Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бүт жүрөгүң менен адилдикти сүй

Бүт жүрөгүң менен адилдикти сүй

Бүт жүрөгүң менен адилдикти сүй

«Сен адилдикти сүйдүң» (ЭВР. 1:9).

1. «Адилдик жолдорунда» жүрүүгө бизге эмне жардам берет?

ЖАХАБА өзүнүн Сөзү жана ыйык руху аркылуу элин «адилдик жолдорунда алып жүрөт» (Заб. 22:3, «ЖД» [23:3]). Бирок жеткилеңсиз болгондуктан биз ошол жолдон четтеп кетишибиз мүмкүн. Кайра туура жолго түшүү үчүн чечкиндүү түрдө күч-аракет жумшоо талап кылынат. Анда бизге адилдик жолунан чыкпоого эмне жардам берет? Ал үчүн, Исадай болуп, адилдикти сүйүшүбүз керек (Оку: Эврейлер 1:9).

2. «Адилдик жолдору» деген эмне?

2 «Адилдик жолдору» деген эмне? Алар — Жахаба өзүнүн адилдик нормалары боюнча бекиткен жолдор. Эврей жана грек тилдеринде «адилдик» деген сөз «туура» нерсеге карата айтылып, адеп-ахлактык нормаларга бек карманууну билдирет. Жахаба — «чындыктын турагы», ошондуктан анын кызматчылары алар жүрүшү керек болгон, адеп-ахлактык нормалар боюнча туура жолду көрсөтүшүн каалашат (Жер. 50:7).

3. Канткенде Кудайдын адилдиги жөнүндө көбүрөөк биле алабыз?

3 Биз Кудайдын адил нормаларына бүт жүрөгүбүз менен карманууга аракет кылганыбызда гана анын жактыруусуна ээ болобуз (Мыйз. 32:4). Ал үчүн алгач Жахаба Кудай жөнүндө анын Сөзү Ыйык Китептен мүмкүн болушунча көбүрөөк билүүгө умтулушубуз зарыл. Ал жөнүндө канчалык көп билген сайын, күнүгө ага жакындаган сайын, адилдикти ошончолук көбүрөөк сүйө беребиз (Жкп. 4:8). Андан сырткары, жашообузда маанилүү чечимдерди чыгарарда Кудайдын руху менен жазылган Сөзүнүн жетекчилигине карманышыбыз кажет.

Кудайдын адилдигин изде

4. Кудайдын адилдигин издөө эмнени камтыйт?

4 Оку: Матай 6:33. Кудайдын адилдигин издөө Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоого убактыбызды жумшоодон да көптү камтыйт. Жахаба ыйык кызматыбызды кабыл алышы үчүн, жүрүм-турумубуз күнүгө анын бийик нормаларына ылайык келиши керек. Жахабанын адилдигин издегендердин баары эмне кылышы зарыл? Алар «Кудайдын эркине ылайык жаратылган жана чыныгы адилдик менен берилгендиктин талаптарына жооп берген жаңы табиятты кийиши» керек (Эф. 4:24).

5. Көңүл чөгөттүктү жеңүүгө эмне жардам берет?

5 Кудайдын адил нормаларына ылайык жашоого аракет кылып жатып кээде кемчилик-каталарыбыздан улам ындыныбыз өчүшү мүмкүн. Алдан-күчтөн тайдырган көңүл чөгөттүктү жеңүүгө жана адилдикти сүйүп, аны чагылдырууга эмне жардам берет? (Накыл 24:10). Биз дайыма Жахабага тиленүү аркылуу «таза жүрөк, бекем ишеним менен жакындашыбыз» керек (Эвр. 10:19—22). Исанын майланган жолдоочуларыбызбы же жерде жашоого үмүттөнөбүзбү, Иса Машаяктын куткаруу курмандыгына жана анын улуу Башкы дин кызматчыбыз катары кызмат кыларына ишеним көрсөтүшүбүз зарыл (Рим. 5:8; Эвр. 4:14—16). Исанын төгүлгөн канынын баалуулугу ушул журналдын эң биринчи санында жакшы сүрөттөлгөн (1 Жкн. 1:6, 7). Ал макалада мындай делген: «Ачык же кочкул кызыл нерсени жарыкка кармап, кызыл айнек аркылуу караганда ал нерсе ак болуп көрүнөт; ошо сыяктуу, биздин күнөөлөрүбүз ачык же кочкул кызыл болсо да, Кудай аларды Машаяктын каны аркылуу караганда, алар ак деп эсептелинет» (1879-ж., июль, 6-б., англ.). Ырас, Жахаба биз үчүн сүйүктүү Уулунун куткаруу курмандыгы аркылуу кандай сонун чара караштырган! (Ыш. 1:18).

