Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Пабылдан үлгү алып, рухий жактан өсө бер

Пабылдан үлгү алып, рухий жактан өсө бер

Пабылдан үлгү алып, рухий жактан өсө бер

«Мен жакшы күрөштүм, жарыштын аягына чыктым, ишенимди сактадым» (2 ТИМ. 4:7).

1, 2. Шабыл жашоосунда кандай өзгөрүү жасайт жана кандай маанилүү ишке киришет?

АЛ КИШИ акылдуу жана чечкиндүү эле. Бирок дененин «күнөөлүү каалоолору боюнча жашачу» (Эф. 2:3). Кийинчерээк ал өзү тууралуу: «Мен мурда Кудайга тил тийгизгем, Ыйсага ишенгендерди куугунтуктагам, кордогом»,— деп жазган (1 Тим. 1:13). Бул жерде ким жөнүндө сөз жүрүп жатат? Тарстык Шабыл жөнүндө.

2 Убакыттын өтүшү менен Шабыл жашоосунда чоң өзгөрүү жасайт. Ал көп күч-аракет жумшоонун аркасында мурдагы жашоо мүнөзүн таштап, өз пайдасын эмес, «көптөрдүн пайдасын көздөп» жашай баштайт (1 Кор. 10:33). Катаал мүнөзү бара-бара жумшарып, мурун куугунтуктап жүргөн кишилерине сүйүү менен мамиле кылууга үйрөнөт (Оку: 1 Тесалоникалыктарга 2:7, 8). Ал: «Жакшы Кабар тарата турган кызматчы болуп калдым. Ыйыктардын эң кичинеси болгон мага берилген ырайым бул: Кудайдын ырайымы менен Машайактын изилденгис байлыгын бутпарас элдерге жар салуу»,— деп жазат (Эф. 3:7, 8).

3. Пабылдын каттарын жана анын кызматы жөнүндөгү билдирүүлөрдү окуу эмнеге өбөлгө түзөт?

3 Ооба, кийинчерээк Пабыл деген аты менен белгилүү болгон Шабыл рухий жактан зор ийгиликтерди жасаган (Элч. 13:9). Андыктан анын каттарын жана анын кызматы жөнүндөгү билдирүүлөрдү окуп, анын ишениминен үлгү алуу рухий жактан тез өсүүгө өбөлгө түзөт (Оку: 1 Корунттуктарга 11:1; Эврейлерге 13:7). Пабылдын үлгүсү өздүк изилдөөнү үзгүлтүксүз жүргүзүүгө, башкаларга карата чыныгы сүйүү өрчүтүүгө жана өзүбүзгө туура көзкарашта болууга кандайча жардам берерин карап чыгалы.

Пабыл Жазманы үзгүлтүксүз изилдеген

4, 5. Өздүк изилдөөдөн Пабыл кандай пайда алган?

4 Пабыл ата-бабаларынын мыйзамын тырышчаактык менен үйрөнгөндөн тышкары, «Гамалиелдин кол астында» тарбияланган фарисей болгон. Андыктан Ыйык Жазманы кандайдыр бир деңгээлде жакшы билгени күмөнсүз (Элч. 22:1—3; Флп. 3:4—6). Чөмүлтүлгөндөн кийин ал дароо «Аравияга» — Сирия чөлүнө же Аравия жарым аралынын ээн жерине — кеткен (Гал. 1:17). Кыязы, ал Ыйсанын Машайак экенин далилдеген аяттар тууралуу ой жүгүртүп, алдында турган ишти аткарууга даярдангысы келген (Оку: Элчилер 9:15, 16, 20, 22). Мындан анын рухий нерселер тууралуу ойлонууга убакыт бөлгөнү көрүнүп турат.

