Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жүрөгүңдү сактап, адеп-ахлак жагынан таза бойдон кал

Жүрөгүңдү сактап, адеп-ахлак жагынан таза бойдон кал

Жүрөгүңдү сактап, адеп-ахлак жагынан таза бойдон кал

«Баарынан да, сактай тургандардан жүрөгүңдү сакта, анткени андан өмүр булагы чыгат» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 4:23).

1—3. а) Адамдар өздөрүнүн адеп-ахлактык тазалыгын баалабаганын көп учурда кантип көрсөтүшөт? Мисал менен түшүндүр. б) Адеп-ахлактык тазалыктын баалуулугун карап чыгуу эмне үчүн маанилүү?

СҮРӨТ эскилиги жеткендей же үйдүн жасалгасына төп келишпегендей көрүнгөнбү, айтор, үйдүн ээсине керексиздей сезилген. Натыйжада ал сүрөт 29 долларга бааланып, эски буюмдар сатылган жерде илинип турган. Бирок бир нече жылдан кийин анын бир миллион долларга жакын турары аныкталган! Ооба, ал сейрек кездешүүчү шедевр болуп чыккан. Бул кенчке тийиштүү баа бербей калган мурунку ээси кандай сезимде калганын элестетсең!

2 Көп учурда адеп-ахлактык тазалык менен ыймандуулукка да ушундай мамиле жасалат. Бүгүн көп адамдар өздөрүнүн адеп-ахлак тазалыгына анча маани беришпейт. Кээ бирөөлөр аны азыркы жашоого төп келишпеген эски түшүнүк деп эсептеп, болбогон нерсеге алмаштырышат. Айрымдар адеп-ахлактык тазалыгын бир нече мүнөттүк жыныстык канааттануу алуу үчүн сатып жиберишет. Башкалар болсо андан теңтуштарына же башка жыныстагы адамга жагууга үмүттөнүп баш тартышат (Накыл сөздөр 13:20).

3 Көптөр адеп-ахлактык жактан таза болуу канчалык баа жеткис нерсе экенин өтө кеч болуп калганда түшүнүшөт. Мунун кесепети көп учурда кайгылуу болот. Ыйык Китепте айтылгандай, адеп-ахлаксыздыктын натыйжасы уу сыяктуу, «эрмендей ачуу» болушу мүмкүн (Накыл сөздөр 5:3, 4). Азыркы бузулган ыймансыз дүйнөдө өзүңдүн адеп-ахлактык тазалыгыңды канткенде баалай да, сактай да аласың? Төмөндө ан үчүн кандай үч кадамды жасасак болоруна көңүл бурулат.

Жүрөгүңдү сакта

4. Каймана жүрөк деген эмне жана аны эмне үчүн сакташыбыз керек?

4 Адеп-ахлактык тазалыкты сактоонун ачкычы жүрөктү сактоодо. Ыйык Китепте: «Баарынан да, сактай тургандардан жүрөгүңдү сакта, анткени андан өмүр булагы чыгат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 4:23). Бул жердеги «жүрөгүң» деген сөз эмнени билдирет? Кеп түз маанидеги жүрөк эмес, каймана жүрөк жөнүндө жүрүп жатат. Мындай жүрөк адамдын ички дүйнөсүн: ойлорун, сезимдерин жана каалоо-ниеттерин билдирет. «Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен, бардык күч-кубатың менен сүй»,— дейт Ыйык Китеп (Мыйзам 6:5). Ыйса бул осуятты баарынан улуу деп атаган (Марк 12:29, 30). Жүрөктүн бул түрү эң эле баалуу экени айкын. Аны сактоо — арзырлык иш.

5. Кандайча жүрөк бир чети баалуу, бир чети коркунучтуу?

