Накыл сөздөр 24:1—34
24 Жаман кишилерге көз артпа+, аларга кошулууну эңсебе+.
2 Анткени алардын жүрөгү талап-тоноону ойлойт, оозу башкаларга жамандык кылууну сүйлөйт+.
3 Үй акылмандык менен курулат+, кыраакылык менен бекемделет+.
4 Бөлмөлөр ар кандай баалуу, сонун буюмдарга билим менен толтурулат+.
5 Күчүн акылмандык менен колдонгон киши күчтүү+, билими бар киши күч-кубатын чыңдайт+.
6 Согушту жакшы жетекчилик астында жүргүз+; кеңешчилердин көптүгү куткаруу алып келет+.
7 Акылсыз үчүн чыныгы акылмандык өтө бийик+; ал дарбаза алдында сүйлөбөйт.
8 Жамандык кылууну ойлонуштурган кишини жамандык ойлоп табууга маш дешет+.
9 Акылсыздыктан келип чыккан уятсыз жүрүм-турум — күнөө+; шылдыңчыл — башкалар үчүн жийиркенич+.
10 Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү ындының өчсө+, алдан-күчтөн таясың.
11 Өлүмгө жетеленип бараткандарды куткар, өлүм алдында тургандарды сактап кал+.
12 «Биз муну билген эмеспиз»,— деп айта турган болсоң+, жүрөктөрдү таразалоочу байкабай коёбу+, жаныңа көз салуучу билбей коёбу?+ Ал адамга иштерине жараша тиешесин бербей коймок беле?+
13 Уулум, бал же, себеби ал жакшы. Аарынын уюгунан алынган таттуу бал таңдайыңдан кетпесин+.
14 Ошол сыяктуу эле, өз жаның үчүн акылмандыкты таанып-бил+. Аны тапсаң, келечегиң кең болот, үмүтүң да орундалат+.
15 Ыймансыздай болуп, адил адамдын үйүнө каршы арамдык ойлобо+, анын турак жайын бүлдүрбө+.
16 Анткени адил адам жети жолу жыгылышы мүмкүн, бирок сөзсүз кайра турат+. Ал эми ыймансыздар алаамат учурунда кулайт+.
17 Душманың куласа, кубанба. Ал мүдүрүлсө, жүрөгүң сүйүнбөсүн+.
18 Болбосо Жахаба көрөт да, аныңды кара санатайлык катары эсептеп, душманыңдан өз каарын кайт кылат+.
19 Жамандык кылгандарга кыжырланба, ыймансыздарга көз артпа+.
20 Себеби жаман адамдардын келечеги жок+, ыймансыздардын чырагы өчөт+.
21 Уулум, Жахабадан жана падышадан корк+. Козголоңчулардын арасында болбо+.
22 Анткени аларды күтүлбөгөн жерден кырсык басат+. Ошондо козголоңчулардын жок болгону кимге байкалат?+
23 Ошондой эле акылмандарга+: «Сотто бет карамалык кылуу жакшы эмес»,— деп да айтылган+.
24 Ыймансызга: «Сен адилсиң»+,— деген кишини элдер каргайт, уруулар айыптайт.
25 Ал эми аны ашкерелегендер ийгиликке жетип+, бата алышат+.
26 Ким ачык жооп берсе, ал беттен өбөт+.
27 Сырттагы жумуштарыңды аткар, талаадагы иштериңди бүтүр+. Андан соң үйүңдү кур.
28 Негиз жок болсо, жакыныңа каршы күбөгө өтпө+, болбосо тилиңди акылсыздык менен колдонгон болосуң+.
29 «Ал мага кандай мамиле кылса, мен да ага ошондой мамиле кылам+. Ар бирине өз ишине жараша тиешесин берем»,— дебе+.
30 Мен жалкоонун талаасынын четинен+, акылсыздын* жүзүмзарынын жанынан өтүп бараткан элем+.
31 Карасам, баарын отоо чөп басып+, чалкан каптап кетиптир. Таш дубалы да урап калыптыр+.
32 Ошону көрүп ойлондум да+, өзүмө мындай сабак* алдым+:
33 дагы бир аз уктай турсаң, дагы кичине үргүлөй түшсөң, колуңду көкүрөгүңө алып жата турсаң+,
34 жакырлык каракчыдай болуп, жокчулук куралчан кишидей болуп кирип келет+.