Рухий куралдарыңды текшер

6. Рухий курал-жарактарыбызды текшерип турганыбыз эмне үчүн абдан маанилүү?

6 Биз ар дайым «адилдик соотун» кийип жүрүшүбүз керек, себеби ал — Кудай берген рухий курал-жарактардын маанилүү бөлүгү (Эф. 6:11, 14). Жахабага жакында эле арналганбызбы же ага ондогон жылдардан бери ыйык кызмат кылып келатабызбы, күнүгө курал-жарактарыбызды текшерип турганыбыз абдан маанилүү. Эмне үчүн? Анткени Ибилис жин-перилери менен жерге куулуп түшүрүлгөн (Аян 12:7—12). Шайтан убактысынын аз калганын билгендиктен, каары кайнап, Кудайдын элине жасаган чабуулун күчөтүп жатат. Андыктан «адилдик соотун» кийип жүргөнүбүз канчалык маанилүү?!

7. «Адилдик соотуна» муктаж экенибизди түшүнсөк, өзүбүздү кандай алып жүрөбүз?

7 Соот кадимки жүрөктү коргойт. Жеткилеңсиз табиятыбыздан улам каймана маанидеги жүрөгүбүз анткорлукка жана жамандыкка жакын келет (Жер. 17:9). Ал жамандык кылууга ийкемдүү болгондуктан, аны үйрөтүп, тарбиялап туруу зарыл (Башт. 8:21). Эгер «адилдик соотуна» муктаж экенибизди түшүнсөк, аны убактылуу чечип койбойбуз, башкача айтканда, Кудай жек көргөн көңүл ачууну тандабайбыз же туура эмес иш кылып жатканыбызды элестетпейбиз. Ошондой эле убактыбыз баалуу болгондуктан, телевизор көрүүгө көп убакыт кетирбейбиз. Анын ордуна дайыма Жахабага жаккан нерселерди кылууга умтулабыз. Эгер бир саамга адилдикке жатпаган адамдык ой жүгүртүүгө алдырып, мүдүрүлүп кетсек да, Жахабанын жардамы менен кайра турабыз (Оку: Накыл сөздөр 24:16).

8. Эмне үчүн «чоң ишеним калканына» муктажбыз?

8 Рухий куралдарыбыздын дагы бири — «чоң ишеним калканы». Ал «Карөзгөйдүн оттуу жебелерин өчүрүүгө» жардам берет (Эф. 6:16). Ал эми ишеним жана Жахабаны чын жүрөктөн сүйүү адилдикти чагылдырууга, ошондой эле түбөлүк өмүргө алып баруучу жолдон чыкпоого көмөк кылат. Жахабаны канчалык терең сүйүүгө үйрөнгөн сайын, адилдикти ошончолук жогору баалай беребиз. Ал эми абийирибиз жөнүндө эмне айтууга болот? Ал адилдикти сүйүүгө кандайча жардам берет?

Абийириңди таза сакта

9. Абийирибизди таза сактоодон кандай пайда алабыз?

9 Чөмүлтүлгөнүбүздө Жахабадан «таза абийир сураган» болобуз (1 Пет. 3:21). Биз кунга ишеним көрсөткөндүктөн, Исанын каны күнөөлөрүбүздү жууп кетет. Мунун аркасында Кудайдын алдында таза деп эсептелебиз. Бирок Кудайдын алдында дайыма таза деп эсептелүү үчүн абийирибизди таза сакташыбыз керек. Эгер абийирибиз бизди жемелесе же эскертүүлөрдү берип турса, анын тийиштүү түрдө иштеп жатканына кубансак болот. Андай белгилер Жахабанын адил жолдоруна карата абийирибиздин мокоп калбаганын айгинелейт (1 Тим. 4:2). Абийир адилдикти сүйүүгө умтулгандарга дагы бир жагынан жардам берет.

10, 11. а) Ыйык Китептин негизинде үйрөтүлгөн абийирибизди эмне үчүн угушубуз керектигин көрсөткөн мисал айтып бергиле. б) Адилдикти сүйүү эмне себептен зор кубаныч тартуулайт?

10 Туура эмес иш кылганда абийирибиз бизди айыпташы, кыйнашы мүмкүн. Бир бала адилдик жолунан адашып, порнография көрүүнү адатка айландырып алат жана марихуана чеге баштайт. Ал жыйналыш жолугушууларына барганда жана кабар айтуу кызматына катышканда өзүн күнөөкөрдөй, эки жүздүүдөй сезет. Ошо себептен рухий иштерге катышпай калат. «Бирок кылган иштерим үчүн абийирим ошондон кийин деле кыйнай берет деп ойлобоптурмун»,— дейт ал. Анан: «Мен төрт жыл бою акылсыздык кылып жүрдүм»,— деп кошумчалайт. Бир учурда ал чындыкка кайтып келүү жөнүндө ойлоно баштайт. Жахаба тиленүүлөрүн укпайт деп ойлосо да, баары бир тиленип, андан кечирим сурайт. Он мүнөт өтүп-өтпөй, ага апасы келип, жолугушууларга бара баштоого үндөйт. Ал Падышалык залына барып, бир аксакалдан аны менен изилдөөнү суранат жана убакыттын өтүшү менен чөмүлтүлөт. Азыр ал бир тууганыбыз өмүрүн сактап калганы үчүн Жахабага аябай ыраазы.