5 Ошол эле учурда Ыйык Китепте: «Адамдын жүрөгү баарынан анткор, ал өтө бузулган, аны ким биле алат»,— деп айтылат (Жеремия 17:9). Кандайча жүрөгүбүз анткор болуп, өзүбүзгө коркунуч туудурушу ыктымал? Мисалы, машине абдан пайдалуу каражат, анын жардамы менен атүгүл чукул кырдаалда кимдир бирөөнүн өмүрүн сактап калууга болот. Бирок айдоочу рулду буруп, машинени башкарып турбаса, ал оңой эле каргашалуу каражатка айланып калышы мүмкүн. Ошо сыяктуу эле, жүрөгүңдү сактабасаң, каалоо-умтулууларың сени бийлеп, кайгылуу натыйжаларга алып барат. Кудай Сөзүндө: «Өзүнө таянган адам — акылсыз, акылмандык менен жүргөн адам аман-эсен болот»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 28:26). Ооба, сапарга чыгарда жол картасын караган сыңары, Кудай Сөзүн жетекчилик катары колдонсоң, акылмандык менен жүрүп, кайгылуу натыйжалардан кача аласың (Забур 118:105).

6, 7. а) Ыйыктык деген эмне жана Жахабанын кызматчылары үчүн ал эмне себептен маанилүү? б) Жеткилеңсиз адамдардын Жахабанын ыйыктыгын чагылдыра аларын кайдан билебиз?

6 Жүрөгүбүз адеп-ахлактык тазалыкка өзүнөн өзү эле умтулбайт. Аны туура нукка өзүбүз багытташыбыз керек. Мунун бир жолу — адеп-ахлактык тазалыктын канчалык баалуу экени жөнүндө ой жүгүртүү. Бул сапат тазалыкты, аруулукту, күнөөкөрлүктөн бөлүнүп тургандыкты билдирген ыйыктык менен тыгыз байланышат. Ыйыктык Жахаба Кудайга таандык баалуу сапат болуп эсептелет. Ыйык Китептин жүздөгөн аяттарында бул сапат Жахабага карата колдонулат. Алсак, Ыйык Китепте: «Ыйыктык Жахабага таандык»,— деп айтылат (Чыгуу 28:36, «ЖД»). Бирок бул бийик сапаттын бизге, жеткилеңсиз адамдарга, кандай катышы бар?

7 Жахаба өзүнүн Сөзүндө бизге: «Ыйык болгула, анткени Мен ыйыкмын»,— дейт (1 Петир 1:16). Ооба, адеп-ахлактык тазалыгыбызды сактап, биз ыйык болуу жагынан Жахабаны туурай алабыз. Ошентип, ыпылас, бузуку иштерден алыс болуу менен биз жүрөк толкуткан зор мүмкүнчүлүккө — Эң Жогорку Кудайдын сонун сапатын чагылдырууга — умтулган болобуз! (Эфестиктерге 5:1). Бирок бул колубуздан келбейт деп ойлобошубуз керек, анткени Жахаба акылмандык жана эстүүлүк көрсөтүү менен эч качан бизден колубуздан келбеген нерсени талап кылбайт (Забур 102:13, 14; Жакып 3:17, «ЖД»). Албетте, рухий жана адеп-ахлактык жактан таза бойдон калуу үчүн күч-аракет жумшоо зарыл. Бирок элчи Пабыл Машайактын «акниеттүүлүк менен тазалыкка... татыктуу» экенин белгилеген (2 Корунттуктарга 11:3, «ЖД»). Андыктан Ыйсанын жана анын Атасынын алдында өзүбүздү адеп-ахлак жагынан таза сактоо үчүн бүт күч-аракетибизди жумшоого милдеттүү эмеспизби? Анын үстүнө, алардын бизге көрсөткөн сүйүүсү ушунчалык күчтүү болгондуктан, биз аларга дайыма карыздарбыз (Жакан 3:16; 15:13). Ошондуктан таза, адеп-ахлактуу жашоо өткөрүүнү биз ыраазычылык билдирүүнүн мүмкүнчүлүгү катары көрөбүз. Адеп-ахлактык тазалыкты сактоого ушундай кароо менен аны баалап, жүрөгүбүздү сактай алабыз.

