Накыл сөздөр 28:1—28
28 Ыймансыздар артынан эч ким кубалабаса деле качышат+, ал эми адил адамдар жаш арстандай тайманбас+.
2 Өлкөдө мыйзам бузулганда, көп төрө алмашат+, ал эми иш билги жана кыраакы адам жардам бергенде, төрө узакка бийлик кылат+.
3 Баарын алып кетип, азыксыз калтырган жамгыр кандай болсо, бей-бечараларды алдаган жакыр да ошондой+.
4 Мыйзамдан четтегендер ыймансызды макташат+, ал эми мыйзамды сактагандар аларды жактырышпайт+.
5 Кыянаттык кылгандар адилеттикти түшүнбөйт, ал эми Жахабаны издегендер баарын түшүнөт+.
6 Кыйшык жолдо жүргөн байга караганда кынтыксыз жүргөн кедей жакшы+.
7 Түшүнүгү бар уул мыйзамды сактайт+, ал эми соргоктор менен достошкон уул атасын уятка калтырат+.
8 Ким үстөк алып, өз кызыкчылыгын көздөп мүлк топтосо+, ал аны бей-бечараларга кайрымдуулук кылган бирөө үчүн топтойт+.
9 Ким мыйзамды уккусу келбей кулагын жапса+, анда анын тиленүүсү да жийиркеничтүү+.
10 Чынчыл адамдарды жаман жолго салган+ киши өз оруна өзү түшөт+, ал эми кынтыксыз адамдар жакшылыкты мурасташат+.
11 Бай киши өзүн акылман эсептейт+, бирок кыраакы кедей анын чынында кандай экенин билет+.
12 Адил адамдардын шаттанганы кандай сонун!+ Ал эми ыймансыздар бийликке келгенде, адам өзүн таанылгыс кылат+.
13 Кылмыштарын жашырган киши ийгиликке жетпейт+, ал эми мойнуна алып, аларды таштаганга ырайым кылынат+.
14 Кудайдан дайыма корккон адам бактылуу+, ал эми жүрөгүн катаалданткан адам кырсыкка кабылат+.
15 Карапайым элге үстөмдүк кылган ыймансыз башкаруучу арылдаган арстандай, атырылган аюудай+.
16 Жол башчыга кыраакылык жетишпесе, ал ар кандай митаамдыкка барат+, ал эми арам оокатты жек көргөн+ өз өмүрүн узартат.
17 Кимдир бирөөнүн* канына забын болгон киши көргө түшкөнгө чейин качып жүрөт+. Аны тим койгула.
18 Кынтыксыз жүргөн куткарылат+, ал эми түз жолдо жүрбөгөн күтүлбөгөн жерден кулайт+.
19 Жерин иштеткен нанга тоёт+, ал эми пайдасыз нерселердин артынан түшкөн жокчулукка тоёт+.
20 Ишенимдүүлүк менен иш кылган адам көп бата алат+, ал эми баюуга ашыккан адам айыпка жыгылат+.
21 Бет карамалык кылуу жакшы эмес+, адамдын бир кесим нан үчүн кылмышка барганы да жакшы эмес.
22 Ач көз киши байлыктын артынан сая түшөт+, бирок башына жокчулук түшөрүн билбейт.
23 Тили менен кошоматчылык кылган кишиге караганда бетке айтып ашкерелеген кишини+, акыр-аягы, көбүрөөк жакшы көрүшөт.
24 Ким ата-энесин тоноп+: «Бул кылмыш эмес»,— десе+, ал — бүлдүргүчтүн шериги.
25 Текебер уруш чыгарат+, ал эми Жахабага таянган гүлдөйт+.
26 Ким өз жүрөгүнө таянса, ал акылсыз+, ал эми ким акылмандык менен жүрсө, ал аман калат+.
27 Жакырга кайрылышкан кем болбойт+, ал эми андан көзүн ала качкан көп каргышка калат+.
28 Ыймансыздар бийликке келгенде, адам жашынат+, ал эми алар жок болгондо, адил адамдар көбөйөт+.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «жандын».