Башталыш 26:1—35

26  Ыбрайымдын убагында биринчи жолу болгон ачарчылыктан сырткары, ал жерде дагы ачарчылык болду+. Ыскак Герар+ жериндеги пелиштиликтердин падышасына, Абымелекке, жөнөдү.  Жахаба ага көрүнүп+, мындай деди: «Мисирге барба. Чатырларыңды мен көрсөткөн жерге+ тик.  Ушул жерде келгин болуп жаша+. Мен сени менен болуп, сага батамды берем, анткени бул жердин баарын сага, сенин тукумуңа берип+, атаң Ыбрайымга берген антымды+:  „Сенин тукумуңду асмандагы жылдыздардай көбөйтөм, бул жердин баарын тукумуңа берем+. Сенин тукумуң аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдер бата алат“+,— деген антымды, орундатам.  Анткени Ыбрайым тилимди алып, мен айткандардын баарын: менин буйруктарымды, көрсөтмөлөрүмдү, мыйзамдарымды аткарган»+.  Ошентип, Ыскак Герарда жашап калды+.  Ал жердин тургундары аялы жөнүндө сурашканда, Ыскак: «Бул менин карындашым болот»,— деп койчу+. Анткени: «Ребека үчүн мени өлтүрүп коюшат»,— деп ойлоп, аны «аялым» дегенден коркчу, себеби ал сулуу аял эле+.  Бир күнү Абымелек, пелиштиликтердин падышасы, терезеден Ыскактын Ребеканы эркелетип жатканын көрүп калды+.  Ошондо ал Ыскакты чакырып: «Бул сенин аялың турбайбы! Анда эмнеге „карындашым“ дедиң?» — деди. Ыскак: «Аялым үчүн мени өлтүрүп коюшат деп корккондуктан ошентип айттым»,— деп жооп берди+. 10  Абымелек: «Бул эмне кылганың?+ Элимдин арасынан кимдир бирөө аялыңа жакындап койсо, эмне болот эле? Аз жерден бизди күнөөгө түртүп коё жаздабадыңбы»+,— деди. 11  Анан бүт элге: «Ким бул кишиге же аялына тийсе, өлүм жазасына тартылат!» — деп жарыялады. 12  Ыскак ал жерге үрөн сээп+, Жахаба батасын бергендиктен+, ошол жылы сепкенинен жүз эсе көп түшүм алды+. 13  Ал байып, мал-мүлкү көбөйгөндөн көбөйүп, абдан бай болду+. 14  Анын койлору, бодо малдары, кулдары көбөйгөндүктөн+, пелиштиликтер ага көз арта башташты+. 15  Алар Ыскактын атасы Ыбрайымдын убагында анын кулдары казган кудуктарга+ топурак толтуруп салышты+. 16  Акыры, Абымелек Ыскакка: «Бул жактан кет, анткени бизден алда канча күчтүү болуп кеттиң»+,— деди. 17  Ошондо Ыскак ал жактан кетип, Герар өзөнүнө+ чатырларын тигип, ошол жерде жашап калды. 18  Ал атасы Ыбрайымдын убагында казылып, ал өлгөндөн кийин пелиштиликтер топурак толтуруп салган кудуктарды+ кайрадан казып, аларды атасы койгон аттар менен атады+. 19  Ыскактын кулдары өзөндү казып жатып таза суусу бар кудук таап алышты. 20  Бирок герардык койчулар: «Бул — биздин суу!» — деп, Ыскактын койчулары менен талаша башташты+. Ошондуктан Ыскак ал кудукту Эсек* деп атады. 21  Ыскактын кулдары дагы бир кудук казышты. Тигилер аны да талашышты. Ошондуктан ал аны Ситна* деп атады. 22  Кийинчерээк Ыскак ал жерден кетип, дагы башка кудук казды+. Тигилер аны талашкан жок. Ошондуктан ал кудукту Рехобот* деп атап: «Укум-тукумубузду көбөйтүп+, бизге кенен жер берген+ Жахабага бардыгы үчүн ыраазыбыз»,— деди. 23  Анан ал жерден Беир-Шебага+ көчтү. 24  Ошол түнү Жахаба ага көрүнүп: «Мен сенин атаң Ыбрайымдын Кудайымын+. Коркпо+, анткени мен сени мененмин. Сага батамды берип, кулум Ыбрайым үчүн укум-тукумуңду көбөйтөм»+,— деди. 25  Ыскак ошол жерге курмандык жайын куруп, Жахабанын ысмын даңктады+. Ал ошол жерге чатырын тикти+, кулдары болсо ал жерге кудук казышты. 26  Кийинчерээк ага Герардан Абымелек келди. Анын жанында жакын досу Акузат менен аскер башчысы Пихол+ да бар эле. 27  Ыскак аларга: «Мени жек көрүп, жериңерден кууп жибергенден кийин мага эмнеге келдиңер?»+ — деди. 28  Алар: «Жахаба сени менен+ экенине көзүбүз жетти. Ошондуктан сага мындай деп айталы дедик: „Кел бири-бирибизге ант берели+, биз менен тынчтык келишимин түз+, 29  биз сага тийбей, сени тынчтык менен коё берип, жакшылык кылганыбыздай эле, сен да бизге жамандык кылба+. Сен Жахаба батасын берген кишисиң“»+,— дешти. 30  Ошондо Ыскак алар үчүн той өткөрдү, алар ичип-жешти+. 31  Эртеси эртең менен эрте туруп, алар бири-бирине ант беришти+. Анан Ыскак аларды тынчтык менен коё берди+. 32  Ошол күнү Ыскактын кулдары: «Биз суу таптык» — деп, өздөрү казган кудук+ жөнүндө айтып келишти. 33  Ыскак ал кудукту Шиба* деп атады. Ошондуктан ал шаар ушул күнгө чейин Беир-Шеба*+ деп аталат. 34  Эйсап кырк жашка чыкканда Хеттин тукумдарынан болгон Бейринин кызы Жудитти, Хеттин тукумдарынан болгон Элондун кызы Басыматты аялдыкка алды+. 35  Алардын айынан Ыскак менен Ребека көп азап тартты+.

Шилтемелер

Мааниси: «талаш; чыр-чатак».
Мааниси: «айыптоо».
Мааниси: «кенен жер».
Мааниси: «ант» же «жети».
Мааниси: «ант кудугу» же «жетөөнүн кудугу».