8. а) Каймана жүрөгүбүздү кантип азыктандырсак болот? б) Сүйлөгөн сөздөрүбүз биз жөнүндө эмнени көрсөтөт?

8 Жүрөгүбүздү сактоого жакшы азыктануу да жардам берет. Ан үчүн акылыбыз менен жүрөгүбүздү дайыма сапаттуу рухий тамак менен азыктандырып, назарыбызды Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарга бура беришибиз зарыл (Колостуктарга 3:2). Бул сүйлөгөн сөздөрүбүздөн да көрүнүп турушу керек. Эгерде биз денелик, адеп-ахлаксыз нерселер жөнүндө сүйлөгөн адам катары таанылуу болсок, бул аздыр-көптүр жүрөгүбүз кандай абалда экенин көргөзөт (Лука 6:45). Келгиле, андан көрө рухий жана бекемдээрлик нерселер тууралуу сүйлөгөн адам катары белгилүү бололу (Эфестиктерге 5:3). Жүрөгүбүздү сактоо үчүн, дагы башка олуттуу коркунучтардан качышыбыз керек. Азыр алардын экөөн карап чыгалы.

Бузуктуктан кач

9—11. а) Эмнеге 1 Корунттуктарга 6:18деги кеңешке маани бербегендер олуттуу адеп-ахлаксыз иш кылууга жакындашат? Мисал менен түшүндүр. б) Бузуктуктан качуу үчүн, эмнеден алыс болушубуз керек? в) Ишенимдүү Аюб бизге кандай сонун үлгү калтырган?

9 Жахаба элчи Пабылды көп адамдарга өздөрүнүн жүрөгүн сактап, адеп-ахлактык жактан таза бойдон калууга жардам берген кеңештерди жазууга шыктандырган. Пабыл: «Ойноштук кылуудан [«бузуктуктан», «ЖД»] качкыла»,— деп айткан (1 Корунттуктарга 6:18). Демек, Ыйсанын жолдоочулары адеп-ахлаксыз иштерден өмүргө коркунуч туудурган нерседен качкандай качууга тийиш. Бул кеңешке маани бербесек, биз олуттуу адеп-ахлаксыз иш кылуу жана Кудайдын жактыруусунан айрылуу ыктымалдыгын күчөтөбүз.

10 Мисалы, апасы кичинекей баласы менен бир жакка барууга камданып, аны жуунтуп, тыпырайтып кийинтип коёт дейли. Баласы кеткенге чейин эшикте ойноп турууну суранат. Апасы макул болуп, бирок: «Тээтиги көлчүктүн жанына барба, макулбу? Булгана турган болсоң, көрөсүң»,— деп шарт коёт. Бирок бир аздан кийин эле баласынын көлчүктүн четинде тийип койсоң жыгылып кетчүдөй болуп эңкейип турганын көрөт. Ал азырынча булгана элек. Бирок апасынын көлчүктүн жанына барба деген эскертүүсүн кулагынын сыртынан кетирип, балаага кабылганы турат (Накыл сөздөр 22:15). Көптөгөн жаштар, атүгүл аркы-беркини түшүнүп калган чоң эле кишилер да ушу сыяктуу ката кетиришет. Кантип?

11 Азыркы мезгилде көптөгөн адамдардын «ыпылас кумарга» берилиши никеден тышкаркы жыныстык катнаштарды үгүттөгөн ири өнөржайдын пайда болушуна алып келди (Римдиктерге 1:26, 27). Порнография деген илдет журналдар, китептер, видеофильмдер жана Интернет аркылуу жайылууда. Албетте, андай элес-сүрөттөрдү акылына кабыл алгандар бузуктуктан качып жатышкан жок. Алар аны менен «ойноп» жатышат жана Ыйык Китептин эскертүүсүн четке кагып, коркунучтуу абалда турушат. Жүрөгүн сактагандын ордуна, алар аны эстутумда көп жылдар бою өчпөй кала бере турган ыпылас элес-сүрөттөр менен уулантышууда (Накыл сөздөр 6:27). Келгиле, өзүнүн көзү менен келишим түзүп, жамандык кылууга азгырчу нерселерди карабоого чечкиндүү болгон ишенимдүү Аюбдан үйрөнөлү (Аюб 31:1). Ал — биз үчүн эң сонун үлгү!

