1 Корунттуктар 11:1—34
11 Мен Машаяктан үлгү алгандай, силер да менден үлгү алгыла+.
2 Бардык иштериңерде мени эсиңерден чыгарбай, мен берген көрсөтмөлөргө бек карманып жатканыңар үчүн+ мактоого татыктуусуңар.
3 Бирок ар бир эркектин башчысы Машаяк+, аялдын башчысы эркек+, Машаяктын башчысы Кудай+ экенин билишиңерди каалайм.
4 Баш кийимчен тиленген же пайгамбарлык кылган ар бир эркек өз башын*+ уят кылат.
5 Ошондой эле жылаңбаш тиленген же пайгамбарлык кылган ар бир аял+ өз башын*+ уят кылат, анткени бул чачын кырдырып* салганга барабар+.
6 Эгер аял башын жапкысы келбесе, чачын кырктырып салсын. Чачын кырктырып же кырдырып салгандан уялса+, анда башын жапсын+.
7 Эркек башын жаппашы керек, анткени ал — Кудайдын бейнеси+ жана даңкы+. Ал эми аял — эркектин даңкы+.
8 Себеби эркек аялдан эмес, аял эркектен жаралган+.
9 Анын үстүнө, эркек аял үчүн эмес, аял эркек үчүн жаратылган+.
10 Ошондуктан периштелер үчүн+ аялдын башында күйөөсүнө баш иерин көрсөткөн белги болушу керек+.
11 Бирок Мырзабыздын алдында эркектен бөлүнгөн аял, аялдан бөлүнгөн эркек жок+.
12 Анткени аял эркектен жаралгандай эле+, эркек аял аркылуу жаралган+; бирок баары Кудайдан+.
13 Өзүңөр ойлонуп көргүлөчү: аялдын Кудайдан жылаңбаш тиленгени туурабы?
14 Чачтын узун болгону эркек үчүн уят,
15 ал эми аял үчүн даңк+ экени табигый нерсе экенин билбейсиңерби? Анткени чач аялга баш кийим ордуна берилген+.
16 Эгер кимдир бирөө башка салтка карманыш керектигин айтып+ талашкысы келсе+, билип койсун, бизде да, Кудайдын жыйналыштарында да башка салт жок.
17 Бул көрсөтмөлөрдү берип жатып силерди мактай албайм, анткени чогулганыңардын пайдасынан зыяны көп болуп жатат+.
18 Баарынан мурда, жыйналышка келгенде өз ара бөлүнүп жатканыңарды уктум+. Мен буга кандайдыр бир деңгээлде ишенем.
19 Бирок кимиңердин Кудайга жагарыңар айкын болушу үчүн+, араңарда секталар* да болот+.
20 Чогулганыңарда Мырзабыздын кечки тамагын* тийиштүү түрдө жеп-ичүү+ мүмкүн эмес экен.
21 Анткени аны жеп-ичкенге чейин эле өз тамагыңарды жеп алып, бириңер ачка калсаңар, бириңер мас болуп калат экенсиңер.
22 Же, эмне, жеп-ичкенге үйүңөр жокпу?+ Же Кудайдын жыйналышын баркка албай, колунда жокторду+ уялткыңар барбы? Эми силерге эмне дейин? Мактайынбы? Мунуңар үчүн мактабайм.
23 Силерге үйрөткөндөрүмдү мен Мырзабыздан алгам: өзүнө чыккынчылык кылынар түнү+ Мырзабыз Иса нанды алып,
24 Кудайга ыраазычылык билдирген соң, аны сындырып+: «Бул силер үчүн берилип жаткан денемди билдирет+. Муну мени эскериш үчүн кылгыла»,— деп айткан+.
25 Кечки тамактан кийин чөйчөктү да алып+: «Бул чөйчөк менин канымдын негизинде түзүлүүчү+ жаңы келишимди билдирет+. Мындан ичкен сайын, муну мени эскериш үчүн кылгыла»,— деген+.
26 Анткени ошол нандан жеп, ошол чөйчөктөн ичкен сайын+, Мырзабыз келгенге чейин+, анын өлүмүн жарыялайсыңар+.
27 Андыктан ким татыксыз түрдө ошол нандан жесе же Мырзабыздын чөйчөгүнөн ичсе+, ал Мырзабыздын денеси менен канына каршы күнөө кылган болот+.
28 Адам адегенде өзүн текшерип, татыктуу экенине ынансын+. Ошондон кийин гана ал нандан жеп, чөйчөктөн ичсин.
29 Себеби ким дененин кандай мааниге ээ экенин түшүнбөй туруп ичип-жесе, өзүн өзү айыптуу кылат+.
30 Ошондуктан араңарда алсыздар, оорулуулар көп, өлүм уйкусунда жаткандар*+ да аз эмес.
31 Эгер өзүбүздү өзүбүз текшерсек, айыпталмак эмеспиз+.
32 Ал эми айыпталып жатсак+, бул дүйнө менен кошо+ соттолбошубуз үчүн+, Жахаба бизди оңдоп жатат+.
33 Андыктан, бир туугандарым, ал тамакты жегени чогулганыңарда+ бири-бириңерди күткүлө.
34 Ким ачка болсо, үйүнөн тамактансын+. Ошондо айыпталыш үчүн чогулган болбойсуңар+. Калган иштерди өзүм барганда жөнгө салам.
Шилтемелер
^ Же: «башчысын».
^ Же: «башчысын».
^ Адеп-ахлаксыздык кылган аял ушундайча жазаланчу.
^ Же: «бөлүнүүлөр».
^ Мырзабыз Иса Машаяктын өлүмүн эскерүүнү билдирген тамак; анын өлүмүн эскерүү.
^ Бул алардын өлгөнүн эмес, Кудай менен болгон мамилесинен айрылганын билдирет.