5 Жазманы өз алдынча кылдат изилдеп, так билимге жана түшүнүккө ээ болгондуктан, Пабыл чындыкты башкаларга жеткиликтүү түшүндүрө алган. Алсак, Писидия дубанындагы Антийохея шаарынын синагогасында кабар айтканда ал Ыйсанын Машайак экенин далилдеш үчүн Эврей Жазмаларынан, бери дегенде, беш аятты толук айтып, дагы бир нечесин учкай айтып кеткен. Анын Жазмаларга негизделген далилдери ушунчалык күчтүү болгондуктан, көбүрөөк билим алгысы келген «көптөгөн жүйүттөр жана бутпарастардын арасынан Кудайга кайрылган... прозелиттер» артынан ээрчип алышкан (Элч. 13:14—44). Арадан бир нече жыл өткөндөн кийин Римдеги жүйүттөрдүн тобу Пабылдын жашап турган үйүнө келишкенде, ал аларга да «Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө күбөлөндүрүп, „Тоорат“ жана „Пайгамбарлар“ китептеринин негизинде Ыйса жөнүндө ишенимдүү далилдерди келтирген» (Элч. 28:17, 22, 23).

6. Кыйынчылыктарга кабылганда рухий жактан бекем бойдон калууга Пабылга эмне жардам берген?

6 Пабыл кыйынчылыктарга кабылганда да Кудайдын руху менен жазылган Ыйык Жазманы изилдөөнү токтоткон эмес. Ошонун аркасында күч-кайрат алып турган (Эвр. 4:12). Ал өзүнө өкүм чыгарылганга чейин Римде камакта жатканда Тиметейден «китептерди», «айрыкча булгаары китептерди» ала келүүнү суранган (2 Тим. 4:13). Алар Пабыл терең изилдеп жүргөн Эврей Жазмаларынын бөлүктөрү болсо керек. Ыйык Жазманы үзгүлтүксүз изилдөөдөн алып турган билиминин аркасында ал рухий жактан бекем бойдон калган.

7. Ыйык Китепти үзгүлтүксүз изилдөөнүн кандай пайдасы бар?

7 Ыйык Китепти үзгүлтүксүз изилдеп, окугандарың тууралуу белгилүү бир максат менен ой жүгүртүү рухий жактан өсүүгө жардам берет (Эвр. 5:12—14). Кудайдын Сөзүнүн баалуулугу тууралуу забурчу мындай деп ырдаган: «Сенин оозуңдан чыккан мыйзам мен үчүн миңдеген алтындан да, күмүштөн да артык... Өз осуятың менен Сен мени душмандарымдан акылдуу кылдың, анткени ал дайыма мени менен... Сенин сөзүңдү сакташ үчүн, буттарымды ар кандай жаман жолдордон сактайм» (Заб. 118:72, 98, 101). Сен да Ыйык Китепти үзгүлтүксүз изилдейсиңби? Аны күнүгө окуп, окугандарың тууралуу ой жүгүртүү менен келечекте аткара турган жоопкерчиликтерге даярданып жатасыңбы?

Шабыл башкаларды сүйүүгө үйрөнгөн

8. Шабыл башка диндегилерге кандай караган?

8 Ыйсанын жолун жолдогонго чейин Шабыл өз динине катуу карманган, ошон үчүн башка диндегилерди жериген (Элч. 26:4, 5). Ал Степанды тийиштүү жазасын алып жатат деп эсептегендиктен аны таш бараңга алган жүйүттөрдү кубаттап карап турган. Ошол окуядан таасир алып, ал Ыйсанын жолдоочуларын ырайымсыздык менен куугунтуктай баштаган (Элч. 6:8—14; 7:54—8:1). Жазмада баяндалгандай, «Шабыл үйдөн-үйгө кирип, эркек болобу, аял болобу, бардыгын сүйрөп чыгып, түрмөгө камап, Жыйынды жок кылууга аракет кылган» (Элч. 8:3). Атүгүл башка шаардагыларды да куугунтуктаган (Элч. 26:11).

9. Шабыл кайсы окуядан кийин башкаларга болгон көзкарашын өзгөрткөн?