12. Ыйсаны жолдогон жаштар сүйлөшүп жүргөндө кантип «бузуктуктан кача» алышат?

12 Сүйлөшүп жүргөндө кыз-жигиттин «бузуктуктан качышы» өзгөчө зарыл. Ал мезгил үмүт жана күтүү менен коштолгон кубанычтуу убак болушу керек, бирок кээ бир жаштар адеп-ахлаксыздык менен «ойноп», ал учурга кара так калтырышат. Ошентип, алар мамилелерин өзүмчүлдүксүз сүйүүгө, өзүн өзү башкара билүүгө жана Жахаба Кудайга баш ийгендикке негиздебей, бактылуу никенин пайдубалын түптөбөй калышат. Алсак, Ыйсаны жолдогон бир түгөйлөр сүйлөшүп жүргөндө адеп-ахлаксыз иш кылышкан. Үйлөнүшкөндөн кийин, аялы абийири кыйнаганын, атүгүл үйлөнүү үлпөтүнөн кубаныч албаганын айткан. Ал: «Мен Жахабадан көп жолу кечирим сурадым, бирок андан бери жети жыл өтсө да, абийирим дагы деле айыптай берет»,— деп мойнуна алган. Мындай күнөө кылгандардын Ыйсаны жолдогон аксакалдардан жардам издегени маанилүү (Жакып 5:14, 15). Бактыга жараша, Ыйсанын көп жолдоочулары сүйлөшүп жүргөндө акылмандык менен иш кылып, андай коркунучтардан оолак болушат (Накыл сөздөр 22:3). Алар сезимдерин билдирүүдө өздөрүн чектей билишет. Ошондой эле эч ким жок жерде өздөрүнчө жалгыз калуудан качып, убакытты жоро-жолдошторунун же жакындарынын чөйрөсүндө өткөрүшөт.

13. Эмне үчүн Ыйсанын жолдоочулары Жахабага кызмат кылбаган адамдар менен турмуш курбашы керек?

13 Жахабага кызмат кылбаган адамдар менен сүйлөшүп жүргөн Ыйсанын жолдоочулары чоң кыйынчылыктарга дуушар болушу ыктымал. Мисалы, Жахаба Кудайды сүйбөгөн адам менен кантип турмуш кура алат элең? Ыйсанын жолдоочуларынын Жахабаны сүйгөн жана анын адеп-ахлак нормаларын урматтаган адамдар менен гана «бир моюнтурук кийгени» абзел. Кудайдын Сөзүндө бизге: «Ишенбегендер менен бирге бир моюнтурукту кийбегиле. Себеби адилдик менен мыйзамсыздыктын ортосунда кандай жалпылык бар? Жарык менен караңгылыктын ортосунда кандай жалпылык бар?» — деп айтылат (2 Корунттуктарга 6:14).

14, 15. а) «Бузуктук» деген сөздүн маанисине байланыштуу кээ бирөөлөр кандай туура эмес көзкарашка ээ? б) «Бузуктукка» кандай иштер кирет жана Ыйсанын жолдоочулары кантип «бузуктуктан кача» алышат?

14 Бузуктуктан качууга билим да жардам берет. Бузуктуктун эмне экенин жакшы билбесек, андан тийиштүү түрдө кача албайбыз. Бүгүнкү дүйнөдө кээ бирөөлөр «бузуктук» деген сөздүн маанисин туура эмес түшүнүшөт. Алар сексуалдык каалоолорун жыныстык катнаштан башка жолдор менен никеден тышкары канааттандыра берсе болот деп ойлошот. Ал тургай жашы жете электерди күтүлбөгөн кошбойлуулуктан сактоого аракеттенген айрым беделдүү медициналык мекемелер да жаштарды бойго бүтүрбөй турган, адаттан тыш болгон жыныстык мамилелерге үндөйт. Мындай кеңештер түп-тамырынан туура эмес. Никесиз кошбойлуулуктан качкандык адеп-ахлактык тазалыкты сактоо менен бирдей эмес жана «бузуктук» деген сөздүн нагыз аныктамасы анчалык чектелүү же тар эмес.

