга да татыксызмын, анткени мурун Кудайдын жыйналышын куугунтуктап жүргөм+. 10  Бирок Кудайдын ырайымы менен+ азыр ким болсом, ошолмун. Анын мага көрсөткөн ырайымы текке кеткен жок+, себеби мен алардын баарынан көп эмгектендим+, бирок муну мен эмес, Кудайдын мендеги ырайымы кылды+. 11  Мен да, башка элчилер да — баарыбыз бир эле кабарды айтып жатабыз, силер ошол кабарга ишендиңер+. 12  Машаяктын өлгөндөрдүн арасынан тирилгени тууралуу кабар айтылып жатса+, айрымдарыңардын өлгөндөр тирилбейт дегени кандай?+ 13  Эгерде өлгөндөр тирилбесе, анда Машаяк да тирилген эмес+. 14  Ал эми Машаяк тирилбеген болсо, анда, албетте, кабар айтканыбыздын да, ишенгенибиздин да пайдасы жок+. 15  Андан тышкары, Кудай жөнүндө жалган күбөлөндүргөн да+ болобуз. Анткени өлгөндөр чынында тирилбесе+, анда биз, Кудай Машаякты тирилтпесе да+, тирилткен деп айтып, Ага каршы күбөлөндүргөн болобуз+. 16  Себеби өлгөндөр тирилбесе, анда Машаяк да тирилген эмес. 17  Эгер Машаяк тирилбеген болсо, анда ишенгениңер да куру бекер, күнөөлөрүңөр да кечирилген жок+. 18  Андай болсо, Машаяктын шакирттери катары өлүм уйкусуна кеткендер+ да биротоло жок болушту+. 19  Эгер биз Машаякка бул жашоодо гана үмүттөнсөк+, анда биз баарынан шордуубуз. 20  Бирок, чындыгында, Машаяк тирилген+. Ал өлүм уйкусуна кеткендердин арасынан+ биринчи түшүм+ катары тирилген. 21  Өлүм+ адам аркылуу келгендей эле, өлгөндөрдүн тирилиши да адам аркылуу болот+. 22  Анткени Адамдын айынан баары өлүмгө дуушар болуп жаткандай эле+, Машаяк аркылуу баары өмүр алышат+. 23  Бирок баары өз кезеги менен тирилет: биринчи* Машаяк+, андан кийин, анын катышуусунун убагында*+, Машаякка таандык болгондор тирилет. 24  Эң аягында Машаяк бардык өкмөттөрдү, бийликтерди жана күчтөрдү жок кылып, Падышалыкты өзүнүн Кудайына жана Атасына өткөрүп берет+. 25  Анткени Машаяк, Кудай бардык душмандарды анын бут алдына жыкканга чейин, падышалык кылууга тийиш+. 26  Акыркы душман — өлүм — жок кылынат+. 27  Анткени Кудай «баарын анын бут алдына жыгып, ага баш ийдирди»+. Бирок «баары... ага баш ийдирилди»+ делгени менен, албетте, алардын ичине ага баарын баш ийдиргендин Өзү кирбейт+. 28  Баары Уулуна баш ийдирилгенде+, Кудай баарынын башчысы болушу үчүн+, Уулу өзү да ага баарын баш ийдиргенге баш иет+. 29  Тирилүү болбосо, өлүш үчүн чөмүлтүлүп жаткандарга эмне пайда?+ Өлгөндөр такыр тирилбей турган болсо+, аларга өлүш үчүн чөмүлтүлүүнүн+ эмне кереги бар? 30  Бизге да саат сайын өмүрүбүздү тобокелге салуунун эмне зарылдыгы бар?+ 31  Мен күнүгө өлүм менен беттешем+. Бир туугандар, Мырзабыз Иса Машаяктын жолунда силер үчүн абдан кубанып жатканым+ чындык болгондой эле, бул да чындык. 32  Эгер мен Эфесте жырткычтар менен башкалардай болуп күрөшкөн болсом+, андан мага эмне пайда? Эгер өлгөндөр тирилбесе, «анда ичип-жейли, анткени эртең өлөбүз»+. 33  Алданбагыла. Жаман чөйрө жакшы адаттарды бузат+. 34  Эсиңерге келгиле+, адил иштерди кылгыла, күнөөгө батпагыла. Айрымдарыңар Кудайды билбейсиңер+. Мен муну силерди уяткарыш үчүн айтып жатам+. 