Матай 16:1—28

16  Фарисейлер+ менен садукейлер Исанын жанына келип, аны сынаш үчүн, асмандан жышаан көрсөтүшүн суранышты+. 2  Иса: «[Кеч киргенде, силер: „Асман кызарып турат, демек, эртең күн ачык болот“,— дейсиңер. 3  Эртең менен: „Бүгүн күн суук болуп, жаан жаайт экен, себеби асман кызыл болгону менен, түнөрүп турат“,— деп айтасыңар. Асманды карап, аба ырайын биле аласыңар да, убакытка байланыштуу жышаандарды билбейсиңер]*+. 4  Бузулган, каардуу муун дайыма жышаан издеп келет, бирок ага Жунустукунан+ башка жышаан көрсөтүлбөйт»,— деди+. Анан алардын жанынан кетти+. 5  Шакирттер кайык менен аркы өйүзгө өтүштү. Алар нан алууну унутуп калышкан эле+. 6  Иса аларга: «Байкагыла! Фарисейлер менен садукейлердин ачыткысынан сак болгула»,— деди+. 7  Ошондо алар: «Нан албай калган турбайбызбы»,— деп өз ара сүйлөшө башташты. 8  Муну билип, Иса мындай деди: «Ишеними аздар, эмне үчүн нан албай калганыңар жөнүндө сүйлөшүп жатасыңар?+ 9  Дагы деле түшүнө элексиңерби? 5 000 кишинин беш нанга тойгонун жана канча чоң себет чогултуп алганыңарды унутуп койдуңарбы?+ 10  Же жети нанга 4 000 кишинин тойгону жана канча чоң себет чогултуп алганыңар эсиңерден чыгып кеттиби?+ 11  Силерге нан жөнүндө айтпаганымды түшүнгөн жоксуңарбы? Фарисейлер менен садукейлердин ачыткысынан сак болгула»+. 12  Ошондо шакирттер анын камырга кошулчу ачыткыдан эмес, фарисейлер менен садукейлердин окуусунан+ сактануу керектигин айтканын түшүнүштү. 13  Филип Кесариясынын аймагына келгенде Иса шакирттеринен: «Эл адам Уулун ким деп ойлойт?» — деп сурады+. 14  Алар: «Айрымдар Чөмүлдүрүүчү Жакан+, башкалары Илияс+, дагы бирөөлөрү Жеремия же пайгамбарлардын бири деп айтып жүрүшөт»,— дешти. 15  Иса болсо: «Силер мени ким деп эсептейсиңер?» — деп сурады+. 16  Симон Петир: «Сен Машаяксың+, тирүү Кудайдын Уулусуң»+,— деп жооп берди. 17  Ошондо Иса ага: «Жунустун уулу Симон, сен бактылуусуң, анткени муну сага адам баласы эмес, асмандагы Атам ачып берди+. 18  Дагы айтарым, сен Петирсиң*+, ушул аска таштын+ үстүнө жыйналышымды курам, аны көрдүн*+ дарбазалары жеңе албайт+. 19  Сага асман Падышалыгынын ачкычтарын берем. Жерде эмнени байласаң, ал асманда да байланган болот; жерде эмнени чечсең, ал асманда да чечилген болот»,— деди+. 20  Анан шакирттерине өзүнүн Машаяк экенин эч кимге айтпоону буйруду+. 21  Ошол убактан тартып Иса Машаяк шакирттерине өзүнүн Иерусалимге барууга, аксакалдардан, жогорку дин кызматчылар менен китепчилерден көп кордук көрүүгө жана өлтүрүлүп, үчүнчү күнү тирилүүгө тийиш экенин айта баштады+. 22  Ошондо Петир аны четке алып чыгып: «Мырзам, өзүңдү ая. Мындай нерсе эч качан башыңа түшпөсүн»,— деп каршы боло баштады+. 23  Иса Петирден жүзүн буруп: «Кет жанымдан, Шайтан!+ Сен мага тоскоол болуп жатасың, анткени сенин ойлоруң Кудайдыкы эмес+, адамдыкы»,— деди. 24  Анан Иса шакирттерине мындай деп айтты: «Ким менин артымдан ээрчигиси келсе, өзүнөн баш тартып, жаза устунун алсын жана дайыма менин жолумду жолдосун+. 25  Анткени ким өз жанын сактагысы келсе, ал андан айрылат, ал эми ким мен үчүн жанынан айрылса, ал аны сактап калат+. 26  Адам бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок жанынан айрылса, анда ага эмне пайда?+ Же ал өз жанынын ордуна эмне бере алат?+ 27  Адам Уулу периштелеринин коштоосунда Атасынын даңкы менен келет. Ошондо ал ар кимге жүрүм-турумуна жараша тиешелүүсүн берет+. 28  Ишенип койгула, бул жерде тургандардын айрымдары адам Уулунун падыша катары келатканын көрмөйүнчө өлүшпөйт»+.

Шилтемелер

^ Чарчы кашаалар алардын ичиндеги тексттин байыркы кол жазмалардын айрымдарында кездешпей турганын, бирок башкаларында бар экенин билдирет.
^ Грек тилинен которулганда бул ысым «аска таш» дегенди билдирет.
^ Грек. адис. Кара: 8-тирк.