15 «Бузуктук» деп которулган грек сөзү (порниа) кеңири мааниге ээ. Ага никеде турбаган адамдардын жыныстык мамилелери жана жыныстык органдарды туура эмес пайдалануу кирет. Порниа өз ичине оралдык секс, аналдык секс жана башка бирөөнү мастурбациялоо сыяктуу иштерди (адатта, сойкулар үйү менен байланышкан жүрүм-турумду) камтыйт. Мындай иштерди «бузуктукка» кирбейт деп ойлогондор өздөрүн алдап, Шайтандын торлорунун бирине түшкөн болушат (2 Тиметейге 2:26). Андан тышкары, адеп-ахлак жагынан таза бойдон калуу бузуктукка кирген иштерден оолак болууну эле билдирбейт. «Бузуктуктан качуу» үчүн, биз чоң күнөөгө (порниа) алып барышы мүмкүн болгон жыныстык ыпыластыктын жана бузуку жүрүм-турумдун бардык түрлөрүнөн качышыбыз керек (Эфестиктерге 4:19). Ошентип, адеп-ахлактык жактан таза боло алабыз.

Тийишүүдөн кач

16. Махабат сезимдерин билдирүү кандай жагдайда орундуу жана Ыйык Жазмада бул кайсы мисал менен көрсөтүлгөн?

16 Адеп-ахлак жагынан таза бойдон калыш үчүн, дагы бир коркунучтан — тийишүүдөн — качышыбыз зарыл. Кээ бирөөлөр тийишүүнү эки башка жыныстагы адамдардын ортосундагы коркунучсуз, зыянсыз оюн, тамаша деп ырасташы мүмкүн. Албетте, орундуу учурда, ылайыктуу жерде махабат сезимдерин билдирүүнүн эч жаман жери жок. Мисалы, Ыскактын Ребека менен «ойногонун» башкалар көргөн жана алардын ага-карындаш эле эмес экени түшүнүктүү болгон (Башталыш 26:7—9). Бирок алар өмүрлүк жарлар болчу. Андыктан алардын бири-бирине көрсөткөн сүйүү мамилелери орундуу болгон. Тийишүү болсо такыр башка нерсе.

17. Тийишүү деген эмне жана андан кантип качууга болот?

17 Тийишүүнү никеге турууга ниети жок адамдын башка бирөөгө романтикалык кызыгуу көрсөтүүсү деп аныктоого болот. Адам баласынын табияты татаал болгондуктан, тийишүүнүн көп сандаган жолдор менен ишке ашырылары жана айрымдары билинер-билинбес болору күмөнсүз (Накыл сөздөр 30:18, 19). Андыктан бул жерде катуу эрежелерди бекитүү майнапсыз. Алда канча бийик нерселер: өзүн өзү чынчылдык менен текшерүү жана ыйык китептик принциптерди чын ниеттен колдонуу талап кылынат.

18. Тийишүүгө айрымдарга эмне түрткү берет жана тийишүү эмнеси менен залакалуу?

