Филипиликтер 3:1—21
3 Ошентип, бир туугандарым, Теңирге кызмат кылууда дайыма кубангыла+. Бир эле нерсени кайра-кайра жазуу мен үчүн оор эмес, анткени бул силерди коргойт.
2 Бузулган адамдардан*+ сак болгула, зыян келтире тургандардан сак болгула, сүннөткө отургузууну жактагандардан сак болгула+.
3 Чыныгы сүннөткө отургузулгандар+ бизбиз, анткени ыйык кызматты Кудайдын руху менен аткарабыз+. Биз Машаяк Иса менен мактанабыз+, адамга таандык нерселерге таянбайбыз+.
4 Дегинкиси, адамга таандык нерселерге таянууга башкаларга караганда менде толук негиз бар.
Эгер кимдир бирөө өзүндө адамга таандык нерселерге таянууга негиз бар деп эсептесе, анда менде алда канча көп негиз бар+:
5 сегизинчи күнү сүннөткө отургузулганмын+, Ысрайыл тукумунанмын, Бенжемин уруусунанмын+, еврейлерден төрөлгөн евреймин+, мыйзам жагынан алганда, фарисеймин+,
6 ынталуулук жагынан алганда, жыйналышты куугунтуктоочумун+, мыйзам аркылуу келген адилдик жагынан алганда, кемчиликсизмин.
7 Бирок мен ээ болгон нерселеримден Машаяк үчүн баш тарттым+.
8 Мырзам Машаяк Иса жөнүндөгү теңдешсиз билим үчүн+, чынында эле, бардыгынан баш тарттым. Машаяк үчүн баарын четке кактым, ага ээ болуу үчүн баарын таштанды деп эсептейм+.
9 Мунун аркасында Машаяк менен биримдикте болом. Буга мыйзамды аткаруудан келген адилдигим аркылуу эмес+, Машаякка ишенүүдөн келген+, ишенимге негизделген+ жана Кудайдан келген адилдик аркылуу жетем.
10 Максатым — Машаякты жана анын тирилүүсүнүн күчүн+ таанып-билүү, аныкындай өлүмгө моюн сунуу менен+ анын азаптарына ортоктош болуу+,
11 биринчи тирилүүгө+ кандай жол менен болбосун жетер-жетпесимди билүү.
12 Сыйлык алдым же жеткилең болуп калдым деп айтпайм+, бирок Машаяк Иса мени кайсы нерсе үчүн тандап алган болсо+, ошого ээ болор-болбосумду+ көрүүгө умтулуп жатам+.
13 Бир туугандар, азырынча өзүмдү ага ээ болдум деп эсептебейм. Бир гана нерсе айкын: арттагыны унутуп+, алдыдагыны көздөө менен+
14 Кудайдын Машаяк Иса аркылуу бере турган сыйлыгына+, асманга чакырылуу сыйлыгына+, ээ болуу үчүн максатыма умтулуп жатам+.
15 Келгиле анда, кимибиз рухий жактан жетилген болсок+, ушундайча ой жүгүртөлү+. Эгерде кайсы бир жагынан башкача ой жүгүртүп жатсаңар, Кудай силерге туура ой жүгүртүүнү ачып берет.
16 Эмнеге жеткен болсок, ошого карманып+, багытыбыздан жазбайлы.
17 Бир туугандар, баарыңар менден үлгү алгыла+ жана биз көрсөткөн үлгү+ боюнча жашап жаткандарды карагыла.
18 Анткени көптөр Машаяктын жаза устунунун душмандарындай жашап жатышат+; алар жөнүндө мен силерге көп жолу айткам, азыр болсо көз жашымды төгүп айтып жатам.
19 Алардын акыры — өлүм+, алардын кудайы — курсак+, алардын даңкы — уятсыз иштери+; алар жерге таандык нерселерди ойлошот+.
20 Биз болсо асман+ жарандарыбыз+. Ал жактан куткаруучунун, Мырзабыз Иса Машаяктын, келишин+ чыдамсыздык менен күтүп жатабыз+.
21 Ал зор күчү менен+ биздин төмөн абалдагы денебизди өзгөртүп+, өзүнүн даңктуу денесиндей кылат+, бардыгын өзүнө баш ийдирет+.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «иттерден».