1 Корунттуктар 6:1—20
6 Кимдир бирөөңөрдүн башка бирөөгө доосу болсо+, ал соттошуу үчүн ыйыктарга эмес+, адил эместерге барууга кантип батынат?+
2 Же ыйыктардын дүйнөнү+ соттой турганын билбейсиңерби?+ Эгер силер дүйнөнү соттой турган болсоңор+, анда кантип майда-барат иштерди чечип албайсыңар?
3 Периштелерди соттой турганыбызды билбейсиңерби?+ Анда эмне үчүн турмуш-тиричиликке байланыштуу маселелерди чечип албайсыңар?
4 Чече турган ошондой маселеңер болсо+, жыйналыш үчүн баркы жок адамдарды сот кылып тандайсыңарбы?+
5 Муну силерди уяткарыш үчүн айтып жатам+. Араңарда бир туугандардын ортосундагы маселени чечкенге акылдуу эч ким жокпу?+
6 Бир тууган бир тууган менен соттошуу үчүн ишенбегендердин алдына барат деген эмне?!+
7 Бири-бириңер менен соттошуп жатканыңардын+ өзү эле жеңилгениңерди билдирет. Соттошкондон көрө, адилетсиздикке чыдаганыңар жакшы эмеспи?+ Соттошкондон көрө, алданып калганыңар жакшы эмеспи?+
8 Силер болсо, тескерисинче, бир туугандарыңарга адилетсиз мамиле кылып, аларды алдап жатасыңар+.
9 Же адил эмес адамдардын Кудайдын Падышалыгын мурастабай турганын билбейсиңерби?+ Алданбагыла. Бузуктук кылып жүргөндөр да+, бурканга табынгандар да+, ойноштук кылып жүргөндөр да+, табигый эмес жыныстык катнаштарга колдонулган эркектер да+, эркектер менен жатып жүргөн эркектер да+,
10 уурулар да, ач көздөр да+, аракечтер да+, башкаларга тил тийгизгендер да, талап-тоноочулар да Кудайдын Падышалыгын мурастабайт+.
11 Кээ бирлериңер мурун ушундай адамдардан элеңер+. Бирок Мырзабыз Иса Машаяктын ысмы менен+, Кудайыбыздын руху аркылуу+ жуулдуңар+, ыйыкталдыңар+, адил деп жарыяландыңар+.
12 Менин баарын кылууга укугум бар, бирок баары эле пайдалуу эмес+. Баарын кылууга укугум бар+, бирок бир да нерсенин өзүмө үстөмдүк кылышына жол бербейм+.
13 Тамак ашказан үчүн, ал эми ашказан тамак үчүн+, бирок Кудай экөөнү тең жок кылат+. Дене бузуктук үчүн эмес, Мырзабыз үчүн+, Мырзабыз болсо дене үчүн+.
14 Кудай өзүнүн күчү менен+ Мырзабызды тирилткендей эле+, бизди да тирилтет+.
15 Силердин денеңер Машаяктын+ дене мүчөлөрү экенин билбейсиңерби?+ Андай болсо, Машаяктын дене мүчөлөрүн алып, сойкунун дене мүчөлөрү менен бириктирмек белем?+ Эч качан!
16 Же сойку менен бириккен кишинин аны менен бир дене болорун билбейсиңерби? Анткени Кудай: «Экөө бир дене болот»,— деп айткан+.
17 Ал эми ким Мырзабыз менен бириксе+, аны менен бир ойдо* болот+.
18 Бузуктуктан качкыла+. Адамдын башка күнөөлөрүнүн баары денесинен тышкары болот, ал эми бузуктук кылып жүргөн киши өз денесине каршы күнөө кылган болот+.
19 Же денеңер ичиңердеги ыйык рухтун+, Кудайдан алган рухтун, ибадатканасы экенин билбейсиңерби?+ Силер өзүңөргө таандык эмессиңер+,
20 анткени кымбат баага сатылып алынгансыңар+. Ошондуктан Кудайды денеңер+ менен даңктагыла+.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «бир рухта».