Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Элчилер китебиндеги урунттуу ойлор

Элчилер китебиндеги урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Элчилер китебиндеги урунттуу ойлор

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ Элчилер китебинде Ыйсанын жолдоочуларынын алгачкы жыйналышы кандайча уюшулганы жана анын өсүшү тууралуу кеңири маалымдалат. Дарыгер Лука тарабынан жазылган ал китепте Ыйсанын жолдоочуларынын б.з. 33-жылынан тартып б.з. 61-жылына чейинки, жалпы жонунан, 28 жылдын ичинде жүргүзгөн иши жөнүндө кызыктуу баян жүрөт.

Элчилер китебинде көбүнесе — элчи Петирдин, ал эми аяк жагында элчи Пабылдын кызматы жөнүндө айтылган. Луканын кээ бир окуяларга өзү күбө болгонун анын «биз», «бизге» деген сыяктуу атоочторду колдонгонунан байкоого болот. Элчилер китебин кылдат карап чыгуу барак бетине түшүрүлгөн Кудай Сөзүнүн күчүн жана Анын ыйык рухун жогору баалоого түрткү берет (Эвр. 4:12). Ошондой эле жанаябастык рухун өрчүтүүгө жана Падышалыкка болгон үмүтүбүздү бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

ПЕТИР «АСМАН ПАДЫШАЧЫЛЫГЫНЫН АЧКЫЧТАРЫН» КОЛДОНОТ

(Элчилер 1:1—11:18)

Элчилер ыйык рух алышкандан кийин тайманбастык менен күбөлөндүрө башташат. Петир «Асман Падышачылыгынын ачкычтарынын» биринчисин колдонот. Ошонун аркасында анын сөзүнө «чын жүрөктөн» кулак каккан жүйүттөр жана алардын динин кабыл алгандар үчүн билим алууга жана Падышалыкка кирүүгө жол ачылат (Мт. 16:19; Элч. 2:5, 41). Капысынан башталган куугунтук шакирттердин туш-тушка чачырап кетишине алып келет. Анткен менен мындай жагдай кабар айтуу ишинин андан да кеңири кулач жайышына шарт түзөт.

Иерусалимдеги элчилер самариялыктардын Кудай сөзүн кабыл алып жатышканын укканда ал жакка Петир менен Жаканды жөнөтүшөт. Петир экинчи ачкычты колдонуп, самариялыктарга Падышалыкка кирүү мүмкүнчүлүгүн ачат (Элч. 8:14—17). Ыйса тирилген жылы тарстык Шабылдын жашоосунда чукул өзгөрүү болот. Б.з. 36-жылы Петир үчүнчү ачкычты колдонгондо, сүннөткө отургузулбаган башка элдерге да ыйык рух берилет (Элч. 10:45).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Элч. 2:44—47; 4:34, 35 — Алгачкы жолдоочулар эмне үчүн мүлкүн сатып, түшкөн акчаны таратып беришкен? Ыйсаны жаңыдан кабыл алган көп адамдар алыскы жерлерден келишкен. Алардын Иерусалимде көпкө калууга каражаты жок болчу. Алар жаңы ишеними жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн жана башкаларга күбөлөндүрүү үчүн шаарда узагыраак калгысы келишкен. Аларга жардам берүү максатында Ыйсанын айрым жолдоочулары мүлкүн сатып, түшкөн акчаны таратып берген.

Элч. 4:13 — Петир менен Жакан сабатсыз же билимсиз беле? Жок. Алардын «окубаган, жөнөкөй адамдар» делишинин себеби, алар раббилердин мектебинде окушкан эмес.

Элч. 5:34—39 — Лука Гамалиелдин жабык отурумда сүйлөгөн сөзүн кайдан билген? Муну ал 1) бир кездерде Гамалиелден билим алган Пабыл аркылуу, 2) Ыйсанын жолдоочуларын жактаган Синедриондун мүчөсү Никедим аркылуу же 3) Кудайдын ыйык руху аркылуу билиши мүмкүн эле.

