1 Корунттуктар 10:1—33
10 Бир туугандар, буларды билишиңерди каалайм: ата-бабаларыбыздын баары булут астында болуп+, баары деңизден өтүшкөн+,
2 баары булут астында деңизден өтүп, Муса+ менен биримдикте чөмүлтүлүшкөн,
3 баары бирдей рухий тамак жешкен+,
4 баары бирдей рухий суу ичишкен+. Алар өздөрүнүн артынан келаткан рухий аскадан ичишкен+. Ал аска+ Машаяк болчу+.
5 Бирок көбү Кудайды нааразы кылгандыктан+ чөлдө кырылып калган+.
6 Аларга окшоп жамандыкты эңсебешибиз үчүн+, бул бизге сабак болуп калды.
7 Кээ бирлерине окшоп бурканга табынбагыла+. Алар жөнүндө Ыйык Жазмада: «Эл ичип-жегени отурду. Анан туруп, көңүл ача башташты»,— деп жазылган+.
8 Айрымдарына окшоп бузуктук кылбайлы+; бузуктук кылышканынын айынан бир күндө алардын 23 миңи кырылган+.
9 Кээ бирлерине окшоп Жахабаны сынабайлы+; аны сынагандарды+ жыландар чагып өлтүргөн+.
10 Айрымдарына окшоп наалыбагыла; наалыгандар+ кыйратуучунун колунан өлүшкөн+.
11 Алардын башынан өткөндүн баары башкаларга сабак болушу үчүн болгон, ал эми дүйнө түзүлүштөрүнүн аягы келген убакта+ жашап жаткан бизге эскертүү иретинде жазылган+.
12 Ошондуктан ким туруп турам деп ойлосо, жыгылып калбашы үчүн сак болсун+.
13 Силер адамдар кабылып эле жүргөн азгырыктарга кабылып жатасыңар+. Бирок Кудай ишенимдүү+; ал силердин алыңар жеткис азгырыктарга кабылышыңарга жол бербейт+. Тескерисинче, азгырыкка дуушар болгонуңарда, туруштук бере алышыңар үчүн, жагдайдан чыгуунун жолун көрсөтөт+.
14 Андыктан, сүйүктүү бир туугандарым, бурканга табынуучулуктан+ качкыла+.
15 Мен буларды силерге акыл-эстүү+ адамдар экениңерди билгендиктен айтып жатам. Ал эми айткандарымды өзүңөр таразалап көргүлө.
16 Биз ыраазычылык билдирген ыраазычылык чөйчөгү+ Машаяктын канынын бизге пайда алып келерин билдирбейби? Ошондой эле биз сындырып жаткан нан+ Машаяктын денесинин бизге пайда алып келерин билдирбейби?+
17 Нан бирөө болгондуктан, көп болгонубузга карабай+ биз да бир денебиз+, анткени баарыбыз бир нандан жеп жатабыз+.
18 Ысрайыл элин+ карагылачы: курмандыктардан жегендер курмандык жайы менен үлүштөш эмеспи?+
19 Муну менен эмне айткым келет? Бурканга багышталган курмандыктын же буркандын өзүнүн кандайдыр бир мааниге ээ экенинби?+
20 Жок. Айтайын дегеним, башка элдер чалган курмандыктар Кудайга эмес, жиндерге багышталат+. Мен болсо силердин жиндер менен үлүштөш болушуңарды каалабайм+.
21 Силер бир эле учурда Жахабанын да, жиндердин да чөйчөгүнөн иче албайсыңар+; бир эле учурда «Жахабанын дасторконунан» да+, жиндердин дасторконунан да тамактана албайсыңар.
22 Же «Жахабаны кызганткыбыз» келеби?+ Биз, эмне, андан күчтүү белек?+
23 Менин баарын кылууга укугум бар, бирок баары эле пайдалуу эмес+. Баарын кылууга укугум бар+, бирок баары эле ишенимди бекемдей бербейт+.
24 Ар бир адам өзүнүн эмес+, башканын пайдасын көздөсүн+.
25 Эт базарында сатылгандын баарын таза абийир менен+, сураштырбай жей бергиле+.
26 Анткени «жер жана андагынын баары+ Жахабага таандык»+.
27 Ишенимдеш эмес бирөө конокко чакырса, аныкына барганда алдыңарга коюлгандын баарын таза абийир менен+, сураштырбай жей бергиле+.
28 Бирок кимдир бирөө: «Бул — курмандыкка чалынган тамак»,— деп калса, анда айткан киши үчүн жана абийир таза болушу үчүн, аны жебегиле+.
29 Мен силердин эмес, башканын абийирин айтып жатам. Бирөөнүн абийиринен улам эркиндигимдин сындалышына жол берип эмне кылам?+
30 Эгер тамакты Кудайга ыраазычылык билдирип жесем, анда ыраазычылык билдирип жеген тамагым үчүн эмнеге айыпталышым керек?+
31 Ошондуктан жесеңер да, ичсеңер да, эмне кылсаңар да, баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла+.
32 Жүйүттөрдүн да, гректердин да, Кудайдын жыйналышынын да мүдүрүлүшүнө себепкер болбогула+.
33 Мен да өзүмдүн эмес+, көптөрдүн пайдасын көздөп, алар куткарылып калышы үчүн+, баарына бардык жагынан жагууга аракеттенип жатам+.