9 Ыйсанын шакирттерин куугунтукташ үчүн Шабыл Дамаскка бара жатканда, ага аян аркылуу Ыйса көрүнөт. Кудай Уулунун ошол табияттан тыш көрүнүшүнөн улам Шабыл сокур болуп, башкалардын жетелеп жүрүшүнө муктаж болуп калат. Анан Жахаба Ананияны жиберип, көзүн ачат. Ал кезде Шабылдын башкаларга болгон көзкарашы биротоло өзгөрүп калган эле (Элч. 9:1—30). Ал Ыйсанын жолдоочусу болгондон кийин баарына Ыйсадай мамиле кылуу үчүн өз мүнөзүн өзгөрткөн. Ага катаал мүнөзүнөн арылып, «бардык адамдар менен тынчтыкта болууга» үйрөнүүгө туура келген (Оку: Римдиктерге 12:17—21).

10, 11. Пабыл башкаларга чыныгы сүйүүсүн кантип көрсөткөн?

10 Бирок Пабыл башкалар менен тынчтыкта болуу менен эле чектелбестен, аларга чыныгы сүйүү көрсөтүүгө умтулган. Андай сүйүүнү ал кабар айтуу кызматы аркылуу көрсөтө алган. Ал биринчи миссионердик сапарында Кичи Азияны кыдырып кабар айтат. Катуу каршылыктарга туш болушса да, Пабыл менен анын шериктештери момун адамдарга Ыйсанын жолдоочусу болууга жардам берүүнү токтотушпайт. Алар, Листра жана Икониядагы каршы чыккандардын Пабылды өлтүрүүгө аракет кылганына да карабай, ал шаарларга кайра барышат (Элч. 13:1—3; 14:1—7, 19—23).

11 Кийинчерээк Пабыл жана анын шериктештери Македониядагы Филипи шаарына келип, жүрөгү таза адамдарды издешет. Ал жерден жүйүттөрдүн динин кабыл алган Лидия жакшы кабарды угуп, Ыйсанын жолдоочусу болот. Көп өтпөй жергиликтүү бийлик башчылары Пабыл менен Сыласты таяк менен сабатып, каматып коюшат. Түрмөдө Пабыл бир сакчыга кабар айтканда, ал үйбүлөсү менен кошо чөмүлтүлүп, Жахабанын кызматчысы болуп калат (Элч. 16:11—34).

12. Катаал Шабылга Машайактын кайрымдуу элчиси болууга эмне түрткү берген?

12 Бир кездерде өзү куугунтуктап жүргөн адамдардын динин Шабыл кандайча кабыл алып калган? Ага катаал мүнөзүн калтырып, кайрымдуу, боорукер элчи болууга, башкаларга Кудай менен Ыйса жөнүндөгү чындыкты жеткирүү үчүн өз өмүрүн тобокелге салууга эмне түрткү берген? Мунун себебин ал: «Өзүнүн ырайымы менен чакырып алган Кудай... мага Өзүнүн Уулун ачып берүүнү ылайык тапты»,— деп түшүндүргөн (Гал. 1:15, 16). Тиметейге жазган катында да: «Ыйса Машайакка ишенип түбөлүк өмүргө ээ боло тургандарга үлгү кылып көрсөтүү үчүн, Ал Өзүнүн чыдамдуулугун алгач мага көрсөтүп, мага ырайым кылды»,— деген (1 Тим. 1:16). Ооба, Жахабанын кечиримдүүлүгү жана ырайымдуулугу Пабылга жакшы кабар айтуу аркылуу башкаларга болгон сүйүүсүн көрсөтүүгө түрткү берген.

13. Башкаларга сүйүү көрсөтүүгө бизге эмне түрткү берет жана аны кантип көрсөтө алабыз?

13 Жахаба биздин да каталарыбыз менен күнөөлөрүбүздү кечирип келет (Заб. 102:8—​14). Забурчу: «Теңирим, эгерде Сен мыйзамсыздыктын баарын эсиңе сактай берсең, Теңирим, анда ким туруштук бере алат?» — деген (Заб. 129:3). Чынында эле, Кудай ырайым кылбаса, бирибиз да ыйык кызматтын кубанычын сезе да, түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнө да алмак эмеспиз. Кудай ар бирибизге зор ырайымдуулук көрсөтүүдө. Андыктан биз да, Пабылдай болуп, башкаларга кабар айтуу жана чындыкты окутуу менен, ошондой эле ишенимдештерибизди кубаттоо менен сүйүү көрсөтүшүбүз керек (Оку: Элчилер 14:21—23).

