2 Петир 3:1—18
3 Сүйүктүү бир туугандарым, ушуну менен силерге экинчи катымды жазып отурам. Тунук ой жүгүртүү жөндөмүңөрдү ойготуш үчүн, биринчи катымдагыдай эле+, айрым нерселерди эскертип жатам+.
2 Анткени ыйык пайгамбарлар айтып кеткен сөздөрдү+, ошондой эле Мырзабыздын жана Куткаруучубуздун араңардагы элчилер аркылуу берген осуятын унутпашыңарды каалайм+.
3 Баарынан мурда, муну билишиңерди каалайм: акыркы күндөрдө+ шылдың сөздөрдү айтып, өз каалоолору боюнча иш кыла турган+ шылдыңчылдар+ келет.
4 Алар+: «Ал келем деп убада кылбады беле. Кана келгени*?+ Дүйнө жаратылганда кандай болсо, ата-бабаларыбыз өлүм уйкусуна кеткенден бери баары ошол эле бойдон, эч нерсе өзгөргөн жок»,— дешет+.
5 Алар баарын билип туруп, бул чындыкты көз жаздымында калтырып жатышат: мурун асман болгон+, ошондой эле Кудайдын сөзү боюнча жер суудан+ чыгып турган жана суунун ортосунда болгон+.
6 Ошол убактагы дүйнө ошол нерселер аркылуу суунун астында калып, кыйратылган+.
7 Ал эми азыркы асман+ менен жер+ ошол эле сөз боюнча отко+, ыймансыз адамдар жок боло турган+ сот күнүнө сакталып турат+.
8 Сүйүктүү бир туугандарым, Жахабанын көз алдында бир күн миң жылдай, миң жыл бир күндөй экенин эсиңерден чыгарбагыла+.
9 Кээ бирөөлөргө создуктуруп жаткандай көрүнсө да, Жахаба убадасын создуктурбай аткарат+. Ал эч кимдин өлүшүн каалабагандыктан, тескерисинче, баарынын өкүнүшүн каалагандыктан силерге чыдамдуулук көрсөтүп жатат+.
10 Жахабанын күнү+ ууру сыяктуу келет+. Ал күнү асман шуулдаган үн+ менен жок болот+. Асман менен жерди түзгөн нерселер катуу кызып, кыйратылат+, ал эми жер+ жана андагы иштер ашкереленет+.
11 Баары ушинтип кыйратыла турган болсо, анда силер жүрүм-туруму ыйык, Кудайга берилген адамдардан болушуңар керек эмеспи!
12 Жахабанын күнүнүн+ келишин* күтүп+, аны эсиңерде бек сактап жаткан силер ошондой адамдардан болушуңар керек эмеспи! Анткени ошол күнү асман алоолонуп кыйратылат+, ал эми асман менен жерди түзгөн нерселер катуу кызып, эрип кетет!
13 Бирок биз, Анын убадасы боюнча, адилдик өкүм сүрө турган+ жаңы асман+ менен жаңы жерди+ күтүп жатабыз.
14 Ошондуктан, сүйүктүү бир туугандарым, ушуларды күтүп жатып, акырында ал силерди таза, кемчиликсиз+, тынчтыкта жашаган адамдар деп табышы үчүн+, бүт күчүңөрдү жумшагыла.
15 Андан тышкары, Теңирибиздин чыдамдуулугун куткарылуу катары эсептегиле+. Бул тууралуу силерге сүйүктүү бир тууганыбыз Пабыл да өзүнө берилген акылмандык менен жазып+,
16 бардык каттарында айтып өткөн. Бирок анын каттарында түшүнгөнгө кыйын нерселер да бар. Түркөй, бекемделе элек адамдар аларды, Ыйык Жазманын+ башка бөлүктөрүн бурмалашкандай эле, бурмалап, өздөрүн өздөрү кыйроого алып баратышат.
17 Демек, сүйүктүү бир туугандарым, муну алдын ала билгендиктен+, ал мыйзамсыздар силерди өздөрүнүн туура эмес жолуна азгырып кетпеши үчүн жана туруктуулугуңардан тайбашыңар үчүн сак болгула+.
18 Мырзабыз жана Куткаруучубуз Иса Машаяк жөнүндөгү билимиңер артып+, мындан ары да анын ырайымына ээ боло бергиле. Ал азыр жана түбөлүктөн түбөлүккө даңкталсын+.