Элч. 7:59 — Степан Ыйсага тиленди беле? Жок. Сыйынууга Жахаба Кудай гана татыктуу. Андыктан ага гана тиленүү керек (Лк. 4:8; 6:12). Кадимки жагдайда Степан Ыйсанын атынан Жахабага кайрылмак (Жкн. 15:16). Бул жагдайда болсо ал аян аркылуу «Кудайдын оң жагында турган Адам Уулун» көргөндүктөн, түздөн-түз Ыйсага кайрылган (Элч. 7:56). Бирок ага тиленген эмес. Болгону, Ыйсага өлгөндөрдү тирилтүүгө күч берилгенине толук ишенгендиктен, андан кайрадан тирилтип алууну өтүнгөн (Жкн. 5:27—29).

Биз алчу сабактар:

Элч. 1:8. Жахабанын кызматчылары жүргүзүп жаткан бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу иши ыйык рухтун жардамысыз ишке ашпайт.

Элч. 4:36—5:11. Кипрлик Жусупту элчилер Барнаба деп коюшчу. Бул ысым «Сооротуучу» же «Сооронуч уулу» дегенди билдирет. Барнаба боорукер, кең пейил, башкаларга жардам берүүгө ынтызар киши болгон. Биз анткорлонгон, эки жүздүүлөнгөн, кууланган Анания менен Сафирадан үлгү албастан, Барнабадан үлгү алышыбыз керек.

Элч. 9:23—25. Кабар айтуу ишин улантуу үчүн душмандардан качып кетүү коркоктукка жатпайт.

Элч. 9:28—30. Кайсы бир жактарда, кайсы бир адамдарга кабар айтууда жеке коопсуздугубузга же рухий сак-саламаттыгыбызга коркунуч туула турган болсо, эстүүлүк көрсөтүп, каякта жана качан кабар айтууну аңдай билишибиз абзел.

Элч. 9:31. Салыштырмалуу тынч убактарда биз изилдөө жана ой жүгүртүү аркылуу ишенимибизди бекемдешибиз керек. Бул бизге Жахабадан коркуп, окуп-билгендерибизди колдонууга жана кызматта тырышчаак болууга жардам берет.

ПАБЫЛДЫН ЫНТАЛУУ КЫЗМАТЫ

(Элчилер 11:19—28:31)

Б.з. 44-жылы Агап Антийохеяга келет. Барнаба менен Шабылдын ал жакта кызмат кылып жүргөнүнө «бир жыл» болуп калган. Агап катуу ачарчылык болорун алдын ала айтат. Анын айтканы эки жылдан кийин орундалат (Элч. 11:26—28). «Тапшырылган ишти аткарышкандан кийин», Барнаба менен Шабыл Иерусалимден Антийохеяга кайтып келишет (Элч. 12:25). Б.з. 47-жылы, Шабылдын Ыйсанын жолун жолдой баштаганына 12 жылдай болуп калганда, Барнаба менен Шабыл ыйык рухтун жетеги менен миссионердик сапарга жөнөтүлөт (Элч. 13:1—4). Б.з. 48-жылы алар кайра Антийохеяга — «Кудайдын ырайымына тапшырылышкан» жерине — кайтып келишет (Элч. 14:26).

Пабыл деген ысмы менен белгилүү болуп калган Шабыл арадан 9 айдай өткөндө Сыласты алып, миссионердик экинчи сапарына жол тартат (Элч. 15:40). Пабылга жолдон Тиметей менен Лука кошулат. Лука Филипиде калат. Ал эми Пабыл Афинге, андан ары Корунтка бет алат. Корунттан Акила менен Прискилага жолугуп, ал жерде бир жарым жыл жүрөт (Элч. 18:11). Б.з. 52-жылынын башында Пабыл Тиметей менен Сыласты калтырат да, Акила жана Прискила менен бирге Сирияга сүзүп кетет (Элч. 18:18). Алар Пабыл менен Эфес шаарына чейин барып, ошол жерде калышат.

Пабыл Антийохеяда бир нече убакыт болгон соң, б.з. 52-жылы үчүнчү миссионердик сапарга жөнөйт (Элч. 18:23). Эфесте «Теңирдин сөзү кеңири тарап, өзүнүн күчүн көрсөтө» берет (Элч. 19:20). Пабыл ал жакта үч жылча болот (Элч. 20:31). Андан соң б.з. 56-жылы Элүүнчү күн майрамына жакын ал Иерусалимге келет. Камакка алынгандан кийин ал бийлик башчыларына тайманбастык менен кабар айтат. Римде элчини эки жылга (б.з. 59—61) үйкамагына алышат. Пабыл ал жерден да Падышалык тууралуу кабар айтууга мүмкүнчүлүк таап, «Ыйса Машайак жөнүндө» окутат (Элч. 28:30, 31).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Элч. 14:8—13 — Листранын тургундары эмне үчүн Барнабаны Зевс, ал эми Пабылды Эрмес деп аташкан? Гректердин мифологиясы боюнча, Зевс кудайлардын башчысы эле. Анын уулу Эрмес болсо чечендиги менен белгилүү болгон. Көбүнесе Пабыл сүйлөп жаткандыктан, листралыктар аны Эрмес деп, Барнабаны Зевс дешкен.