35  Бирок кимдир бирөө: «Өлгөндөр кантип тирилет? Алардын денеси кандай болот?»+ — деши мүмкүн. 36  Акылсыз! Сепкен нерсең өлбөсө, өнүп чыкпайт+. 37  Сепкенде сен өсүп чыга турган өсүмдүктүн өзүн* эмес, уругун+, мисалы, буудайдын же башка бир өсүмдүктүн уругун себесиң. 38  Бирок Кудай ага өзү каалагандай дене берет+; ар бир урукка өзүнчө дене берет+. 39  Денелердин баары бирдей эмес: адамдын денеси башка, малдыкы башка, канаттуунун денеси башка, балыктыкы башка+. 40  Асманга таандык+ денелер бар, жерге таандык денелер бар+. Бирок асмандагы денелердин даңкы башка+, жердеги денелердин даңкы башка. 41  Күндүн+ даңкы башка, айдыкы+ башка, жылдыздардыкы башка. Чынында, даңкы боюнча жылдыздар+ да бири-биринен айырмаланат. 42  Өлгөндөр тирилгенде да ушундай болот+. Чирий турган дене урукка окшоп себилип, чирибес болуп тирилет+. 43  Барксыз абалда себилип+, даңктуу болуп тирилет+. Алсыз абалда себилип+, күчтүү болуп тирилет+. 44  Табигый дене+ себилет да, рухий дене тирилет+. Табигый дене бар болгондой эле, рухий дене да бар. 45  Ыйык Жазмада: «Биринчи киши — Адам — тирүү жан болуп калды»+,— деп жазылган. Ал эми акыркы Адам өмүр берүүчү+ рух болуп калды+. 46  Бирок адегенде рухий дене эмес, табигый дене келген. Андан кийин рухий дене келген+. 47  Биринчи адам жерден: ал топурактан жаратылган+. Ал эми экинчи адам асмандан+. 48  Топурактан жаратылган адам кандай болсо+, топурактан жаратылгандар да ошондой. Асмандан келген кандай болсо+, асманга таандыктар да ошондой+. 49  Биз топурактан жаратылган адамга окшош болгондой эле+, кийин асмандан келгенге да окшош болобуз+. 50  Бир туугандар, силерге айтарым, чирий турган дене чирибестикти мурастай албагандай эле+, эт менен кандан турган дене* да Кудайдын Падышалыгын мурастай албайт+. 51  Силерге бир ыйык сыр айтайын: өлүм уйкусуна баарыбыз эле кетпейбиз, бирок баарыбыз өзгөрүлөбүз+. 52  Бир заматта, көз ачып-жумгуча, акыркы сурнай тартылып жатканда өзгөрүлөбүз. Сурнай тартылганда+, өлгөндөр чирибес болуп тирилишет да, биз өзгөрүлөбүз. 53  Чирий турган бул дене чирибей турганга+, өлө турган бул дене+ өлбөй турганга айланышы керек. 54  Чирий турган дене чирибей турганга, өлө турган дене өлбөй турганга айланганда, Ыйык Жазмадагы: «Өлүм+ түбөлүккө жок кылынат*»,— деген сөздөр аткарылат+. 55  «Өлүм, сенин жеңишиң кайда? Өлүм, чага турган ийнең кайда?»+ 56  Өлүмгө дуушар кыла турган ал ийне+ — күнөө. Күнөө болсо күчтү Мыйзамдан алат+. 57  Мырзабыз Иса Машаяк аркылуу бизге жеңиш берип жатканы үчүн Кудайга алкыш!+ 58  Андыктан, сүйүктүү бир туугандарым, бекем+, туруктуу болгула жана Теңирдин* алдында эмгегиңер текке кетпей турганын билип+, Теңирдин ишин аткаруу үчүн дайыма көп эмгектенгиле+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «биринчи түшүм».
Грек. парусиа. Кара: 5-тирк.
Сөзмө-сөз: «денени».
Сөзмө-сөз: «эт менен кан».
Сөзмө-сөз: «жутулат».
Же: «Мырзабыздын». Грек. Кириос.