Башталыш 18:1—33
18 Ошондон кийин Жахаба Мамредеги бийик дарактардын+ арасынан Ыбрайымга көрүндү+. Ыбрайым күн катуу ысып турганда+ чатырдын кире беришинде отурган эле.
2 Ал башын көтөрүп караса+, анча алыс эмес жерде үч киши туруптур. Аларды көрөрү менен ордунан туруп, аларды тоскону чуркап барды да, жерге чейин ийилип таазим кылды+.
3 Анан: «Жахаба*, эгер көз алдыңда ырайым тапкан болсом, кулуңдун жанынан кыя өтпө+.
4 Бир аз суу алып келип, бутуңарды жууп беришсин+. Анан дарактын түбүндө эс алгыла+.
5 Бул жакка, кулуңардыкына келген соң, нан алып келейин, кубаттанып алып+, анан жолго чыккыла»,— деди. Алар: «Мейли, айтканыңдай кыл»,— дешти.
6 Ыбрайым шашыла чатырга, Саарага барды да: «Бол тезирээк, эң жакшы ундан үч сата* алып, камыр жууруп, нан жасай кой»+,— деди.
7 Андан кийин бадага чуркап барып, бир музоону тандап, кулуна берди да, аны даярдаганча шашты+.
8 Анан май, сүт, музоонун бышкан этин алып келип, алдыларына койду+. Өзү болсо, алар тамак жеп жатканда, алардын жанында, дарактын түбүндө турду+.
9 Алар Ыбрайымдан: «Аялың Саара кайда?»+ — деп сурашты. Ал: «Чатырда»+,— деп жооп берди.
10 Алардын бири: «Эмки жылы ушул убакта сага кайра келем, ошондо аялың Саара уулдуу болот»+,— деп айтты. Саара болсо анын артындагы чатырдын оозунда угуп турган эле.
11 Ыбрайым менен Саара жашы өр тартып, карып калышкан эле+. Сааранын айызы токтоп калган болчу+.
12 Ошондуктан ал: «Өзүм да, мырзам да карып калганда ушундай кубанычка батмак белем?»+ — деп ичинен күлдү+.
13 Ошондо Жахаба Ыбрайымга: «Эмне үчүн Саара: „Карыганда кантип эле төрөйүн“+,— деп күлдү?
14 Жахаба кыла албаган нерсе барбы?+ Эмки жылы ушул убакта сага кайра келем, ошондо Саара уулдуу болот»,— деди.
15 Саара болсо: «Мен күлгөн жокмун»,— деп тана баштады, анткени коркуп кеткен эле. Бирок ал: «Жок, сен күлдүң»+,— деди.
16 Анан алар жолго чыгыш үчүн ордуларынан туруп, Содом+ тарапка көз чаптырышты. Ыбрайым аларды узатып коюш үчүн кошо жөнөдү+.
17 Ошондо Жахаба мындай деди: «Кыла турган ишимди Ыбрайымдан жашырамбы?+
18 Андан улуу, күчтүү эл чыгат. Ал аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдер бата алат+.
19 Ыбрайым уулдары менен бардык тукумдарына туура, адил иштерди кылып+, Жахабанын жолунда жүрүүнү осуятташы үчүн жана мен, Жахаба, ага убада кылган нерселеримдин баарын беришим үчүн+ ага жакындадым».
20 Анан Жахаба: «Содом менен Амордун күнөөсү абдан оор+, аларга нааразы болгондордун зар-муңу угулуп жатат+.
21 Төмөн түшүп, алардын кылып жаткан иштери мага жеткен зар-муңчалык жаманбы же жокпу, көрөйүн, барып билейин»+,— деди.
22 Ошондон кийин ал кишилер* бурулуп, Содомго жөнөштү. Жахаба болсо+ Ыбрайым менен калды+.
23 Ыбрайым анын жанына барып, мындай деди: «Кантип эле сен адил адамдарды ыймансыздар менен кошо жок кылмак элең?+
24 Балким, ал шаарда элүү адил киши бардыр. Кантип эле сен ал жердегилерди жок кылып саласың, андагы элүү адил киши үчүн ал жерди аябайсыңбы?+
25 Адил кишини ыймансыз менен бирге жок кылышың, ыймансызга эмне кылсаң, адил кишиге да ошону кылышың мүмкүн эмес!+ Сен эч качан андай кылбайсың!+ Бүт жер жүзүнүн Соту адилетсиздик кылмак беле?»+
26 Ошондо Жахаба: «Эгер Содомдон элүү адил киши тапсам, алар үчүн ошол жердин баарына ырайым кылам»+,— деди.
27 Ыбрайым болсо: «Мына, мен топурак, күл болсом да+, Жахабага сүйлөгөнгө батындым.
28 Эгер элүү адил кишиге бешөө жетпей калсачы? Ошол бешөө үчүн бүт шаарды кыйратасыңбы?» — деп сурады. Кудай: «Эгер ал жактан кырк бешти тапсам, анда кыйратпайм»+,— деп жооп берди.
29 Ыбрайым кайрадан ага кайрылып: «Балким, ал жерден кырк киши табылар»,— деди. Кудай: «Эгер кырк киши табылса, анда да кыйратпайм»,— деди.
30 Ыбрайым дагы: «Жахаба, каардана көрбө+, мага дагы сүйлөгөнгө уруксат этчи+. Балким, ал жерден отуз киши табылар»,— деди. Кудай ага: «Эгер ал жерден отузду тапсам, анда да кыйратпайм»,— деди.
31 Бирок Ыбрайым дагы: «Мен Жахабага сүйлөгөнгө батындым+, мени угуп койчу. Балким, ал жерден жыйырма киши табылар»,— деди. Кудай: «Эгер жыйырма киши табылса, анда да кыйратпайм»+,— деди.
32 Акырында Ыбрайым: «Жахаба, каардана көрбө+, мага дагы бир эле жолу сүйлөгөнгө уруксат этчи+. Балким, ал жерден он киши табылар»,— деди. Кудай ага: «Эгер он киши табылса, анда да кыйратпайм»+,— деди.
33 Жахаба+ Ыбрайым менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин анын жанынан кетти. Ыбрайым болсо үйүнө кайтты.
Шилтемелер
^ Ыбрайым Жахабанын периштесине Жахабанын өзүнө кайрылып жаткандай кайрылган.
^ 1 сата = 7,33 л.
^ Сыягы, алардын экөө.