11 Туура нерсени кылуу бизге зор кубаныч тартуулайт, чынбы? Адилдикти сүйүп, аны көбүрөөк чагылдырсак, асмандагы Атабызга жаккан нерселерди кылуудан көбүрөөк кубаныч табабыз. Ойлонуп көрсөңөр, жакында бардык адамдар абийири таза болгонунан шаттыкка бөлөнүп, Кудайды жеткилең түрдө туурай турган күн келет. Андыктан азыртадан эле адилдикти жүрөгүбүзгө терең уялатып, Жахабаны сүйүнтө берели (Накыл 23:15, 16).

12, 13. Абийирибизди кантип үйрөтсөк болот?

12 Абийирибизди кантип үйрөтсөк болот? Жазманы жана ага негизделген адабияттарды изилдегенибизде «адил адамдын жүрөгү ойлонуп жооп берерин» эстегенибиз маанилүү (Накыл 15:28). Мунун жумушка байланыштуу суроолор туулганда кандай пайда алып келерин карап көрөлү. Кайсы бир жумуш Жазмадагы талаптарга түздөн-түз каршы келсе, көбүбүз ишенимдүү жана акылдуу кул берип жаткан жетекчиликке дароо баш иебиз. Бирок жумушка байланыштуу суроонун жообу ачык-айкын болбой жатса, буга байланыштуу ыйык китептик принциптерди тиленүү менен карап чыгып, ой жүгүртүшүбүз керек *. Бул башкалардын абийирин эске алып, аларды мүдүрүлтүүдөн качууга байланыштуу принциптерге да тиешелүү (1 Кор. 10:31—33). Баарынан да Кудай менен болгон мамилебизге таасир эте турган принциптерге өзгөчө көңүл бурушубуз кажет. Кудай биз үчүн реалдуу болсо, биз эң алды: «Кылган ишим менен Жахабаны капалантып, көңүлүн оорутуп албаймбы?» — деп ойлонобуз (Ыш. 63:10).

13 «Күзөт мунарасын» изилдөөгө же жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсүнө даярданып жатканда берилген маалыматтын үстүнөн ой жүгүртүү маанилүү экенин эстен чыгарбашыбыз абзел. Берилген суроонун жообун тез-тезден чие салып, кийинки абзацка өтүүгө шашылбайбызбы? Мындай изилдөөнүн адилдикке болгон сүйүүбүздү тереңдетери, абийирибизди курчутары күмөн. Эгер адилдикти сүйгүбүз келсе, Кудай Сөзүндө жазылгандарды кылдат изилдеп, алардын үстүнөн ой жүгүртүшүбүз керек. Ырас, бүт жүрөгүбүз менен адилдикти сүйүүгө үйрөнүү үчүн күч-аракет жумшашыбыз зарыл.

Адилдикти эңсе

14. Жахаба Кудай менен Иса Машаяк ыйык кызматыбызга карата кандай сезимде болушубузду каалайт?

14 Жахаба Кудай менен Иса Машаяк ыйык кызматыбызды аткаруудан кубаныч алышыбызды каалайт. Тоодогу насаатында Иса: «Адилдикти каалап, эңсегендер бактылуу, анткени алар канааттанышат»,— деген (Мт. 5:6). Бул сөздөр адилдикти сүйгөндөр үчүн кандай мааниге ээ?

15, 16. Адилдикти эңсеп, ага суусагандар кандайча канааттанышат?

15 Биз жашап жаткан дүйнөнү кара өзгөй бийлеп жатат (1 Жкн. 5:19). Кайсы өлкөдө гезит алып, көз жүгүртпөйлү, ырайымсыздык менен зордук-зомбулуктун болуп көрбөгөндөй кулач жайганынан кабар берген билдирүүлөрдү окуйбуз. Адамдын адамга кылган ырайымсыздыгын көрүү адил кишинин жүрөгүн сыздатпай койбойт (Нас. 8:9). Жахабаны сүйгөн адамдар катары биз адилдикке үйрөнгүсү келгендердин көңүл суусунун Жахаба гана кандырарын билебиз. Жакында кудайсыздар жок кылынышат, ал эми адилдикти сүйгөндөр мыйзамды тоготпогондордун жана алардын жаман иштеринин айынан азап тартышпайт (2 Пет. 2:7, 8). Ошондо кандай гана жеңилдейбиз!