Элч. 16:6, 7 — Ыйык рух эмне себептен Пабылга жана анын шериктерине Асия менен Битинияда кабар айтууга жол берген эмес? Ал кезде кабар айткан окуучулар аз болгондуктан, ыйык рух аларды көбүрөөк жемиш бере турган аймактарга барууга жетектеген.

Элч. 18:12—17 — Эмне үчүн Галион Состенди сабап жаткан элди тыйган эмес? Балким, Галион Пабылга каршы чыккан эл өз башчысын кайсы бир жазыгы үчүн сабап жатат деп ойлогондур. Бирок, сыягы, ошол окуя Состенге Ыйсанын жолдоочусу болууга түрткү берген көрүнөт. Себеби кийинчерээк Пабыл Состенди «бир тууганыбыз» деген (1 Кор. 1:1).

Элч. 18:18 — Пабыл кандай убада берген? Ыйык Китепти изилдеген айрым окумуштуулар Пабылды назир болуу убадасын берген деп божомолдошот (Сан. 6:1—21). Бирок Ыйык Китептин түпнускасында анын чынында кандай убада бергени такталбайт. Жазмада Пабылдын ал убадасын Ыйсанын жолдоочусу болгонго чейин же кийин бергени, анын качан башталып, качан аяктаганы да айтылбайт. Кандай болсо да, ал убада бериши менен күнөө кетирген эмес.

Биз алчу сабактар:

Элч. 12:5—11. Биз ишенимдештерибиз үчүн тиленсек болот, тиленишибиз да керек.

Элч. 12:21—23; 14:14—18. Ирод Кудайга тиешелүү даңкты өзүнө ыйгарган. Андан айырмаланып, Пабыл менен Барнаба ашыкча даңкты жана сый-урматты дароо жана чечкиндүү түрдө четке каккан. Биз да Жахабага кылган кызматыбызда жеткен ийгиликтерибиз үчүн өзүбүзгө даңк издебешибиз абзел.

Элч. 14:5—7. Акыл-эстүүлүк көрсөтүү кызматты жигердүү уланта берүүгө шарт түзөт (Мт. 10:23).

Элч. 14:22. Ыйсанын жолдоочулары кыйынчылыктарга кабыларын билишет. Бирок алардан ишенимине каршы келген иш жасоо менен качууга умтулушпайт (2 Тим. 3:12).

Элч. 16:1, 2. Ыйсанын жаш жолдоочулары жакшы атка ээ болуу үчүн рухий иштерге толугу менен катышып, Жахабадан жардам издеши керек.

Элч. 16:3. Башкалар жакшы кабарды кабыл алышы үчүн, Ыйык Китепке каршы келбеген учурларда аларга ылайыкташа алабыз (1 Кор. 9:19—23).

Элч. 20:20, 21. Үйдөн үйгө кабар айтуу — кызматыбыздын маанилүү тармагы.

Элч. 20:24; 21:13. Кудай алдында актыгыбызды сактоо өмүрүбүздү сактап калуудан да маанилүү.

Элч. 21:21—26. Жакшы кеңешти кабыл алууга даяр да, дилгир да болуу кажет.

Элч. 25:8—12. Бүгүнкү күндө Ыйсанын жолдоочулары мыйзам тарабынан караштырылган жолдор менен «Жакшы Кабарды коргошот» (Флп. 1:7).

Элч. 26:24, 25. Биз «чындыкты жана туура сөздөрдү», «табигый адамдар» акылсыздык деп эсептешсе да, жарыялай берүүгө тийишпиз (1 Кор. 2:14).

[30-беттеги сүрөт]

Петир «Асман Падышачылыгынын ачкычтарын» качан колдонгон?

[31-беттеги сүрөт]

Бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу иши ыйык рухтун жардамысыз ишке ашырылмак эмес