14. Кызматыбызды кантип кеңейте алабыз?

14 Пабыл кабар таратууда жакшы кызматчы болгусу келген. Андыктан кабар айтуу менен адамдарга зор сүйүү көрсөткөн Кудайдын Уулунан үлгү алган. Ыйса: «Түшүм көп, бирок жумушчулар аз. Ошондуктан түшүмдүн Кожоюнуна жалынгыла, Ал Өз түшүмүн жыйнаганга жумушчуларды жиберсин»,— деген (Мт. 9:35—38). Пабыл Ыйсанын ушул айткандарына ылайык тиленсе керек. Ошондуктан тиленүүсүнө жараша иш кылып, жигердүү кызматчылардан болгон. Ал эми сен жөнүндө эмне десе болот? Кызматыңдын сапатын мындан да жакшырта аласыңбы? Падышалык тууралуу кабар айтуу ишине көбүрөөк катышуу үчүн же пионердик кызматты баштоо үчүн жагдай-шартыңды өзгөртө аласыңбы? Келгиле анда, башкаларга «өмүр сөзүн бекем тутууга» жардам берүү менен чыныгы сүйүү көрсөтө берели (Флп. 2:16).

Пабыл өзүнө карата туура көзкарашта болгон

15. Пабыл өзүнө жана ишенимдештерине кандай көзкарашта болгон?

15 Пабыл бизге дагы бир жактан жакшы үлгү көрсөткөн. Ал жыйналышта көптөгөн артыкчылыктарды эмгеги сиңгендиктен же жөндөмдүү болгондуктан эмес, Кудайдын ырайымдуулугунан улам алганын жакшы түшүнгөн. Ошондой эле Ыйсанын башка жолдоочуларынын да кабарды мыкты айтарын билген. Ал Кудайдын элинин арасындагы ээлеген абалына карабастан, момун бойдон калган (Оку: 1 Корунттуктарга 15:9—11).

16. Сүннөткө байланыштуу жагдайдан Пабылдын момундугу кандайча көрүнгөн?

16 Сириядагы Антийохея шаарында көтөрүлгөн бир маселени Пабылдын кандайча чечкенин карап көрөлү. Ал шаардагы жыйналышта сүннөткө отургузууга байланыштуу талаш суроо туулуп, биртуугандар арасында келишпестиктер пайда болот (Элч. 14:26—15:2). Пабыл сүннөткө отургузулбаган бутпарастарга кабар айтууда жетекчилик кылууга дайындалган эле. Ошондуктан ал: «Жүйүт эместерди жакшы эле билип калдым, бул көйгөйдү өзүм эле чече алам»,— деп ойлошу мүмкүн эле (Оку: Галатиялыктарга 2:8, 9). Бирок ал ишти өз алдынча чече алары күмөн болгондуктан, момундук көрсөтүп, бекитилген тартипке ылайык, Иерусалимдеги жетектөөчү кеңешке кайрылат. Жетектөөчү кеңештеги аксакалдар маселени карап, бир бүтүмгө келгиче, Пабыл алар менен тыгыз кызматташат. Анан башка биртуугандарга кошулуп, чыгарылган чечим тууралуу жыйналыштарга айтып барууга макул болот (Элч. 15:22—31). Ошентүү менен Пабыл биртуугандарды «озунуп урматтаганын» көрсөткөн (Рим. 12:10б).

17, 18. а) Пабыл жыйналыштагылар менен кандай мамиледе болгон? б) Эфестеги аксакалдардын Пабылга болгон сезимдери эмнени көрсөтүп турат?

17 Пабыл башкаларга суз мамиле жасаган, менменсинген киши болгон эмес. Ошондуктан жыйналыштагылар менен абдан ынак мамиледе болгон. Римдиктерге жазган катынын соңунда ал 20дан ашуун биртуугандын атын атап, салам жолдогон. Алардын көбү жөнүндө Ыйык Жазманын башка бир да жеринде айтылган эмес жана алардын айрымдары гана кандайдыр бир артыкчылыктарга ээ эле. Бирок алар Жахабанын ишенимдүү кызматчыларынан болгондуктан, Пабыл аларды абдан жакшы көргөн (Рим. 16:1—16).