18 Эгер жүрөгүбүздө чынчыл болсок, башка жыныстагы кимдир бирөөнүн бизге романтикалык кызыгуусу бар экенин сезгенибизде көңүлүбүз эргий түшөрүн моюнга алабыз. Бул — табигый нерсе. Бирок кимдир бирөөгө анын кызыгуусун сезүү үчүн эле тийишип жаткан жокпузбу? Муну менен өз кадырыбызды жогорулатууну же башка бирөөнүн сезимдерин «кытыгылоону» каалашыбыз мүмкүн. Бирок бул тиги адамды жапа чектириши мүмкүн экенин ойлодукпу? Мисалы, Накыл сөздөр 13:12де: «Көпкө чейин ишке ашпаган үмүт жүрөктү кыйнайт»,— деп айтылат. Эгер кимдир бирөөгө атайылап тийишсек, мунун ага кандай таасир тийгизерин билбесек керек. Ал адам сөз айтышыбызды күтүп, балким, үй-бүлө курууга үмүттөнө башташы мүмкүн. Бирок акырында көңүлү калып, катуу кыйналышы ыктымал (Накыл сөздөр 18:14). Башкалардын сезимдери менен билип туруп ойноо мыкаачылыкка жатат.

19. Тийишүү Ыйсанын жолдоочуларынын никесине кандай коркунуч туудурушу мүмкүн?

19 Айрыкча, үй-бүлөлүү адамдарга тийишүүдөн этият болгонубуз маанилүү. Никеде турган адамга романтикалык кызыгуу көрсөтүү, же тескерисинче, никелүү адамдын өз жубайынан башка бирөөгө тийишүүсү туура эмес. Тилекке каршы, Ыйсанын кээ бир жолдоочулары өмүрлүк жарынан башка адамдарга карата романтикалык сезимдерди өрчүтүүнүн жаман жери жок деп жаңылыш ойлошот. Айрымдары мындай «досуна» жүрөктөгү сырларын ачып берет, жадагалса аны менен өзүнүн жубайына айтпаган жеке ой-сезимдерин бөлүшөт. Натыйжада романтикалык сезимдер өрчүп отуруп, эмоциялык жакындыкка айланат да, никеге доо кетириши, атүгүл аны бузушу мүмкүн. Ыйсанын никелүү жолдоочуларынын анын ойноштук жөнүндөгү даанышман эскертүүсүн — ойноштук жүрөктөн башталарын — эсте тутканы абзел (Матай 5:28). Андыктан, келгиле, жүрөгүбүздү сактап, ушундай каргашалуу кесепеттерге алып баруучу жагдайлардан качалы.

20. Адеп-ахлактык тазалыгыбызга кандай кароого чечкиндүү болушубуз керек?

20 Арийне, бүгүнкү бузулган дүйнөдө адеп-ахлак жагынан таза бойдон калуу оңойго турбайт. Бирок адеп-ахлактык тазалыкты сактоо булганып, кайрадан тазаланууга караганда кыйла жеңил экенин унутпайлы. Албетте, Жахаба «өтө ырайымдуу» болгондуктан, күнөөлөрүн мойнуна алып чындап өкүнгөндөрдү тазарта алат (Ышайа 55:7). Бирок ал адеп-ахлаксыз иш кылгандарды андай жүрүм-турумдун кайгылуу натыйжаларынан коргобойт. Ал кесепеттер көп жылдар бою, атүгүл өмүр бою сезилиши мүмкүн (2 Шемуел 12:9—12). Ошондуктан жүрөгүңдү сактап, адеп-ахлактык жактан таза бойдон калууга бүт күч-аракетиңди жумша. Жахаба Кудайдын алдындагы тазалыгыңды, ыймандуулугуңду баалуу кенч катары эсепте жана аны эч качан жоготпо!

Эмне деп жооп берет элең?

• Адеп-ахлактык тазалык деген эмне жана эмне үчүн ал абдан маанилүү?

• Жүрөгүбүздү кантип сактай алабыз?

• Бузуктуктан качууга эмнелер кирет?

• Тийишүүдөн эмне үчүн качышыбыз керек?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

Туура башкарылбаса, машине каргашалуу каражатка айланышы мүмкүн.

[10-беттеги сүрөт]

Эскертүүлөргө маани бербөө эмнеге алып барышы мүмкүн?

[11-беттеги сүрөт]

Сүйлөшүп жүргөндө адеп-ахлак жагынан таза болуу кубаныч тартуулайт жана Кудайга даңк алып келет.