16 Жахабанын кызматчылары жана Иса Машаяктын жолдоочулары катары биз адилдикти эңсеп, ага суусагандардын канааттанарын билебиз. Алар Кудай негиздеген «адилдик өкүм сүрө турган жаңы асман менен жаңы жерде» жашаганда толугу менен канааттанышат (2 Пет. 3:13). Ошондуктан көңүлүбүздү чөктүрбөй, эч кандай адилдик өкүм сүрбөгөн Шайтандын дүйнөсүндөгү кысымга жана зордук-зомбулукка таң калбайлы (Нас. 5:8). Эң Жогорку Кудайыбыз Жахаба эмне болуп жаткандын баарын көрүп турат жана жакында адилдикти сүйгөндөрдү куткарат.

Адилдикти сүйүүнүн пайдасы

17. Адилдикти сүйгөндөр кандай пайда алышат?

17 Забур 145:8де адилдик жолу менен жүргөндөрдүн зор бата алары баса белгиленет. Забурчу: «Теңир адил адамдарды сүйөт»,— деп ырдаган. Элестетип көрсөң, адилдикти сүйгөнүбүз үчүн бизди ааламдын Эгедери жакшы көрөт! Ошондуктан Падышалыктын кызыкчылыктарын биринчи орунга койсок, анын бардык муктаждыктарыбызды канааттандырарына толук ишенебиз (Оку: Забур 36:25; Накыл сөздөр 10:3). Акыр-аягы, бүт дүйнө жүзү адилдикти сүйгөндөргө таандык болот (Накыл 13:22). Кудайдын кызматчыларынын көбү адилдикти чагылдырганы үчүн ажайып кооз жердеги бейиште кубанычка бөлөнүп түбөлүк жашашат. Кудайдын адилдигин сүйгөндөр атүгүл азыр үй-бүлөсү жана ишенимдештери менен ынтымакта болууга шарт түзгөн жан-дүйнө тынчтыгына ээ болууда (Флп. 4:6, 7).

18. Жахабанын улуу күнүн күтүп жатып эмнелерди кыла беришибиз керек?

18 Жахабанын улуу күнүн күтүп жатып биз анын адилдигин издей беришибиз керек (Сеп. 2:2, 3). Андыктан Жахаба Кудайдын адил жолдорун чындап сүйөрүбүздү көрсөтө берели. Бул өзүнө каймана маанидеги жүрөгүбүздү коргоо үчүн «адилдик соотун» дайыма кийип жүрүүнү камтыйт. Ошондой эле биз абийирибизди таза сакташыбыз керек; ал өзүбүзгө да кубаныч тартуулайт, Кудайдын жүрөгүн да сүйүнтөт (Накыл 27:11).

19. Эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек жана кийинки макалада эмне талкууланат?

19 Жахаба «Өзүнө жүрөгүн толугу менен берген адамдарды колдош үчүн, бүт жер жүзүн карап турат» (2 Жылн. 16:9). Бул сөздөр зордук-зомбулук, ыймансыздык улам күч алган оомалуу-төкмөлүү дүйнөдө жашап жатканына карабай туура иш кылууга умтулгандарды кандай гана жубатат! Ооба, биздин адил жолдо жүргөнүбүз Кудайдан алыстаган адамдардын көбүн таң калтырышы мүмкүн. Бирок Жахабанын адил нормаларына бек кармануу менен зор бата алабыз (Ыш. 48:17; 1 Пет. 4:4). Андыктан мындан ары да адилдикти бүт жүрөгүбүз менен сүйүүгө жана аны иш жүзүндө чагылдырууга чечкиндүү болуп, кубаныч ала берели. Бирок Кудайга бүт жүрөгүбүз менен берилгендик көрсөтүү үчүн мыйзамсыздыкты жек көрүшүбүз да зарыл. Кийинки макалада мунун эмнени билдирери көрсөтүлөт.

[Шилтеме]

^ 12-абз. Жумушка байланыштуу ыйык китептик принциптер жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн «Күзөт мунарасынын» (ор.) 1999-жылдын 15-апрелиндеги санынын 28—30-беттерин карагыла.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Адилдикти сүйүү үчүн эмне себептен кундун баалуулугун түшүнүшүбүз керек?

• «Адилдик соотун» кийип жүргөнүбүз эмне үчүн маанилүү?

• Абийирибизди кантип үйрөтсөк болот?

[Изилдөө суроолору]

[26-беттеги сүрөт]

Жумушка байланыштуу суроолор туулганда, үйрөтүлгөн абийир туура чечим чыгарууга жардам берет