18 Пабылдын жөнөкөйлүгү жана достук маанайы жыйналыштын биримдигин бекемдеген. Эфестеги аксакалдар менен акыркы жолу жолукканда ал: «Мени мындан кийин көрбөйсүңөр»,— деген. Муну уккан аксакалдар катуу кайгырып, аны «мойнунан кучактап өпкүлөп», буркурап ыйлашат. Эгер Пабыл менменсинген, башкаларды оңой менен жактырбаган киши болсо, алар анын кеткенине кайгырмак турсун, сүйүнүшмөктүр (Элч. 20:37, 38).

19. Ишенимдештерибизди өзүбүздөн «жогору санаарыбызды» кантип көрсөтөбүз?

19 Рухий жактан өсүүнү каалагандардын баары Пабылдай момун болууга тийиш. Ал: «Эч бир нерсени атаандаштык жана көйрөңдүк менен кылбагыла, тескерисинче, момундук менен башкаларды өзүңөрдөн жогору санагыла»,— деп чакырган (Флп. 2:3). Биз канткенде бул кеңешке ылайык иш кылган болобуз? Мунун бир жолу — жыйналыштагы аксакалдар менен кызматташып, алардын жетекчилигине баш ийүү жана жыйналыштын рухий тазалыгына байланыштуу чыгарылган чечимдерди колдоо (Оку: Эврейлерге 13:17). Экинчиси — ишенимдештерибизге сый-урмат көрсөтүп, аларды жогоруу баалоо. Жахабанын эли, адатта, ар кандай расадагы, улуттагы жана маданияттагы адамдардан турат. Ошондуктан биз да, Пабылга окшоп, биртуугандардын баарына бирдей мамиле кылып, сүйүү көрсөтөлү (Элч. 17:26; Рим. 12:10а). Пабылдын: «Кудай даңкталышы үчүн, Машайак силерди кабыл алгандай, силер да бири-бириңерди кабыл алгыла»,— деген сөздөрүн унутпайлы (Рим. 15:7).

«Жарыштын аягына чыдамдуулук менен чыгалы»

20, 21. Түбөлүк өмүргө алып баруучу жарышты ийгиликтүү аяктоого эмне жардам берет?

20 Ыйсанын жолдоочуларынын жашоосун узак жарышка салыштырууга болот. Пабыл: «Мен жакшы күрөштүм, жарыштын аягына чыктым, ишенимди сактадым. Азыр болсо мага адилеттиктин таажысы даярдалып жатат. Адилет Сот — Теңир аны мага ошол Күнү берет, мага эле эмес, Анын келишин чыдамсыздык менен күткөндөрдүн баарына берет»,— деп жазган (2 Тим. 4:7, 8).

21 Пабылдын үлгүсү түбөлүк өмүргө алып баруучу жарышты ийгиликтүү аяктоого жардам берет (Эвр. 12:1). Андыктан, келгиле, мындан ары да өздүк изилдөөбүздү үзгүлтүксүз жүргүзүп, башкаларга чыныгы сүйүү көрсөтүп, момун бойдон калуу менен рухий жактан өсө берели!

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Ыйык Жазманы үзгүлтүксүз изилдөөдөн Пабыл кандай пайда алган?

• Башкаларга терең сүйүү көрсөтүү Ыйсанын жолдоочулары үчүн эмне себептен маанилүү?

• Биртуугандардын баарына бирдей мамиле кылууга бизге кайсы сапаттар жардам берет?

• Аксакалдар менен кызматташууда Пабылдан кандай үлгү алсаң болот?

[Изилдөө суроолору]

[23-беттеги сүрөт]

Пабылдай болуп, Ыйык Жазмадан күч-кайрат ал

[24-беттеги сүрөт]

Жакшы кабарды таратуу менен башкаларга сүйүү көрсөт

[25-беттеги сүрөт]

Пабылды ишенимдештери эмне үчүн жакшы көргөнүн билесиңби?