Римдиктер 1:1—32
1 Иса Машаяктын кулу+, элчи+ болууга чакырылган+, Кудайдын жакшы кабарын жарыялоого+ дайындалган* Пабылдын каты.
2 Кудай пайгамбарлары аркылуу Ыйык Жазмада эчак убада кылган+ бул жакшы кабар —
3 адам болуп төрөлгөн+, Дөөтүнүн тукумунан чыккан Уулу жөнүндөгү+,
4 ал эми өлгөндөрдүн арасынан тирилгенде+ Кудайдын күчү+ менен ыйык рух+ аркылуу Кудайдын Уулу деп жарыяланган+ Мырзабыз Иса Машаяк жөнүндөгү кабар.
5 Элдердин баары Исага ишенип+, тил алып, анын ысмы даңкталышы үчүн, ал аркылуу бизге* ырайым кылынып+, элчилик кызмат тапшырылды+.
6 Ошол элдердин арасында Иса Машаякка таандык болуш үчүн чакырылган силер да барсыңар.
7 Кудайдын сүйүктүүлөрү, Римдеги ыйык болууга+ чакырылгандардын баары+,
Кудай Атабыздын жана Мырзабыз Иса Машаяктын+ ырайымы, тынчтыгы силер менен болсун+.
8 Эң алгач, баарыңар үчүн Кудайыма Иса Машаяк аркылуу ыраазычылык билдирем+, анткени силердин ишенимиңер жөнүндө дүйнө жүзү боюнча айтылып жатат+.
9 Уулу жөнүндө жакшы кабар айтып, мен жан-дилден ыйык кызмат кылган Кудай тиленгенимде дайыма силерди эстеп жүргөнүмө+ күбө+.
10 Мен андан, эркине ылайык келсе+, акыр-аягы силерге барышыма жол беришин сурап жалынып жүрөм.
11 Силерди көрүүгө куштармын+, анткени кандайдыр бир рухий белек менен бөлүшүп+, силерди бекемдегим келет.
12 Тагыраак айтканда, силердин жана менин — баарыбыздын ишенимибиз менен+ бири-бирибизди бекемдешибизди каалайм+.
13 Бир туугандарым+, силердин да, башка элдердин да арасынан кандайдыр бир жемиш алыш үчүн+, силерге келүүгө көп жолу ниеттенгенимди+, бирок ушул убакка чейин тоскоолдуктарга туш болуп келгенимди билишиңерди каалайм.
14 Мен гректерге да, бөтөн жерликтерге да, билимдүүлөргө да+, билимсиздерге да милдеттүүмүн*.
15 Ошондуктан Римде+ жашаган силерге да жакшы кабар айтууга дилгирмин+.
16 Мен жакшы кабар таратуудан уялбайм+, анткени ал — ишеними бар ар бир адамга+: адегенде жүйүткө+, андан кийин грекке+ куткарылуу алып келе турган Кудайдын күчү+.
17 Ыйык Жазмада: «Адил адам ишениминин аркасында жашайт»+,— деп жазылгандай, ишеними барларга+ жакшы кабар аркылуу Кудайдын адилдиги+ ачылып берилет, бул алардын ишенимин бекемдейт.
18 Чындыкты адилетсиздик+ менен басып жаткан+ адамдардын бардык ыймансыз, жаман иштерине+ асмандан Кудайдын каары төгүлүп* келет+.
19 Анткени Кудай жөнүндө билүүгө боло тургандын баары аларга ачылып берилген+, себеби Кудай ачып берген+.
20 Анын көзгө көрүнбөгөн+ сапаттары — түбөлүк күчү+ менен кудайлык табияты+ — дүйнө жаралгандан бери айкын көрүнүп турат+, себеби аларды анын жараткан нерселеринен баамдап билүүгө болот+. Ошондуктан ал адамдар актана алышпайт+.
21 Анткени алар Кудайды билип туруп аны Кудай катары даңкташкан жок, ага ыраазычылык билдиришкен жок+. Тескерисинче, курулай ой жүгүртүүгө берилип кетишти+, алардын наадан жүрөктөрүн караңгылык басты+.
22 Өздөрүн акылдуу эсептеп, акылсыз болуп калышты+.
23 Алар өлбөс Кудайдын даңкын өлө турган адамдын, канаттуулардын, төрт аяктуу жаныбарлар менен сойлоп жүрүүчүлөрдүн+ бейнесине+ жана ошо сыяктуу нерселерге алмаштырып салышты+.
24 Ошондуктан Кудай, жүрөктөрүндөгү каалоолоруна ылайык, алардын ыпыластыкка батып, өз денелерин+ булгашына+ жол берип койду+.
25 Алар Кудайдын чындыгын+ жалгандыкка алмаштырып+, Жаратканга эмес, жаратылган нерселерге сыйынып, кызмат кылып келишти. Бирок түбөлүккө даңкталууга Жараткан гана татыктуу. Оомийн*.
26 Андыктан Кудай алардын жийиркеничтүү жыныстык кумарларга батышына жол берип койду+: аялдары табигый катнаштарды табигый эмес катнаштарга алмаштырышты+,
27 эркектери да аялдар менен болгон табигый катнаштарын токтотуп+, бири-бирине, эркектер эркектерге кумарын арттырып+, ыпылас иштерге барышты+. Алар мыйзамсыз иштери үчүн+ жазасын толук алып жатышат+.
28 Кудай жөнүндө так билим алуунун кажети жок деп ойлошкондуктан+, Кудай алардын Өзүнө жакпаган ой жүгүртүүгө жетектелип+, жаман иштерди кыла беришине жол берип койду+.
29 Алар адилетсиздиктин+, арамдыктын+, ач көздүктүн+, жамандыктын ар кандай түрүнө+, көрө албастыкка+, киши өлтүрүүчүлүккө+, чыр-чатакка+, алдамчылыкка+, кара ниеттикке+ берилип кетишти. Алар — ушакчы+,
30 жалаачы+, Кудайды жек көргөн, уятсыз+, бой көтөргөн+, кекирейген+, жамандык ойлоп тапкан+, ата-энесинин тилин албаган+,
31 акылсыз+, сөзүнө турбаган+, жакындарын сүйбөгөн+, кайрымсыз адамдар+.
32 Алар Кудайдын адил мыйзамын+ — мындай иштерди кылып жүргөндөрдүн өлүүгө тийиш экенин+ — жакшы билишкени менен, ал иштерди өзүлөрү эле кылып тим болбостон, аларды кылып жүргөндөрдү да кубатташат+.