Башталыш 22:1—24

22  Ушул окуялардан кийин чыныгы Кудай Ыбрайымдын ишенимин сынап көрүүнү чечти+. Ал: «Ыбрайым!» — деп чакырды. Ыбрайым: «Угуп жатам»,— деди+.  Кудай ага: «Жакшы көргөн жалгыз уулуң+ Ыскакты+ алып, Мориа жерине+ бар да, мен көрсөтө турган тоодо аны бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чал»+,— деди.  Ыбрайым эртең менен эрте турду да, эшегин токуп, өзү менен кошо эки кулун, уулу Ыскакты ээрчитип чыныгы Кудай айткан жерге жөнөдү+. Ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык үчүн отун да камдап алды.  Үчүнчү күнү Ыбрайым көз чаптырып, алыстан ошол жерди көрдү.  Ошондо ал кулдарына+: «Силер эшекти алып, ушул жерде туруп тургула. Балам экөөбүз болсо тигил жакка барып, Кудайга сыйынып+, кайра келебиз»,— деди.  Ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык үчүн даярдалган отунду уулу Ыскакка көтөртүп+, өзү болсо от менен чоң бычакты алып, экөө жөнөп кетишти+.  Ыскак атасына: «Ата»+,— деди. Ал: «Угуп жатам, уулум»+,— деди. Ыскак: «От менен отун го бар, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалына турган кой кана?»+ — деп сурады.  Ыбрайым: «Кудай бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалына турган койду+ өзү караштырат, уулум»,— деп жооп берди. Анан андан ары жолун улантышты.  Акыр-аягы, алар чыныгы Кудай көрсөткөн жерге жетишти. Ыбрайым ошол жерге курмандык жайын куруп+, үстүнө отундарды койду да, уулу Ыскактын колу-бутун байлап, отундардын үстүнө жаткырды+. 10  Анан уулун мууздаш үчүн колуна чоң бычакты алганда+, 11  асмандан Жахабанын периштеси+: «Ыбрайым, Ыбрайым!» — деди. Ыбрайым: «Угуп жатам»,— деди. 12  Ал: «Балага тийбе, ага эчтеке кылба+, мен эми сенин Кудайдан коркоруңду билдим, анткени менден өз уулуңду, жалгызыңды, аяган жоксуң»+,— деди. 13  Ыбрайым башын көтөрүп караса, алыста мүйүзү бадалга илинип калган бир кочкор туруптур. Ал барды да, аны алып келип, уулунун ордуна бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалды+. 14  Ыбрайым ошол жерди Жахаба-Жире* деп атады. Ошондон улам: «Жахабанын тоосунда берилет»+,— деп айтылып калган. 15  Жахабанын периштеси асмандан Ыбрайымга экинчи жолу кайрылып, 16  мындай деди: «„Өзүм менен ант берем,— дейт Жахаба+.— Сен ушундай кылганың үчүн, өз уулуңду, жалгызыңды, аябаганың үчүн+, 17  сага батамды берип, тукумуңду асмандагы жылдыздардай, деңиз жээгиндеги кумдай көбөйтөм+. Сенин тукумуң душмандарынын дарбазаларын* ээлеп алат+. 18  Менин тилимди алганың үчүн, сенин тукумуң+ аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдер бата алат“»+. 19  Андан кийин Ыбрайым кулдарына кайтып келип, алар менен кайра Беир-Шебага+ жөнөдү. Ал Беир-Шебада жашады. 20  Ошол окуялардан кийин Ыбрайымга мындай кабар жетти: «Милка+ да бир тууганың Нахорго+ уулдарды төрөп берди. 21  Ал тун баласы Усту, анын бир тууганы Бузду+, Кемуелди (Арамдын атасы), 22  Кесетти, Хазону, Пилдашты, Жидлапты, Бетуелди+ төрөп берди». 23  Бетуелден Ребека төрөлдү+. Ушул сегиз уулду Ыбрайымдын бир тууганы Нахорго Милка төрөп берди. 24  Нахордун Реум деген токолу да бар эле. Ал да ага Тебахты, Гахамды, Тахашты, Мааханы+ төрөп берди.

Шилтемелер

Мааниси: «Жахаба көрөт; Жахаба берет».
Б. а. шаарларынын дарбазаларын.