1 Корунттуктар 1:1—31
1 Кудайдын эрки менен+ Иса Машаяктын элчиси болууга чакырылган+ Пабылдан, ошондой эле Состен+ бир тууганыбыздан
2 Кудайдын Корунттагы*+ жыйналышына, Машаяк Исанын шакирттери катары ыйыкталган+ жана бардык жерде баарыбыздын Мырзабыз+ Иса Машаяктын ысмын+ чакырып жаткандар менен бирге ыйык болууга чакырылган+ силерге:
3 Кудай Атабыздын жана Мырзабыз Иса Машаяктын+ ырайымы+, тынчтыгы+ силер менен болсун.
4 Мен Кудайдын силерге Машаяк Иса аркылуу+ ырайым көрсөткөнүн+ ойлоп, силер үчүн дайыма Кудайга ыраазычылык билдирем.
5 Себеби силер Машаяк аркылуу бардык жагынан байыдыңар+: сөздү жарыялоо жөндөмдүүлүгүнө, билимге толугу менен ээ болдуңар+.
6 Анткени Машаяк жөнүндөгү кабар+ жүрөгүңөрдөн бекем орун алды.
7 Ошондуктан эч бир белектен+ өксүгөн жоксуңар жана Мырзабыз Иса Машаяктын ачылышын+ чыдамсыздык менен күтүп жатасыңар.
8 Мырзабыз Иса Машаяктын+ күнүндө+ силерден эч кандай айып табылбашы үчүн+, Кудай силерди акырына чейин бекемдейт+.
9 Силерди өзүнүн Уулу Мырзабыз Иса Машаяк менен биримдикте болууга чакырган+ Кудай ишенимдүү+.
10 Бир туугандар, Мырзабыз Иса Машаяктын атынан+ силерди буга чакырам+: баарыңардын сөзүңөр бир болсун+, ич ара бөлүнбөгүлө+, тескерисинче, бир ой, бир пикир аркылуу биримдикте болгула+.
11 Себеби, бир туугандарым, Клоянын үйүндөгүлөрүнөн араңарда пикир келишпестиктер бар экенин уктум+.
12 Айтайын дегеним, баарыңар «мен Пабылдын шакиртимин», «мен Аполостукумун»+, «мен Кейфаныкымын*», «мен Машаяктыкымын» деп бөлүнүп жатыптырсыңар.
13 Ошентип, Машаяктын жыйналышы бөлүнүп жатат+. Силер үчүн устунга Пабыл кадалды беле? Же Пабылдын аты менен чөмүлтүлдүңөр беле?+
14 Криспос+ менен Гайдан+ башкаңарды чөмүлтпөгөнүм үчүн Кудайга шүгүр.
15 Андыктан араңардан эч ким менин атым менен чөмүлтүлгөнүн ырастай албайт.
16 Ооба, мен Истефандын үйүндөгүлөрүн+ да чөмүлткөм. Алардан башка дагы кимди чөмүлткөнүм эсимде жок.
17 Машаяк мени башкаларды чөмүлтүш үчүн эмес, жакшы кабар жарыялаш үчүн жиберген+. Бирок акылмандык менен сүйлөш үчүн жиберген эмес+, болбосо Машаяктын жаза устуну жараксыз болуп калмак.
18 Жаза устуну жөнүндөгү кабар — жок боло тургандар+ үчүн акылсыздык+, ал эми куткарыла турган+ биз үчүн Кудайдын күчү+.
19 Анткени Ыйык Жазмада: «Даанышмандардын даанышмандыгын жок кылам+, акылдуулардын+ акылын четке кагам»,— деп жазылган+.
20 Бул дүйнөнүн даанышмандары кайда? Мыйзам билермандары* кайда?+ Талаш-тартышты жакшы көргөн адамдары кайда?+ Кудай бул дүйнөнүн+ акылмандыгы акылсыздык экенин көрсөткөн жокпу?+
21 Кудайдын акылмандыгын мындан көрүүгө болот: дүйнө өзүнүн акылмандыгы+ менен Кудайды таанып-билбегендиктен+, Ал ишенгендерди биз жарыялап жаткан, башкаларга акылга сыйбагандай көрүнгөн кабар+ аркылуу куткарууну туура көрдү.
22 Жүйүттөр жышаан көрсөтүүнү талап кылышат+, гректер акылмандыкты издешет+.
23 Биз болсо устунга кадалган Машаяк жөнүндө кабар айтып жатабыз+. Бул — жүйүттөр үчүн мүдүрүлүүгө себеп+, ал эми башка элдер үчүн акылсыздык+.
24 Бирок чакырылгандар үчүн, алар жүйүт болобу, грек болобу, Машаяк — Кудайдын күчү+, Кудайдын акылмандыгы+.
25 Анткени Кудайдын акылсыздай көрүнгөн нерсеси адамдардыкынан акылдуу, алсыздай көрүнгөн нерсеси адамдардыкынан күчтүү+.
26 Бир туугандар, Кудайдын кимдерди чакырганын+ өзүңөр көрүп турасыңар: араңарда пенделик көз караш боюнча акылман+, күчтүү же тектүү болгондор көп эмес+.
27 Акылмандарды уятка калтырыш үчүн Кудай дүйнөдө акылсыз деп эсептелгендерди тандап алды+, күчтүүлөрдү уятка калтырыш үчүн дүйнөдө алсыз деп эсептелгендерди тандап алды+.
28 Кудай дүйнөдө тексиз деп эсептелгендерди, баркка алынбагандарды тандап алды, бар болгондорду жок кылыш үчүн+ жок болгондорду тандап алды+.
29 Кудай Өзүнүн алдында эч бир адам мактана албашы үчүн ошондой кылды+.
30 Ал силердин Машаяк Иса менен биримдикте болушуңарга шарт түздү. Машаяк болсо бизге Кудайдын акылмандыгын+, ошондой эле адилдикти+, ыйыктыкты+ ачып берип, кун аркылуу бошонушубузга жол ачты+.
31 Ыйык Жазмадагы: «Ким мактанса, Жахаба менен мактансын»+,— деген сөздөр аткарылышы үчүн ошондой болду.